Кытайдын Шэньси провинциясында уулу тирүүлөй көмүп салган аялды 3 күндөн соң таап чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
5-майда 79 жаштагы кайненеси жоголуп кеткени тууралуу айтып келини полиция кызматына кайрылган. Анын айтымында, 2-май күнү күйөөсү апасын арабага салып бир жакка алып кеткен. Эртеси жалгыз келген күйөөсү апасын туугандарына алып барганын билдирген.
Сурак учурунда баласы өз энесин көрүстөнгө алып барып, каралбай калган күмбөзгө таштап, үстүн топурак менен көмүп салганын моюнуна алган. Энесинин эки буту тең баса албагандыктан, өз алдынча чыга албай калган.
Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү айткан дарекке барышканда жер астынан бирөөнүн кыйкырыгын угушкан. Жерди казып киришкенде уулу көмүп салган аялды табышкан. Учурда аял ооруканада, абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми уулу "адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен шектелип жатат.
Булак: NazarNews.org
Тектеш кабарлар
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Соттордон акыйкаттык күткөн жаран же Рахат Кулумбаев күнɵɵсүз жерден күнɵɵлүү болгонбу? Куш кабар // 23-12-2019, 12:19 |
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |