Бардык жаңылыктар

ВИДЕО - Москвада "Мекендештерди колдоо" штабы түзүлдү. Бул демилгени биринчи болуп Жанар Акаев колдоп, 70 миң сом которду

Москвада “Мекендештерди колдоо” штабы ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ЖКнын депутаты Жанар Акаев билдирди.

Мындай демилгени алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев колдоого алды. 

Анын айтымы боюнча, “Жаңылан” уюму Москвада атайын штаб ачышкан. Алар биринчи кезекте оорулууларга дары, кош бойлуу, кары-картаңдарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүшөт.



“Москванын мэри чектөөнү дагы узартты. Мурда бөтөн элде кара жанын карч уруп иштеген биздин мекендештер үй-бүлөсүнө, Кыргызстанга акча которушчу. Азыр эми алар өздөрү жумушсуз отурушат. Аларга бизден колдоо керек болуп турган учур. Москвадагы биздин дилгир, мекенге күйгөн жаштар биригип абдан пайдалуу ишти башташты. Бүгүнтөн тарта Москвадагы мекендештерди коргоо штабы ишке кирди. Мен ушул ишти биринчилерден болуп колдоп, өз айлык маянамды чогултуп, 70 миң сомду “Мекендештерди колдоо” штабы котордум. Эми патриот уулдарыбыз улап кетет деп үмүт кылам.” – дейт депутат.

Буга чейин Кубанычбек Алибеков башында турган «Жаңылан»  эл аралык уюму депутат Жанар Акаев менен биргеликте Москвада жумушу убактылуу токтоп, муктаждыкка кабылган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк тараткан.

Штабдын телефону: 8-800-200-10-9-8.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады