Бардык жаңылыктар

Чек арадагы ок атышуудан жаракат алгандардын абалы кандай? Жооп...

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кечээ, 8-майда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жаракат алган чек ара кызматкерлери жана бир тургундун абалы тууралуу маалымат берди.

Министрликтен белгилешкендей, 8-май күнү Баткен облустук бириктирилген ооруканага жаракат алган 4 адам алынып келген (3 аскер кызматкери жана 1 жаран). Алардын ичинен үчөө ооруканага жаткырылган. Жаракат алгандардын бири медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ооруканада жаткандар – 1. М.С. уулу, 26 жашта: кыр арка сөөгүнүн көкүрөк тушуна ок тийген. Ичине, жамбаш сөөк бөлүгүнө ок тийген. Ага операция жасалып, анын абалы өтө оор деп бааланууда; 2. М.А. уулу, 25 жашта: көкүрөк тушуна ок тийген. Операция жасалып, абалы орточо оор, туруктуу. 3. Ч.Т. уулу, 24 жашта: ок көкүрөк тушуна тийип, чыгып кеткен. Жараны хирургиялык тазалоо жасалган. Анын абалы орточо оор, туруктуу.

"Бардык жаракат алгандар медициналык көзөмөлдө болууда. Дары-дармектер, медициналык буюм-каражаттар, кандын компоненттери жетиштүү. Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан Баткен облустук бириктирилген ооруканасына нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлер тобу келди", - деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады