Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 8-майда кыргыз -тажик чек арасында катталган окуяга байланыштуу облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өкүл Абдрахманов биринчи кезекте кырдаалды жөнгө салуу, чыр чатак чыккан аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында түнү бою тийиштүү органдардын жана жөө кайгуул күзөтүн күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун тапшырган.
"Ал эми үч саат мурда башталган Баткен-Согди облус башчыларынын биринчи орун басарлары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Тараптар кырдаалды турукташтыруу максатында 10-май күнү кайра жолугушууну макулдашты. Жолугушууда чек арадагы окуяга себеп болгон маселелер кеңири талкууланат", - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, ок атылган.
Тектеш кабарлар
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду Куш кабар // 28-01-2020, 12:51 |
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |