Бардык жаңылыктар

Жеңиштин 75 жылдыгына карата драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган онлайн адабий кече өтөт

Бүгүн, 8-майда саат 15:10до Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган онлайн адабий кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кече Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналып, согуш жылдарындагы ырлардан үзүндүлөр, фронттон келген каттар окулуп жана монологдор айтылат.

Ага Кыргыз Республикасынын эл артисттери Марат Алышпаев, Гүлайым Каниметова, Тынара Абдразаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев жана театрдын алдыңкы артисттери Альбина Имашева, Жеңиш Сманов, Эржан Осмонов жана башкалар катышат.

Адабий кеченин жүрүшү “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынын эфиринен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөтүлөт

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады