Айрым маалыматтарга таянсак ок атышуу Баткен облусундагы Көк-Таш айылында орун алган. Баткендеги өздүк булагыбыз кабарлагандай, окуя кыргыз жараны менен тажик жарандарынын ортосунда талаш-тартыштан улам башталыптыр. Тагыраагы, канал жээкте кыргыз жараны жүгөрү эккен талааны тажик жарандары биздин жер деп келип талашып, ортодо чыр чыгып, таштар менен бири-бирин урушуп, жаңжал тутанган.
Тасмада тажик чек арачылары күтүүсүздөн Кыргызстан тарапка кирип келип ок чыгарган видео тасма интернетте тарап жатат. Тасмада элдер атылган октон качып бартканын көрүүгө болот.
Учурда жеринде кырдаал боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы айтылып жаткан менен кандай иш чара көрүлүп жатканы белгисиз. Биздин чек ара кызматы азырынча так маалымат бере элек. Абал оор деп бааланууда…
Алдын ала маалымат боюнча кыргыздын 3 аскерине ок тийип жаракат алганы кабарланууда...
Тектеш кабарлар
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |