Бардык жаңылыктар

Сейит Атамбаев коррупцияга аралашкан, элди карызга батырган атасынын долбоорлорун мисалга келтирбей эле койсун

Мыйзам үстөмдүүлүк кылган өлкөлөрдө керек болсо чоң-чоң аткаминерлер камалат. 
Маселен, Түштүк Кореянын аз жыл мурунку президенти Пак Кын Хе айым коррупцияга байланышы бар деп шектелип кармалып, акыры барып кызматынан алынган. Кытайды айтпай эле коелу. 
Бизде дагы өткөн бийлик учурундагы мыйзамдар бузулуп, өлкөгө келтирилген материалдык жана моралдык зыяндарынан улам Атамбаев жана анын айрым тарапташтары мыйзам алдында четинен жооп берип жатышат. Мындай учурда анын бала-чакасы жана тарапташтары нааразы болоору турулуу иш. Бирок Сеид Атамбаев  осол бир билдирүү кылып, элдин тепкисинде калды. 
Анын билдирүүсүндө дүйнөлүк практикада премьер-министрлер, министрлер баштаган чоң чиновниктер коронавирус менен ооруп чыгышты, бизде эмне үчүн оорубайт деген дооматтар камтылган.
Ошондой эле врачтарыбыз менен милиционерлерибиздин дагы бул илдетти жуктуруп алганы менен салыштырып берген. Бул жерде дүйнө жүзүнө көрүнбөгөн вирус Кыргызстанда деле көрүнбөй жугаарын Сеид мырза жакшылап түшүнүшү керек го. Же дүйнөдө чиновниктерге да жугуп жатат, Кыргызстанда дагы чиновниктерге жугушу керек деген талап бар бекен. Жаратканга тоба кылып, ишенбегендин кесепетинен, мындай сандырак кептерди оозуна алы келбегендер айта берет турбайбы. 
Ал эми дарыгерлерибиз, милиционерлерибиз сыяктуу эле дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде мед ызматкерлер, оорунун очогунда жүргөн башка кызматкерлер алгач жапырт жугузуп алганын карантинде корголоп жаткан Сеид мырза эле билбей калбаса, дүйнө жүзү азыркыга чейин байма-бай берип, сүрөт, видеолоруна чейин жарыялап жатышат. Бул маселени бийликти жаманатты кылуу үчүн бул жерге апкелип жармаштыруу баланын иши же акылсыздык. 
Ал эми Атамбаевдин учурунда жолдор салынган, үйлөр, ооруканалар курулган жана башка деп бир топ иштерди тизмектептир С.Атамбаев. 
Бирок Сеид мырзанын экономика өнүккөн, элдин жакшы жашоого үмүтү пайда болгон дегенине кантип кошулабыз? 
Ошол кезде «сырты жалтырак ичи калтырак» рекламадай болгон ошол долбоорлордун бир тобунда коррупция аралашканы мына эми ашкереленип, жакшы жашоого байланган элдин үмүтү бала-бакырасына чейин карыз болуп байланып калганы жашыруунбу? 
Бир дагы мамлекет кыйын күн башына түшүп турган Кыргызстанга жардам берген жок, алтургай Германия дагы коррупциялык бийлик менен кызматташууда жүзүн бурду дейт. Дал ошол АШАнын убагындагы коррупциялык иш-аракеттердин зыяны, кесепети азыр тийип жатканын Сеид билбесе, элдин баары жакшы билет. 
Сеид атакеси Атамбаев болгондо элин бул коркунучтуу илдет менен жалгыз калтырмак эмес дейт. Коррупциялашкан иш-аракеттер менен өлкөнүн казынасы тонолуп отуруп, бөксөргөнүн эми билген АША бул илдеттен алдастап, күйүтүнө чыдабай, баарына кол шилтеп, Ала-Арчадагы резиденцияда 50 граммдык рюмкасы менен күчүн алигиден чыгарып жатып алат эле. 
Анткени, жаалданган таажывирус эмес, жайчылык заманда резиденциядан Акүйгө келбей жатып алган күндөрү көп эле болгон. 
Демек, бир нерсе айтаардан мурун, алды артыңды жакшылап карап, жети өлчөп бир кесип, анан айтып жүрүү керек, урматтуу Сеид Алмазбекович Атамбаев.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады