Бардык жаңылыктар

Кош жарандуу депутат бир эле тендерден 100 миллион сом жегенби?

Урматтуу президент!
Кымбаттуу Премьер-министр!


Орусиянын жараны Анатолий Горбунов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп алган. Мунун өзү эле ат көтөргүс кылмыш! Неге кош жарандыгын жашыргандыгы үчүн мандатынан ажыратып, жазага тартса болбойт? Боршайком кайда?

Анысы аз келгенсип, дайыма жол куруучу тендерлерди утуп, 60 млнго бүтчү жерди, 153 млн го баалап, башкалар да негедир катышпай эле, ушул депутаттын “Технотоп” аттуу компаниясы ута берет экен. Бишкек мэриясы мындай болбойт деп, тендерди токтотсо, сотко берип коркутууга киришкен.

Бир эле тендерден 100 миллион сом жеген бул деги ким? Элибиз кара нанга жетпей олтурса, минтип мамлекеттин чөнтөгүн курутуп жаткандарды жоопко тартпайлыбы? Бир нече далил мисал - ушул эле компания Донецк көчөсүнүн 1,8 км 124,0 млн сомго, Токтогул көчөсүн 143,0 млнго, Чуй проспектин Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин эле 250,0 млн сомго курган. Неге Коррупцияга каршы кызматы ушуларды текшербейт? А силер болсо сырттан миллиондогон карыздарды алып жатасыңар? Аларды ким төлөйт? Андан көрө, ушуларды жазалап, мамлекеттин каражатын үнөмдөп, өз элибизге жардам этсек болбойт беле?

Мурдагы уурулар го ачыкталып жатат, а бүгүнкү күндө уурдап жаткандарды кантебиз? Же муну да журналисттер иликтеп-жиликтеп, чайнап, даярдап, андан кийин оозуңарга салып беришибиз керекпи? Же айткандын оозу жаман, көргөндүн көзү жаман деп, жаңы мыйзамга такап, кайра журналисттерди жазага тартасыңарбы?

Айданбек Акматов, журналист

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады