Тажикстан кайрадан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады. Бул тууралуу тажик басылмалары кабарлашты.
Маалыматка караганда, азырынча өзбек тарап электр энергиясын 220 киловольттук эки линия аркылуу аз өлчөмдө алып жатат. Жакын арада 500 киловольттук линиялар пайдаланыла баштайт деп күтүлүүдө. Ортодогу макулдашуу 2020-жылдын октябрына чейин күчүндө болот.
Азырынча эки өлкө электрдин баасына байланыштуу акыркы чечимге келе элек.
Өткөн жылы Тажикстан Өзбекстанга киловатын 2 центтен сатып, 1,5 миллиард кВт\саат электр энергиясын импорттогон. Анын жалпы баасы 28,5 миллион долларды түзгөн.
Тажикстан өз жарандарын толук камсыз кылыш үчүн Өзбекстанга электр энергиясын сатууну былтыр декабрда токтоткон.
Тектеш кабарлар
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен экспорттоону пландоодо Куш кабар // 22-10-2019, 11:53 |
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |