Бардык жаңылыктар

Берлинди басып, Сталинден сыйлык алган согуш ардагери Молдон Мураталиевдин бейнесине сүртүмдөр…

Саналуу күндөрдөн кийин элибиз Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамын белгилегени турушат. Арабызда жыл өткөн сайын согуштун жана тылдын каарман ардагерлери, биздин улуу муун ата-бабаларыбыз калбай баратышат. Эң кыйыны СССР жоюлгандан кийин көп мамлекеттер айрыкча прибалтика, акыркы убакытта Польша, Чехославакия, Украина жана башка өлкөлөр 80 жыл мурун немецтик-фащизимдин баскынчылыгында калганда, аларды жалпы Советтер Союзунун эли Ата-Мекендик согушта 5 жылдын ичинде 50 миллион адамдын өмүрүн курман кылып, адамга эң кымбат эркиндикти, эгемендүүлүктү, бул мамлекеттеринин элдерине тартуулагандыгын бүгүн эмнегедир алар унутушууда. Чынында өткөн тарыхка таянсак, немецтик-фашизм Европаны, Советтер Союзун, басып алганда, биздин Союздаштарыбыз экинчи фронтту ачпай жатканда (Америка, Англиия), алар жон эле согушпай туруп немецтик-фашисттердин карамагында багынган боюнча кала бермек. Ал жөнүндө башка сөз. Көп окурмандар “ФАШИСТ” деген сөздүн маанисин анча түшүнүшпөсө керек. Ал сөз италянецтердин “фашио” же орусча “пожираю” деген сөздөн алынган, ал эми кыргызчага которсок, бул баардыгын кырып, жутуп, жок кылам деген сыяктуу жаман түшүнүк. Урматтуу окурман, албетте, биз азыр эгемендүү мамлекетбиз, биздин элдин арасында да көп ойлор бар, бул өткөн Ата-мекендик согуш тууралуу. Бирок, ал апаттуу согуш биздин кыргыз элинин ар бир үйүнө өзүнүн кесепетин тийгизген. Канча азаматтар жерибизди коргоп, курман болуп, согуш талаасынан келбей калышты, канча энелерибиз жесир, балдары жетим, ата-энелер жаш жоокер бала, кыздарынан ажырап калышкандыгын билебиз. Мындай согуштун какшаал кесепети кайталанбашы үчүн, биз эч качан унутпашыбыз керек. Өткөн согуштун жана тылдын баатырларын эскерип, аларды дайым эскерип, жүрөгүбүздө сактап, муундан муунга айта жүрүшүбүз абзел жана бул биздин атуулдук милдетибиз болушу зарылго деп ойлоймун. Быйыл 9-май 2020-жылы Улуу Ата-мекендик согуштун Улуу Жеңишине 75 жыл болгону турат. Мурунку СССР деги көп мамлекеттер Улуу Жеңишти тосуп алуу үчүн чоң даярдыктар көрүшүүдө жана аны сөзсүз өткөрүшөт. Мен сиздерге тарых баракчасынан атаман укканымы, ушул күндөргө чейин белгисиз себептер менен 75 жылдан бери белгиленбей, айтылбай жана жазылбай келе жаткан Берлинде өткөн Улуу Жеңиш Парады жөнүндө эскергим келет. Ал Берлиндеги Улуу Жеңиш Парадка менин атам Мураталиев Молдон (Молдали) катышып, баатырларча согуштун женүүчүсү болуп өткөн. Бул күн 7-сентябрь 1945-жыл эле. Улуу муундар, айрыкча тарыхчылар жакшы билишет чыгар, 1945- жылдагы белгиленип өткөрүлгөн Улуу Жеңиш майрамдары туралуу. Көпчүлүгүбүз 24-июнь 1945-жылы ал кездеги СССРдеги борборубуз Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиш Парады тууралуу жакшы билебиз, мектептеги окуу китептеринде көп жазылган, жылда бул тарыхий окуя жөнүндө көп айтылат. Ал эми Берлиндеги Улуу Жеңиш Парады жөнүндө менин билишимче көөбүбүз билбешибиз мүмкүн. Себеби, буга көп себептери бар, ал жөнүндө кийин. Азыр кудайга шүгүр интернет деген чыгып, биз көп маалыматтар менен таанышып, үй бүлөлүк архивтерибизди толуктасак болот. Интернетке байланыштуу алдын ала айта кетейин, атамдын 2-даражадагы Даңк Орденин кандай эрдик үчүн алганын жана ошол Берлиндеги Улуу Жеңиш Парадына даярланып жаткандагы сүрөттөрүн биз интернеттен жана Россиянын согуш архивинен таптык. Аттиң, 10 жыл мурун атам кайтыш болбогондо, бул кызыктуу эскерүүлөрдү, кийинки табылган архивдик материалдарды өзүнүн көзү менен көрмөк экен. Атамдын көрсөткөн эрдиктери үчүн, ал эрдиктери тууралуу командирлеринин Орден, Медалдарга көргөзгөн представлениялары менен атамдын тааныштыгы болбосо керек. Мен бул тарыхый, биздин үй-бүлөлүк материалдардан сиздерге көрсөтүүгө аракеттенем. Согуш жөнүндө, андагы биздин аталарыбыздын аянбаган эрдиктери жүнүндө аянбай айтаберсек да аз болот. Бирок бүгүн кыскача эскерүүмдө чоң Берлиндеги Улуу Жеңиш Парады тууралуу, менин атам Мураталиев Молдондун айтып берген эскерүүлөрүн эске алып, сиздерге, урматтуу окурмандарга тартуулоо кылып, мен өзүмө чоң милдет кылып койдум. Менин эскерүүлөрүм, атамдын коңүлү келген убактарында өз оозунан уккандарым, кээде суранычтар боюнча жергиликтүү гезиттерге берген эскерүүлөрү, интервьюлорунан билем. Атам раматылык,, согуш жөнүндө көп айта берчү эмес, ал эми сөз кезеги келип калса, улуу нерселерди эскерчи. Мисалы: майданда (биринчи жылдарда атам пехотада согушкан экен) окко учкан, жарадар болуп талаада калган жаш жоокерлер –биринчи оозуна чыккан үнү, кыйкырыгы, онтоосу бул, “АПА”, “МАМА” деп, же ар кимиси өз энесинин тилинде чыгарып, анан жан беришчүү эле, бир да жоокер майданда бирге согушуп жүрүп “ АТА,” же башка жакындарын эстеп, анан жоокерлердин кыйкырык салып чакырыгын укканым жок,- деп, кайгырып айтып калаар эле. Балам, согуштун бети курусун, деп көөп айтып калаар эле. Атамдын, кан кечкен адамдын, бул айтканы, адамдын башына, айрыкча жаштардын башына мындай апаат иш келбесин балам, согушта көбүбүз араң эле 18-25 жаштагылар болбодукбу. Согуштун бети курусун, азыркы тынчтыкка, заманыбызга шүгүр, силерге кут кылсын бул заман деп, көп айтаар эле. Мен көөп нерсени айтып береер элем, атамдын эскерүүлөрүнөн. Азыр өзүбүз да далай турмуш жолун өтүп бала чакалуу, неберелүү болуп, пайгамбар жашынан өтүп жаштарга бир жакшы үлгүбүз калса экен деген ой тилектебиз. Карасам, кече эле 10 жыл мурун мен атамды өлбөйт, деп эле жүрчүмүн, караса турмушта, “Эч ким ата энесин канжыгасына байлап жүрбөйт”-деген бабалардын айткандары туура экен. Убакыт өтүп, өзүнүкүн алат турбайбы. Азыр эстесем, менин атам чыны өз убагынын кыйын, даанышман, улуу адам болгон экен. Атам жөнүндө кийин. Азыр атамдын согуштун акыркы Жеңиш күндөрү боюнча эскерүүлөрүн улантайын. Атам согушуп өткөн жерлерин, жолдошторун, командирлеринин, басып өткөн шаарларынын аттарын, согушкан куралдарын жакшы билээр эле. Атам көзү өткөнчө гезит, кыргызча, орусча китептерди көп окуйт эле, күчтүү санжырачы, тарыхты жакшы билген инсан болчу. Атам Мураталиев Молдон (Молдали) 1922-жылы 9-майда азыркы Талас облусунда, Кара-Буура району, Арчагул айлында колхозчунун үй-бүлөөсүндө көп балалуу үйдө туулган. Ата энесинен эрте калып, 7-классты ШКМде (школа комунистической молодежи) окуп бүтүргөн. Атамдын балалык кезинде Грозный айлында (азыркы Аманбаево айылы) орустар көп болоор эле, чоң атам Муратаалы ошолор менен буудай айдап, эл баккан адам экен. Ал эми атам болсо орустар менен чогуу өсүп, алардын тилин үйрөнүп, орусча таза сүйлөп калган экен. Атам жетим калып, эмгек жолун 15-16 жашында эрте баштаган. Ошол алган билими менен азыркы Таластагы, Кок-Сай айылынын тургундарын, чабандарын, сабатсыздыктан, (ликвидация безграмотности) жою боюнча эл аралап окутуп, иштеп, жан багышкан экен. Чоң Атам, чон апам, эрте кайтыш болушуп, көп бир туугандарынан эки апчеси (эжеси), бир карындашы калат. Экинчи Айдай эжеси казакка тийип, улуу эжеси Тоту Ошко, Куршабка турмушка чыккан экен. 1937-38-жылдары Тоту апам атамды жана карындашы Уриканы колуна алып, жетимдерди Ошко, Куршабка алып кетет. Атам Таластагы көнгөн ишин Куршабда сабатсыздыкты жою боюнча мугалим болуп улантыптыр. Ал эми карындашы Урика апам, ошол кезде трактордун окуусун бүтүп кесиби боюнча пахта талаасында иштеп, эжесине жардам берген. Кийин Кара-Сууга турмушка чыгат. 1941-жылы согуш башталганда, атам ошол Куршаб райвоенкоматынан (КРВК) согуш майданына чакырылат. Өзү айтып калаар эле, биринчи күндөрү согушта курал деле жетчү эмес. Жогоруда айтылган какшаалдарды “АПА, МАМА”-деп, окко учуп жаткан жоокерлердин акыркы үндөрүн согуш майдан талаасынан укса керек. Курал жетпей жүргөндө, бир рукопашный салгылашуу окуясына катышканын айтып бергени эсимде. Биздин аскерлер чабуулга өтүп, немецтер менен аралашышып калышат, атама курал жетпеген учуру экен, ошол тополондо бир чоң немец менен бетме-бет келип, кармашып калат, анда штыковой мылтыгы бар, атамда болсо куралы жок. Немец атамдан альбеттүү жана улуурактай көрүнсө керек. Секундада жаман ойлор келип кетти, бирок коркпой алышып калдым дейт, мен да анын көзүнөн менден коркконун көрдүм, ошол кезде, жулмалашып жатканда биздин жоокердин бири чуркап өтүп баратып немецти койдуруп уруп өткөндө ал жыгылат, мен немецтин колундагы штыковойду жулуп алып, жара сайдымда үстүнөн аттап өтүп, кийинки салгылашууга немецтин куралы менен кирдим. Биз ал жерден жеңип алдык себеби, бизде тартип күчтүү болчу анан күнүгө машыкчыбыз. Дагы кызык нерсе ар салгылашуунун алдында, ротанын старшинасы сөзсүз түрдө тамеки жана арагын аралап жүрүп таратып берчи. Мен согушта тамеки тартпай, арак ишчү эмесмин деп, эстейт эле атам. Ушундай кыйын окуялар согуш талаасында көп болот эле, буга да адам айла жок көнөт экен. Ким билет бул согушта менин аман калганымдын бирден бир себептери, бул согушка чейин орусча билгеним жана 7 класстык сабатым болсо керек. Себеби согушка чакырылган жаштардын көбү сабаттары өтө аз болчу эле, айрыкча пехотада. Азыр айтсам болот, менин аскердик милдетимди так, тайманбас аткаргандыгымдан билимим 7 класс (согушка чейин мугалим) жана орусчаны жакшы билгендигимден, мени танка окусууна Владимир шаарына командирим алдынкы жоокер катары жиберген. Согуштун кызуу кези, биздин аскерлер көп жеринен запкыланып жатышкан убакыт эле. Бизди Владимир шаарына жөнөтүп, жарым жылдай танканын баардык түрүнө окутуп даярлашты. Анысы аз келгенсип, немецтердин ошол кездеги танкаларынын баардык болгон түрүн окуудук, танкага каршы куралдары менен тааныштык, а түгүл кээ бир сүйлөшүү сөздөрүн да окуп үйрөндөк, аз убакытта танканын жана орудиянын командири болуп даярланып чыктым. Окууну бүтөрүбүз менен биз танка алып фронтко кирдик. Мага старшина деген звания берилип, биз 2-гвардейский брони-танковый армиянын,6-Гвардиалык оор танкалардын полкунун курамы менен согушка кирдик. Биринчи танкабыз “КВ-122” оор танка эле. Москвадан Берлинге чейин атам согуш жолун өтүп, бир нече жолу танкасы күйүп, улам жаңы танкаларга алмаштырыполтуруп, согуштун кыйынчылыктарын көрүп, Германияны талкалап, Берлинди алып жеңишке жетишишкен. Алдын ала атам КВ-122, Т-34 танкаларынын командири болгон экен андан кийин ИС-3 (Иосиф Висарионович Сталин атындагы оор танк) танкасы менен согушту аяктаган. Атам танкалардын характеристикаларын аябай жакшы билчүү жана душмандардын куралдарына каршы күрөшүү ыкмалары жөнүндө да айтканы эсимде. Мисалы, немецтердин танкага каршы ФАУСПАТРОН деген куралынан коркпой, коргонсоң болот дечү. Фаустун снаярды жай учуп келет, анан броньго тийгенде канчалык бронь калын болсо, ал ошончолук жакшы кирип, анан ичинен жарылат, эч ким аман калбайт. Ал эми фаустун снаярды учуп келе жатканда байкап калып, коркпой шинел менен тосо калсаң снаряд бышылдап барып өчүп калат, дечү эле. Анан айтып калаар эле, бул немецтердин ошондогу биринчи ядер сымал куралы экен деп. Атам согушта эбегейсиз коп эрдиктерди коргозгон экен. 1945-жылы январь айынан апрель айына чейин эбегейсиз эрдик көрсөткөндүгү, немец баскынчыларын талкалагандыгы үчүн жана 44 шаарды бошотконго атамдын катышкандыгы үчүн Советтер Союсузунун Маршалы жолдош И.Сталиндин буйругу менен 11 алкыш берилген. (төмөндөгү тарыхый алкыш барактары) Дагы бир кызык нерсе атам айтып калар эле, ЖЕҢИШТИН АЛДЫНДА мага бабабыз Манас Аян берип көрүнгөн. Кийин-кийин согуштан кайрылып келгенде мындай корүнүштү башка адамдардан да уктум, ар кимге аян ар түрдүү көрүнгөн экен, согушта да бизди бабабыз МАНАС колдогон экендигин айтып анан сыймыктанып, бата кылып коёр эле. Бул аян көрүнгөн окуя төмөнкүчө болгон экен, биздин аскерлер Берлинди 1945-жылы апрельдин аягы, майдын башында эле алып коюшкан экен. Бирок, эмнегедир согуш талабы аягына чыкпай, Германияны союздаштарөз ара бөлүшө албай жатышса керек. Атамдын 6-Гвардиялык оор танковый полку талкаланган Берлиндин буларга бөлүнгөн көчөлөрүн көзөмөлдөп жатышкан убагы экен. Атам айтат, ошондо чоң ИС-3 танканын люкун жаап, ичинде уктап кетипмин, бир маалда түшүмө Манас атам, Аккуланын үстүндө, коштогон 40 чоросу болуп, батышты карап дүрбү салып турган экен. Анан бир маалда батышты карай ураан көтөрүп, аттарын дүбүрөтүп жөнөштү-дейт, ошол маалда дүпүрттөн чоочуп ойгонуп кетсем, люкту бирөө каттуу ургулап жатыптыр, ача калсам 40 жаштагы кары мойор бар эле дейт, ошол киши темир менен ургулап жатыптыр. Бир маалда мени көрүп, мага сынок Победааааа! деп, кучактап, өөп жиберди дейт. Анан довайте танкаларды баланча плацка айдагыла деп, кийинки танкага чуркап кетти дейт. Мен танкалып сүйүнгөнүмдөн өзүмдү бир азга жоготуп жибериптирмин. Бул орустар айтмакчы,-”Очевидно и невереятное”дегендей, атама аян көрүнгөнү очевидно, а эми бабабыз шер Манас киргени невероятно, болуш керек деп эсептейм. Танкистер Мойордон жакшы кабарды угуп, Манас бабабыздын аянына кубаттанып, атамдар айткан плацка жөнөгөнү калат, танканын стволунда снаряд салынган болот, аны чыгарууга болбосун билип көзөмөлдөгөн жакка чыгарышып, жөнөп кетишет. Ошол бойдон атамдар басып алган Берлинде кызмат өтөп калышат. Ал кезде СССР менен Япониянын ортосундагы согуш бүтө элек эле. Май аяктап 24-июнь 1945-жылы Жогорку Ставка Берлинде Улуу Жеңиш Парадын өткөрүүнү божомолдошот. Союздаштар да макул болушкансыйт. Бирок, союздаштардын (Англия Франция жана Америка) ошол кезде булардын эшектери ылайдан өткөндөн кийин, алар тараптан түшөнүксүз, кыймылдар, ойундар башталат. Жана, ал кезде Япония менен биздин ортобуздагы согуш бүтө элек эле. Ушунун баарын Жогорку Ставка, Генералисимус И.Сталин эске алышып төмөнкүө чечим кабыл алышат, Улуу Жеңиш Парадын Москва шаарында 24-июнь 1945-жылы өткөрүү тууралуу. Ал эми Берлиндеги Улуу Жеңиш Парадын союздаштар менен сөссүз түрдө 7-сентябрь 1945-жылы өткөрүүнү. Улуу Жеңиш Парады Москва шаарында 24-июнь 1945-жылы бүткүл дүйнөнүн жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүлдү. Бул Улуу Жеңиш Парадына бүткүл дүнүйө күбө болду. Бул тууралуу өзүнчө сөз кылабыз. Ал эми июнь айынан кийин Улуу Жеңиш Парадын Берлинде өткөрүү боюнча даярлыктар башталат. Албетте, бул парадка союздаштардын да катышуусу каралгандыктан, биздин куралдуу күчтөр жеңүүчү катары бүткүл дүнүйөгө өзүнүн куралдуу күчтөрүнүн мыктылыгын, СССР элдеринин бирдиктүү ынтымагын, тартибин дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө көрсөтүү зарыл эле. Менин атам согушту Мураталиев Молдон танканын командири болуп согуш жолун Владимирден баштап Берлинден аяктаган, 7-сентябрь 1945- жылы, чоң Берлиндеги Жеңиш Парадынан өткөн.
Ал парадка согушта фашистик Германияны талкалап, женген 7 мамлекеттин жоокерлери, техникалары парадка катышкандыктарынын жана ошондой эле ал жерден Улуу полководецтерди, согуштун баатырлары маршалдар К.Жуковду, Богдановду коргону тууралуу айтып бергим келет. Тарыхый маалыматтарга таянсак 1945-жылы апрельдин аягы май айынын башында эле биздин куралдуу күчтөр Берлинди алып немецтик жетекчилер толук капитуляция болуп багынып беришкендиги тууралуу жогоруда белгиледик. Москвадагы чоң Параддан кийин даярлык Берлинде өткөрүү болчу. Албетте Бул өткөрүлө турган Парадтын аябай саясый жагы да бар эле. Анда биздин чоң мамлекет (СССР) Социалистик ал эми Союздаштар (Франция Англия жана Америка) капиталистик багыттагы өлкөлөр эле. Бул жерде мындан ары Европадагы өлкөлөр жана Германиянын СССРге тиешелүү жактары кандай багытта багыт алары да ушул өтүлө турган Парадка көп тиешеси бар эле. Бир айдан ашык СССРдин Берлиндеги согуш күчтөрүнүн бардык тармактары даярлыкка киришкен. Менин атамдын 1-Белоруссия фронтунун, 2-Гвардиялык танковый армиясынын, 6-Гвардиялык оор танкалардын полкунан 52танка “ИС-3” (Иосиф Сталин атындагы танк) Парадтан өтүү үчүн калтырылган. Ошол, “ИС-3” оор танкаларынын биринде аскердин Гвардия старшинасы,танктын командири : “Орден Славы-2степени”,”Орден Славы-3степени”,”Орден Великой Отечественной Войны” медали: “За Победу над Германией”, “За освобождение Варшавы” жана ондогон медальдардын ээси, танкист Мураталиев Молдон (Молдали) болгон. Атам эстейт эле, күнүгө Берлиндеги чоң плацта (аянтта) Бранденбургские воротанын алдында, Колонна Победы Богиня деп коёт бийик мунарага бүркүттүн башы илинген эстелик бар, ошол жерден танкалар менен күнүгө машыгуу өткөрчүбүз дейт. (Бүгүнкү күнү да Берлинде Бранденбургский ворота жана минерет бүркүттүн башы менен бар). Машыгууда танкалар төрттөн шеренгага тизилип, 60км/сатына жүрүп, өтүш керек эле. Ошентип бир айдан ашык күн сайын машыктык. Шеренгадан же Колоннадан караганда да танкалар бир танкадай көрүнүш керек эле, ошого жетиштик. 6-сентябрь 1945-жылы эртеси боло турган Парадга даярлыкты кабыл алыш үчүн Главнокомандующий брони-танковых войск, Маршал СССР Богданов өзүнүн командующийлери генералдары менен келген даярлыкты көрүп. 52 ИС-3 оор танкалары даярдыкта плацта тизилген, ар бир танктын алдында төрттөн танкистер тизилип турабыз. Алыстан, Главнокомандующий Маршал Багданов көрүндү, ал генералдары менен кыдырып келе жатышты. Албетте, бул көрүнүш эч эсимден кетпейт, кыпкызыл өрт сымал Маршал генералдардын лампастары алыстан күн чыккандай көрүнөт.
Ал эми Маршал Багданов болсо алдыда кележатат, адамдын алпы, зор адамы экен. Кийген мундири да өзүнө жарашыктуу, душман корко турган суурдуу, маанайлуу, колдоосу бардай анык аскердин адамы көрүнөт. Бул топ мага жакындай берди. Менин тушума келгенде Маршал тык токтоп, мага жакын басып келди да, колдоп кележаткан генералдарды өзүнө жакын чакырды. Маршал мага жакын келип, мурдуман барбайган узуун, шадылуу, чоң бармактары менен кармап, көтөргүсү келди. Анын чон колдорунун алдында менин мурдум быйпыйып, колуна илинбеди, тайып эки-уч жолу кармаганга аракет кылды, мен аябай тердеп кеттим. Байкаган Маршал артка кайрылып туруп, калган генералдарды дагы жакын чакырды да, анан мага кайрылып;-Откуда Гвардеец,- деди, мен толкуп кетип, так орусча,- с Фрунзе, Киргизии ,товарищ Гвардии Маршал Советкого Союза деп, жооп бердим. Анда Маршал, бир эки кадам артка жылып, -“Знаю, полководца Фрунзе, вместе воевал с белогвардейцами деп, мени колу менен көрсөтүп,- “Вот это сила и причина, нашей Великой Победы над фашиской германии, ими было парабощены почти все страны Европы. А этого злого, беспощадного врага победил вот он, ничем не владеюший молодой, Советский гражданин, пришедщий с горной республики нашей Великой страны, сегодня он, наш Гвардеец, Орденоносец, Герой войны, который сегодня владеет и командует, грозным, современным оружием нашей Красной Армии. Завтра Гвардейцы на Параде Великой Победы, Вы должны еще раз показать всему Миру наш непоколебимый сильный дух, железную дициплину и сегоднешнюю нашу современную грозную оружию. Скоро, Вы вернетесь с Великой Победой, Вам предстоит сменить оружие войны на орудие труда. Вам придется поднимать не мало пострадавщую нашу Великую Страну. Еще раз поздравляю Вас с Великой Победой Великой Отечественной Войне!” Атам айтчы, Советтер Союзунун Маршалы Багдановдун менин жанымда сүйлөгөнү мага чоң кубат берип, ушул күнгө чейин сөздөрү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эртен Улуу Жеңиш Парады! Парадтан өтүү талаптары бар эле. Биз танкистер, айрыкча командирлер люктан белге чейин чыгып, какайып трибунага жылмайып карап өтүшүбүз керек эле. Өтүү эрежеси биринчи СССР курал күчтөрү анан Франция, Англия, Америка (США) жана башкалар. Брони-техникадан, СССР танкалары аяктоочу болуп өтүшкөн. Атам дайым көп эскерчи, анан көп кейип калчы, эмнеге Чоң Берлиндеги Улуу Жеңиш Парады СССР убагында да, андан кийин да айтылбай УНУТУЛУП калган деп. Атам ушул парадты көп эскерчи “ Чоң Берлиндеги Парад”,-деп. Азыр интернеттен көп окуп, анын убагында чоң саясат аралашып кеткени көрүнүүдө. Интернеттен 7-сентябрь 1945-жылдагы Жеңиш Парадын карап жүрүп, атабыздын сүрөтүн да таптым. Өкүнөм өзү көрбөй калганына. Дагы бир материал, кичи уулум Белгияда иштеп жүрүп, Россиянын архивинен атамдын 2-Даражадагы Даңк Орденине берилген командирлердин представлениясын жана аскердин приказдарын алган. Ал буйруктар биздин үй бүлөлүк архибибизде сакталат. Көчүрмөсү болсо биздин Аманбаев айлындагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектепте, атабыздын атындагы тарых классында сакталат, окуучуларга тарбия окуу куралы болуп. Ал класс биздин үй бүлөнүн жардамы менен заман баб жабдуулар, керектүү мебельдер менен жабдылган. 2-Даражадагы Даңк Орденин Берлинди алып жатканда атам биздин аскерлердин чабуулуна жол ачыш үчүн, душмандын 2 пулемет точкасын солдаттары менен, 8 брони машиналарды жана 2 автомашинаны солдаттары менен жалпысынан 38 фашистин солдаттарын, айтылган техникалары менен таамай атып талкалап, биздин техникалардын жана солдаттардын чабуулуна жол ачкан экен. Көрсөңүздөр согуш маалында командирлер Орденге представленияны кандай калиграфиялык почерк менен жазылган. Бул атамдын бир эле ордениндеги душмандарга келтирген зыяны. Ал эми калган ордендерин изилдесек, сөзсүз изилдейбиз. Ордены Славы II-III степены Элде бекер айтылбайт” Эр эрдиги жерде калбайт”,Эр эрдигин эл билет” деген улуу сөз бекер болбосо керек. Мени туура түшүнгүлө, чындап анализдеп отурсам биздин скромный атабыз баатыр болгон экен, тирүүлүгүндө да өкмөткө же бир органдарга доо койуп, эч качан кайрылган эмес. Ал эми баатырлыгын, согушта согушканын атуулдук милдет катары гана көрчү жана бизди балдарын ушундай тарбиялачы. Атаман 4 уулбуз, баарыбыз аскер кызматын өтөдүк, агам раматылык Россияда, Чита шаарында, мен Белоруссияда, инилерим Украинада Максатбек артеллерист, Марат болсо атасындай танкист болуп кызмат өтөшкөн. Өткөндө Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Тулебердиев жөнүндө эскерүүмдө атам жөнүндө эскердим эле: Эсимде, кайсы бир жылы атам менен сүйлөшүп отурсам, эң кенже иним азыркы Талас облусунун Губернатору Марат, анда мектепте окуучу, шашылып чуркап келип, атама (ушул эле иним атамды сен деп кайрылчу) “ ата согуш дагы бир айга созулганда, сен Даңк Орденинин үчүнчүсүн алат эленда, сенде үч Даңк Орденин болмок, биз ошондо баатырдын баласы болмок экенбиз”- десе, атам атаңдын оозун урайын десе, эгер дагы бир ай согуш болгондо силер жаралат беленер, же жаралбайт беленер, аны бир кудай билет, биз эмне темир тезек, ушул орден үчүн согушуптурбузбу, деп урушуп койгонун билем. Ошонун сынары канча эрдиктер көрүнбөй, билинбей, айтылбай жүрөт, көбү кийин-кийин такталып, ээсин табууда. Берлин, 7-сентябрь 1945-жыл, Бранденбург аянты, эртен мененки саат 9:00. (Сүрөттө оң жагындагы Гвардия старшинасы Мураталиев Молдон ) Парадтан өтө турган СССРдин жана Союздаш мамлекетеринин аскер күчтөрү тизилген. Атам дайым айтчы эле,Улуу Жеңиш Парадына 7 мамлекет катышкан деп. Азыркы тарыхый, архивтик материалдарга таянсак, 4 эле мамлекет айтылууда (СССР, Франция, Англия жана Америка (США) ) Бул жөнүндө изилдеп, эмки майрамга тактап эскерербиз. Саат 9 да Германиядагы Советтик Аскерлердин Башкы Командачысы, СССРдин Маршалы, СССРдин үч жолку баатыры Константин Жуков союздаш аскерлердин биринчи жетекчилеринин ар шылтоолор менен катышпай жаткандыгы туралуу Жогорку Ставкага И.Сталинге кабарлайт. И.Сталин, К.Жуковко Улуу Жеңиш Парадын саат 11-00до баштай берүүсүн тапшырат жана бул Улуу Жеңиш Парады негизинен биздин мамлекетибизге таандык экенин баса белгилейт. Саат 11-00 дө аянтка кара люмизин менен СССРдин Маршалы, СССРдин үч жолку Баатыры Константин Жуков чыгат, ага аскердин эрежеси боюнча Американын генералы чыгып Улуу Жеңиш Парадына катышуучулары, бүт аскер куралдуу күчтөр даяр деп, тактайт. К.Жуков акырын аскерлерди бойлоп, өтө баштайт. Атам эскерет эле менин алдыман 5 метр аралыкта, кайран согуштун азаматы Константин Жуков өттү. Кара машинеде аппак китель кийген, орто бойлуу, чың, бети манактай кыпкызыл, төшүндө мойнунан киндигинен ылдый баары Орден, Медалдар экен. Кийин, 1967-жылдары К.Жуковдун “Воспоминание и Размышления” деген эскерүү китеби чыкканда, атам издетип таптырып, окуганы эсимде. Иосиф Виссарионович Сталинди, Константин Жуковду жана башка аскер жетекчилерин башкача баалап, жакшы көрөр эле. Бул маселелерге өзүнчө кайрылабыз. Ал эми чоң Берлиндеги Парадта биринчи жөө аскерлеринде биринчи болуп биздин куралдуу күчтөрүбүз, чыныгы аскердин тартибин, күчүн жана кубаттуулугун бир адамдай болуп көрсөтүүгө жетишишкен экен. Биздин куралдуу күчтөрдөн кийин, Франциянын, Англиянын, Американын аскерлери ызылдап, чуулдап өткөндөрү айтылат айрыкча Америкалыктар. Андан кийин брони–танкалык күчтөр өтүшүптүр. Колоннаны биздин танкалар ИС-3тор, анын ичинде менин атамдын танкасы өткөн тууралуу тарых тастыктап турат. Биздин, ошол кездеги СССРдин куралдуу күчтөрүнүн Берлиндеги 7-сентябрь 1945-жылы Бранденбург аянттында өткөн Улуу Жеңиш Парадын интернеттен кенен көрсө болот. Параддан өтсөк узуун узуун столдорго, парадтан өткөн жоокерлерге фуршет даярдап коюушуптур. Биз башка элдин аскерлери менен бир столдо бири-бирибизди куттуктап сувинер алмашыштык ушунун баары эсимде. Атам коп жолу айтаар эле согуштун бети курусун деп. Эч ким бул турмушта тирек болбойт экен. Тарыхты ушундай баатырлар жаратат, алардын согуш, эмгек майдандарында жасаган эрдиктери, эмгектери менен жаш муундарды тарбиялашыбыз керек 2000-жыл 9-май Бишкек шаары 2016-жыл 16-сентябрь жылда өткөрүлүүчү Мураталиев Молдалы атындагы Эл аралык жаштар арасындагы бокс боюнча турнир Талас шаары 1945-жылы 22-октябрда СССР Верховный Советтин 12-Сессиясынын чечими боюнча аскер күчтөрүндө демобилизация жарыяланып, жоокерлер үйүнө кайтууга чечими чыгып, СССРдин Маршалы Г. Жуков жана Аскер Советинин мүчөсү Генерал-лейтенант Телегиндин жолдомосу менен атам эл жерине аман эсен кайтып келет. Ар дайым атамдын иниси кийин тарых мугалими раматылык Малташ Миңбаев эстеп калар эле, – Молдон акем согуштан келгенде баарыбызга белек, ал эми мага 12 жаштагы балага кол саатын белек кылды эле, анда элде саат жок болор эле мен аны көп жыл тагынып жүрдүм. Атам тууган эли менен учурашып, андан кийин Ошко, Куршабка жөнөп кетет, себеби согушка ошол жерден чакырылган эле. Ошто мугалимдик ишин 1950- жылга чейин улантып, мектептин директору болуп иштеп, апама үйлөнүп, бир балалуу болуп анан Таласка кайтып келген экен. Атам тууралуу кийинки эскерүүлөрүмдө көп айтышка аракет кылам. Атам дайым айтаар эле, -“Согуштун бети курусун, Элибизде дайым тынчылык, бакубатчылык, ырашкерлик, ынтымакылык болуп мекенибиз өнүгүп өссө экен. Ал үчүн силер жаштар ар-дайым эмгектенип, эмгегинерден үзүрүн көргүлө, “эр эмгегин жер жебейт” ,- деп көп айтып калаар эле.
Урматтуу окурман, мен бир эле атам жөнүндө эскердим, Кыргыз элинен канчалаган эр азаматтар согуш майданынан аман эсен элине келип, көөбү кайтпай калышкан. Бүгүнда согуштун, тылдын ардегер адамдыры арабызда азайып жатат. Биз ар дайым буларды эскерип жүрөгүбүздө сакташыбыз керек. Согуш болбосун ар дайым элибизде эгемендүүлүк, тынчылык, бакубатчылык жылоолосун. Баарыңыздарды, Ата Мекендик согуштун баатыры, эмгектин ардагери, ардактуу атабыз Мураталиев Молдондун балдары, небере-чеберелери, тууган туушкандары, элинин атынан алдыда келе жаткан 75 жылдык Улуу Жеңиш майрамыныздар менен куттуктап, жалпы элибизге, үй-бүлөңүздөргө баардык жакшылыктарды каалайбыз.

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы Кыргыз-Орус коомдук Фондунун төрагасы Байымбет Мураталиев
2020-жылдын 4-майы Бишкек шаары


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады