АКШ президентинин Иранга каршы аскердик аракет жүргүзүшүн чектеген Конгресстин резолюциясын Дональд Трамп шаршембиде четке какты.
Учурдагы президент Трамп резолюцияны «абдан кемсинтүүчү мүнөздө» деп баалап, «мыйзам менен фактыны түшүнбөстүккө» негизделгенин белгиледи.
Резолюцияны Конгресстеги эки партия тең март айында колдогон. Республикачылар жана демократтар ортодо чыңалуу күчөп турган шартта Ак үй Иран менен куралдуу кагылышка барышы ыктымал деп чочулашат.
Вашингтон-Тегеран алакасы Дональд Трамп бийликке келгенде кайра начарлады.
Буга чейин АКШ Барак Обаманын администрациясы бийликте турганда жетишилген Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгып кеткен. Быйыл январдын башында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма күчтөрүнүн кол башчысы, Ирандагы бирден бир таасирдүү адам Касем Сулеймани америкалык дрондун соккусунан каза болгон. Андан соң Тегеран АКШнын Ирактагы аскер базасына сокку урган.
Тектеш кабарлар
АКШ Иракта Иран колдогон кошуундарга сокку уруп жатат Аалам // 13-03-2020, 14:54 |
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Дональд Трамп Иран менен болуп жаткан окуялар боюнча атайын билдирүү жасады Аалам // 9-01-2020, 13:14 |
АКШ менен Ирандын айтышы күчөдү Аалам // 29-04-2019, 12:58 |