Көп сүйлөп акыл айтып көнүп алгандар бул адатын койбойт окшойт. Ошол үчүн кыргыздар «башы менен жата турган кыя» деп бекер айткан эмес да.
Шефи менен кошо жарыша элге акыл айтып көнүп калган АШАнын жансакчысы, шоопуру, кеңешчиси ар жакта да жөн жатпай акыл айтып, астыртан көрсөтмө берип коюп жатат. Эми жансакчысына эмне жок десең?
«Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жаралып, көйгөйлүү маселелер каралып жатканда, Жогорку Кеӊештин жыйындарына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт? Же президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?» деп кычыктап, элдин атынан сүйлөп, элдин атынан отчет алгысы бар.
Отуздун тегерегиндги бул акыл токтото элек жел өпкө мындай сөз айтканга деле акылы жетмек эмес. Албетте, анын артында тармал чачтуу Фариддин кулагы көрүнүп турат…
Эл ичинде «Катуу басса таскак дейт, акырын басса аксак дейт» деген кеп бар. Анын сыңарындай, Асылбектин карааны көрүнсө да сөз чыгарат, көрүнбөсө да сөз чыгарат. Көрүнбөй калса ар жакта жамбаштап жаткан жансакчы Фариддин түрткүсү менен Асылбекти бетке кармап, мамлекет жетекчисин чымчылап жаткандагысы да.
Өлкөдө кыйын кырдаал түзүлүп, баардык көңүл элге коронавирус жукпаса экен, жайылып кетпесе экен, карантин маалында жумушсуз калгандарга түп көтөрүлө жардам берели деп аткаминеринен тарта жупуну адамдарга чейин жан далбастан жатса, буларың ар жакта дагы жөн жатпай, ар кандай кутум уюштуруу менен алек.
Эл өкүлү катары Асылбек Жээнбеков дагы коронавирус пандемиясынан улам карантинде кыйналган 5 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таркатып, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жүргөнүн КСДП фракциясы кабарлаган.
Агасы Президент болбосо, оозуна алы келбегендерди ордуна койгонго да акыл күчү жетет эле. Бирок 5 маал намазын эчак тургузган Асылбек сабыр кылып, баткакты басса балчык чачырарын билип унчукпай отурат окшойт.
Тектеш кабарлар
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Атамбаевдин акылы ордундабы? Сүйлөгөн сөздөрү шектенүү жаратат... Саясат // 4-07-2019, 13:26 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
Маанилүү МАЕК - Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды” Маек // 22-03-2019, 15:27 |