Бардык жаңылыктар

Таскагы катуу Темир Сариев

Темир Сариев кыргыз саясатында кызматтык ордун, саясаттагы жеңиштерин туруктуу кармап, кандай кырдаал болбосун саясатта сыртта калган жок. Бул - анын жигердүү саясатчы экенинин белгиси катары бааласак болот. Ал Өкмөт башчы болуп турган кезинде дагы алгылыктуу реформа жасап, аткаруу бийлигинде жөндөмдүү экенин далилдеди.

Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда коңшу Өзбекстан менен болгон талаштуу обьектилерди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, чечкиндүүлүк таанытып улутташтырган эле. Бул Сариевдин «Мекенчил» инсан экенинин далили. Сариевдин бул эрдигин карапайым калк колдоп кубануу менен кабыл алган.

Мындан тышкары, Темир Сариев 2005-2010 - жылдары кылчайнашкан саясий кырдаалдарда күрөшчүлдүгүн, эрктүү жана бекемдигин көрсөтүп, эл тарапта болгону — баскан жолундагы ийгилиги жана позицияда бек турганы катары саналат. Эң башкысы, ал саясий оор сыноолордон өткөн. Ишенимдүү, таза лидер! Көрө албагандар ар кандай ушактарды чыгарып, канчалык "Сариевдин ыры бүттү" деген сайын, анын таскагы катуулап келе жатат.

Ар кайсынын башын чаргытпай туурасын эле айтсак маселен, Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда жаман иштеди беле? Анын кандай таризде иштегенин аппараттагы эле кызматкерлерден сурап аныктама чыгарсаңар болот. Өкмөттөгү ырааттуулук, жоопкер мамиле, жумушка кызыгуу Темир Сариевдин убагында башкача сезилген. Жан дилиң менен жумушту аткарууга күчүңдү, билимиңди сарптоого даяр болор элең-деген кепти көбүнөн эшиттик. Бекем чыйралып бараткан аркандын кайрадан бошоп калышына себепкер болгон атка минерлер деле оңбой калышты. Калыс сөздү айткандан кысынбашыбыз кажет. Андыктан алдыдагы саясий күрөштөрдө карапайым кал акчага азгырылбай, мамлекеттин пайдубалын бекемдей турган иш билги жана таза лидерлерди колдоорун эмитен айта башташты. Бул жааттан алганда Темир Сариев төгөрөгү төп келген саясатчы катары карапайым калктын купулуна толуп туру. Албетте, эл тараза, эл сынчы демекчи, карапайым калктын колдоосу менен Сариевдин таскагы катуулаары талашсыз.

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады