Бардык жаңылыктар

Элдин башын айланткан чакырыктар эмнени көздөйт?

Акыркы убактарда социалдык түйүндөрдө “Чоң Казат” деген кыймыл активдүү болуп, ар кандай билдирүүлөр менен чыга баштады. Алардын билдирүүлөрү жалпысынан алганда туура. Элдин кыялындагы, максатындагы маселени көтөрүп жаткандай.  Бирок, улам барган сайын “тартып алыш керек, жоготуш керек, жок кылыш керек, чабыш керек, кустуруш керек...”- деген сыяктуу чакырыктарын угуп, окуган сайын ойлонбой коё албайт экенсиң.

Мындай радикалдуу мүнөздөгү чакырыктар акыр түбү элди чайпалууга алып келет. Албетте, ар бир адам өз пикирин, оюн айтууга укугу бар. Бирок, мындай баш-аламандыкка үндөгөн тымызын аракеттердин аркасында бир чоң кызыкчылык турганы акырындан ачыкка чыга баштады.

Ошол эле кыргыз элинин Манасын жок, жомок деген экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин бул айтканынын максаты эмне? Кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан тарыхын жокко чыгарып басынтуубу? Же элдин намысын ойготом дегениби? Балким, айрымдар жазып жаткандай, кыргызды будуң-чаң кылып адаштырып, кыргызды башкарууга болгон душмандардын аракеттерби?
Кимди ээрчирин билбей, жарымы кыргыз, жарымы киргиз, жарымы батышчыл, жарымы мусулман, жарымы европачыл болгон кыргыз элинин абалынан пайдалангысы келгендерден эмеспи деген туюк күмөн саноо жаралат.

Элдик мүлк, элге кайтарылсын дегенге туура, кошулалы. Эгерде курулай популизм, курулай бакылдоо, элди баш-аламандыкка алып баруудан алыс, элге зыяны тийбегендей, укуктук талаада, мыйзамдуу иш боло турган болсо. А эгерде бул таптакыр башка тарабына ооп кетсечи?! Коомду баш-аламан кылууну каалап тургандардын айы ошондо тууп, ошондо балээ болбойбу. Биз ошол жагын көбүрөөк ойлонушубуз керек, зарыл. Бизге стабилдүүлүк керек. 

Азыр эл жумушу жок, дүйнө жүзүнүн башына келген илдеттен улам карантинде отурат. Ушундай убакыттан пайдалануу менен жанагыдай коркунучтуу чакырыктардын чыгышы чочута турган нерсе. Радикалдар өлкө үчүн, эл үчүн, элдин тынччылыгы үчүн коркунучтуу. Билинбегени менен байлардын байлыгын элге кайтарабыз дегендер коомчулукту чыр-чатакка, талап-тоноочулукка, уруш- жаңжал, кан төгүүгө үндөп жатат. Аны дасыккан юристтер жакшы эле билип жатышса керек. Мунун арты ал тургай  террордук чакырыктарга айланып бараткандай. Соцтармактардагы тарап жаткан видео, тексттерди деле абай чалып угуп, окуган адамга ачык «кой терисин жамынган карышкырдын» образы көзгө тартылат. 

Дагы бир маанилүү нерсе, Сыймык Жапыкеев кухняда элдин кулагына жагымдуу кайрылуулардын серияларын кетирип жатат. Мейли Жумалиевдинби же башкалардынбы байлыктарын санап берип жатат. Бизде байлар көп, талаш жок. Бирок, мынча байлыгы бар, мыйзамсыз байыган деп, жыйынтыкты соттон биринчи өзү чыгарып жатат. Мындай соттун чечими жок эле отуруп алып бирөөнү күнөөкөр кылып коюуга мыйзам жол бербесин экс-прокурор билсе керек. Анан ал жаштарды үндөп, байларды тонойлу, жок кылалы деп жатат. Айланайын, ушунун өзү кылмыш эмеспи. Азыр жумушсуз жаштар көп. Кызуу кандуу балдар ушул чакырык менен үй-үйлөрдү кыдырып талоончулукту баштаса, кантип токтотот. Байлардын байлыктарын тиги “чоңказатчылар” айтмакчы, көчөгө алып чыгып өрттөсө, алар карап турабы. Кан төгүүнү көксөгөн мындай оюндар жарабайт. Өтүн алып, атып салгыдай деги булар кимдер?! 

Бизде мыйзам деген бар. Мыйзамда радикалдуу, террордук чакырыктарга катуу жаза каралган. Оор кылмыштарга кызуу кандуу жаштарды үндөөнүн өзү кылмыш. Бул тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан эске алынышы керек. Өзүнүн юрист экендигине карабай, аша чаап кеткен Жапыкеевдин аракеттери дагы өз баасын алышы керек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады