Бардык жаңылыктар

МААНИЛҮҮ МАЕК: Өмүрбек Текебаев: "Казакстан изме-из Кыргызстандын саясий жолу менен келатат"


- Өмүрбек Чиркешович, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү. Конституция 2010-жылы кабыл алынган. Аны  оппоненттериңиз "Текебаевдин Конституциясы" деп айтып жүрүшөт. Ал убакта өлкөнүн саясий системасын реформалоонун талабы эмнеден келип чыккан? Бүгүнкү Конституция өз максаттарына жеттиби? Он жылдан кийинки сиздин пикириңиз кандай?

- 2010-жылы кабыл алынган жаңы Конституция КРнын саясий системасын радикалдуу өзгөрттү. Реформанын концепциясына ылайык Кыргызстанда реалдуу эркин саясий атаандаштык болуш керек. Талаштан тактык жаралат. Реалдуу, күчтүү оппозиция элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ал элдин үнү болот, элдик көзөмөл болот. «Андай оппозиция, эркин саясий конкуренция  бийликтин табиятын, мүнөзүн өзгөртөт" деген ишеним болгон. Борбордук  Азия өлкөлөрүнүн шартында, биздин элдердин менталитетин эске алганда оппозицияны кошумча сүйөп, таяп, күчөтүү зарылдыгы келип чыгат. Ошондуктан, биринчиден, 2010-жылы биз жалган маалымат, ошонун ичинде жалаа тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салып, административдик жазаны гана калтырдык. Анткени, оппозиция болуш үчүн адамдар сүйлөгөндөн, өз оюн, пикирин ачык айткандан коркпош керек. Анүчүн Кыргызстанда эч ким эч кимди камабаш керек. 
Экинчиси, Кыргызстанда өлүм жазасы жокко чыгарылды. Саясий оппоненттерин "оор кылмыш жасады" деп жалган айыптап, аларды атып, түп тамырынан жоготуу мүмкүнчүлүгү жокко чыкты. Тарыхтын 30-жылдары андай репрессия миллиондогон адамдардын өмүрүн алганы эсибизде. Оппозицияны колдош үчүн кээ бир мамлекеттик органдардын жетектөө укугун оппозицияга квоталап, энчилеп бердик. Мисалы, оппозицияга парламент эки негизги комитетти: Укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн жана бюджетти, финансыны көзөмөлдөгөн комитетти жетектөөгө берди. БШКнын составынын учтөн бирин, сотторду тандоо кеңешинин мучолорунун учтөн бирин да оппозиция көргөзөт. Оппозициянын лидерлери парламенттик көпчүлүктүн лидерлериндей эле кезексиз сөз алып, пленардык жыйындарда сүйлөгөнгө укуктары бар. Парламенттик оппозиция тигил де бул маанилүү маселелерди көтөрүп, Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизе алат. 

Муну мен эмнеге айтып жатам. Коңшу Казакстанда 2019-жылы президент алмашып, жаңы президент Жоомарт Токаев декабрь айында Казакстандын саясий системасын либералдаштыруу боюнча реформаларды жарыялады. Ал реформанын негизин эркин саясий конкуренция тузуп , "Казакстанда жалган жалаа, маалымат тараткандыгы үчүн эч ким камалбайт, эркинен ажыратылбайт, болгону административдик жаза алат" деп мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Саясий партияларды колдоп, аны түзүү жөнөкөйлөтүлдү. Оппозиция эл душманы эмес, коомдук пайдалуу ишти жасайт, коомдук дискуссия, альтернативалык ой болбосо, эркин саясий атаандаштык болбосо, Казакстандын экономикасы токтоп гана калбастан, артка кетет, ошондуктан, оппозиция болуш керек, ал мамлекеттик колдоо алыш керек" деп жарыяланып, май айында кабыл алынган мыйзамда оппозицияга бир комитеттин төрагалыгын, эки комитеттин катчылыгын квоталап беришти. "Парламенттик көпчүлүк" жана "парламенттик азчылык" деген түшүнүк кабыл алып, "Парламент жана анын депутаттарынын статусу" деген мыйзамга өзгөртүү киргизип, парламенттеги оппозицияга официалдуу статус берилди. Парламенттик оппозициянын лидерлери Казак парламентинде сөз алып, өз позицияларын билдиргенге жана парламенттин күн тартибине маселелерди киргизгенге укук алышты. Парламентке шайлоолордо аялдарга жана жаштарга 30 пайыздык квота бекитилди. Мына эми, Казакстандын президенти Кыргызстанда жасалган саясий реформаны изме-из кайталап жаткандыгын, Казакстандагы реформанын концепциясы Кыргызстандагы саясий реформанын концепциясы менен төп келип жаткандыгын байкасак болот. Мен 2010-жылкы биз тандап алган жолду, багытты өзүм "туура", же "туура эмес" деп айтсам, субъективдүү болуп калат. Ошондуктан, ага бааны тарых өзү бериш керек жана берип жатат. Бизге караганда эбегейсиз чоң, экономикалык кубаттуу коңшубуз биздин жолду таңдап алгандыгы биз туура багытты тандаганыбыздын далили.

- Эмне үчүн бүгүнкү саясий система тандалып алынды эле, ага кандай тарыхый жагдайлар түрткү болду?

- 1993-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы болгон. Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да Конституция четте калып эле президенттин жеке өзүнүн жана анын жакындарынын үстөмдүгү орноп, иш жүзүндө өлкөнү ошолор башкарып калган. Орто Азиядагы бардык өлкөлөрдө башкаруунун авторитардык-үй-бүлөлүк-кландык формасы орногон. Кыргызстанда мындай бийликке эл ишенбей, нааразычылык билдирип, эки жолу революция жасады. "Кыргызстандын байлыгы, элдин тагдыры, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына энчиленбеш керек, атадан балага өтүп, Кыргызстан колдон-колго мураска калбаш керек" деген элдин негизги талабы болгон. 2010-жылкы саясий реформалардын концепциясы 2008-жылы Кыргызстандагы бардык прогрессивдүү демократиялык оппозициялык күчтөрдөн түзүлгөн коомдук парламент тарабынан сунушталып кабыл алынган. Ал документке партиялардын жетекчилери, парламент депутаттары, белгилүү коомдук ишмерлер болуп, жүзгө жакын адам кол коюшкан. Ошентип, башкаруу форманы өзгөртүү мезгилдин, тарыхтын талабы болгон. Аны коом каалап, эңсеп системаны өзгөртүү үчүн эл көтөрүлүшкө чыккан. 

Конституция юридикалык гана документ эмес, бул - тарыхый, саясий документ болот. Тарыхый дегеним, 2010-жылкы так ушундай саясий системаны бекемдеген Конституцияны кабыл алууну тарыхый кырдаал талап кылып турган. Саясий дегеним, Убактылуу Өкмөткө кирген жана Убактылуу Өкмөткө таасири бар саясий коомдук уюмдар жана ишмерлер ар кандай көз карашта болуп, акыркы документ - Конституциянын тексти алардын сунуштарын эске алган компромистик документ болгон. Мына ушундан улам саясий документ болуп эсептелет. Конституция ошол замандагы өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды, калктын каалоо-мүдөөсүн, саясий кырдаалды чагылдырып, убакыттын мөөрү басылган документ болот. Андан кийин гана юридикалык документ. Ошентип, бул Конституцияны "Текебаевдики" дешкени менен, аны даярдаганга 20 жыл бүтүндөй коом катышкан. Кабыл алууда да референдум аркылуу бүтүндөй эл добуш берген.

- Ошол коюлган максаттар, ниеттер ишке аштыбы?

- Мен жогоруда айткандай, Конституциянын негизги максаты - мамлекеттик бийликти элдин көзөмөлүнө, элдин кызматына коюу болгон. Кыргызстанда эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн кызмат кылыш керек деген ойду ишке ашырыш керек болгон. Анүчүн Кыргызстанда түшпөс хан болбой, элдин эрки менен, адилеттүү жана мыйзамдуу өткөн шайлоолор менен  мамлекет башчысы алмашып туруш керек. Парламенттик шайлоолордо парламенттин персоналдык курамы эле эмес, саясий курамы да өзгөрүп, элдин кызыкчылыгын, талабын парламент эске алгандай болуш керек, парламенттин саясий курамына жараша Өкмөт түзүлүп, ошол кездеги актуалдуу, приаритеттүү болгон тапшырмаларды аткарыш керек. Мына ушул талаптар, каалоолор идеалдуу болбосо да, өзүбүзгө, маданиятыбызга, менталитетибизге, саясий деңгээлибизге жараша иштеп жатат. Орто Азияда Кыргызстанда гана шайлоо жолу менен президенттер регулярдуу алмашып жатат. Парламенттик шайлоолордо мен жогоруда айткандай, парламенттин персоналдык курамы гана эмес, саясий курамы да өзгөрүп жатат. Ошого ылайык Өкмөт, Өкмөт программасы кабыл алынып жатат. Бирок, тилекке каршы система толук кандуу өз мүмкүнчүлүктөрүн ача алган жок. Анткени, 2013-жылдан баштап, Алмазбек Атамбаев эски адатыбызча өлкөнү Конституция менен башкарбастан, калыптанып калган салттуу ыкмалар менен Конституциядан сырт башкарууга өткөн. Ал өзүнүн эски авторитардык-кландык башкаруу системасын калыбына келтиргенге катуу аракет кылды. Он гүлүнөн бир гүлү ачылды дегендей бүгүнкү Конституциянын потенциалы толук ачыла элек. Бул келечектин иши.

Маектешкен Динар Турдугулова
ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады