Түркмөнстан Өзбекстанга Сардоба суу сактагычындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов 6-майда өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.
Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги сүйлөшүү өзбек тараптын демилгеси менен болгонун кабарлады. Билдирүүдө Мирзиёев Түркмөнстандын бул сунушун кабыл алган-албагандыгы жазылган эмес.
Өзбекстандын Сырдарыя облусунда Сардоба суу сактагычындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. 1-майдын таңында суу сактагычтын дамбасы жырылып, андан чыккан суу аймактагы айылдарды, коңшу Казакстандын бир нече районун каптаган.
Ал ортодо Түркмөнстандын өзүндө катуу шамалдан жабыркаган тургундар жардамсыз калганы айтылууда. 27-апрелде Лебап жана Мары облустарында катуу шамал болуп, ондогон адам өлүп, турак-жайлар зыянга учураган.
Тектеш кабарлар
Өзбекстан суу каптоодон жабыр тарткан жарандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курат Аалам // 7-05-2020, 17:46 |
Сардоба суу сактагычын курууда коррупцияга жол берилгени айтылууда Аалам // 4-05-2020, 16:58 |
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |