Бардык жаңылыктар

Кыргызстанда алгачкы жолу окуучу “ӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ” аттуу мотивациялык китеп жазды

Кыргызстанда алгачкы жолу окуучунун колунан жаралган “ӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ” аттуу  мотивациялык китеби жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору Тилеген Өмүралиев билдирди.

Анын айтымына караганда бул китепти жаратуу үчүн жалпы 8-9 айдын жүзү кеткен. Ал эми өзгөчөлүгү болсо бул китепти  бардык тармактагы адамдар окуй алышат.

Китеп өзүнө:

1.ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН

2.БИЛИМ МОТИВАЦИЯ

3.ЖАШОО МОТИВАЦИЯ

4.ЫЙМАН МОТИВАЦИЯ

5.СПОРТ МОТИВАЦИЯЛЫК бөлүмдөрдү камтыган.

Автордун айтымында бул китепти жаратууда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон.

Бирок кыйынчылыктарга карабастан бул эмгегин бүтүрүп, талыкпаган эмгектин артынан бул ийгиликке жетишип олтурат. 



“Кыргызстанда алгачкы жолу дебют жаратканыма кубанычтамын.

Карап көрсөм кыялдансан эле баары боло бербейт экен. Ал үчүн аракет кылуу зарыл. Мисалы мен бул китепти 25-30жашымда иштеп, акча таап андан соң бутка туруп, андан кийин 50гө  чыкканда чыгарайын деп жаткам. Бирок, андай болгон жок.

 Жок жерден эле  шаарга эс алууга кыш айында эжемдин үйүнө барып калдым. Боштуктан акыл пайда болду окшойт. Жата берип акыры телефон менен китепче жараттым. Андан соң, аракет кылайын дедим да кол түрүп кириштим. Иштин майын чыгарып, китебимди аяктап калганда кара басып жазып жаткан ноутбугум иштен чыгып, иштебей калды. Кыялдарым жоголду дедим. Ошентип 2ай жазып чыккан “ӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ “ китебимдин нускасын жоготтум.

Ошондон кийин 1ай жөн гана жүрө бердим.
Бирок, максатын болсо алдындагы таш дагы сага тоскоол болбойт экен. Ошентип олтуруп, талыкпаган эмгектин артында китебимди кайрадан жазып чыгууга кириштим
   
 Акыры түнү менен жазып олтуруп бир жума аралыгында бул китепти бүтүрдүм. Эми болгон маселе каражатка келип такалды.

Каражат маселесин  менин бир боорум  эжем чечип берип, китептин жарыкка чыгышына көмөк көрсөттү. 
Жана дагы бул китептин чыгышына көмөкчү болгон Баатырбек уулу Аким байкебизге жана Бир боорум Самаганова Айсулуу эжеме ыраазычылык билдирем

Ноябрда кыялдандым, Декабрда пландап, Январь айында баштоого киришип, Февралда тынымсыз аракет кылып, акыры Март айында жазып бүтүрдүм” 

-Азыркы тапта дагы эки китептин үстүндө иштеп жатам бирөө өзүмдүн ыр жыйнагым болсо экинчиси Кыргызстан ичиндеги шедевр китеп болот деген ишеничтемин"-деди автор.

Мындай тынымсыз эмгек менен аракет кылган Тилеген азыркы тапта 16жашта. Демек 10-класстын окуучусу. Дал ушул мектеп курагында эле “бир китептин автору” деген наамга жетишип олтурат. Ал алты жашынан ыр жаратып, өзү окуган Ак -Тал айылындагы Аскар Турдакунов орто мектебиндеги ар кандай иш- чараларда көркөм ыр окуп жүргөнүн айтты.

Жаш болсо да кичиненсинен зирек, аракетчил болуп чоңоюп, кыялданып гана отура бербестен кыялын ишке ашырууга аракет кылуу менен ийгиликке жетишип отурат.

Албетте, жаш окуучунун мындай ийгилигин баалоо керек. Себеби азыр колундагы уюлдук телефонун ыксыз пайдаланып, бир китеп эмес, бир сабагын тыңдап окубаган жаштарга эң мыкты стимул болот деген ишенимдебиз!

Өмүралиев Тилегендин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап,  ага узун өмүр кен келечек каалайбыз!

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады