Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан 9-май - Улуу Жеӊиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күн - көп улуттуу совет элин гана эмес, жалпы дүйнөнү фашизмдин чеңгээлинен бошоткон, адамзатка тынчтык тартуулап, согуш отунан куткарган улуу күн. Улуу Жеңиш аталарыбыздын тайманбастыгы жана кажыбас кайраты, энелерибиздин талыкпаган эмгеги, маңдай тери менен келген даңазалуу майрам! Миллиондогон адамдар согуш талаасында душман мизин кайтарып, биз жашап жаткан тынчтык күн үчүн күрөшсө, оорукта калгандар майдандагыларга дем-күч берип, жеңишке шерик болушкан. Тилекке каршы, аталарыбыздын бир тобу эрдик көрсөтүп, душман огунан каза болсо, бир тобу кан майданда дайынсыз жоголгон. Дагы далайы түбөлүк саламаттыгынан ажыраган.
Алсак, Улуу Ата-Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Майданда 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон. 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланып, 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Алар алып келген жеӊиштин үзүрү – түбөлүктүү, анын куну баа жеткис. Согушта курман болгондорду, жеӊиш үчүн жан аябай күрөшкөндөрдү унутуу эч мүмкүн эмес. Алардын көзүнүн тирүүсүндө сый-урмат кылып, кадырлоо баарыбыздын ыйык милдетибиз! Тилекке каршы жылдан жылга ардагерлерибиз катары азайып барат. Биз үчүн бул чоң өкүнүч.
Ардактуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!
Сиздер жакшылыктын жарчысы, жаӊы турмуштун баштоочусу катары арабызда аман болуӊуздар! Кажыбас кайрат, бактылуу карылык каалап, бекем ден соолук тилейм! Дагы бир жолу Улуу Жеӊиш майрамы кут болсун! Жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибизде жеӊиштин деми өчпөсүн!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков
Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Улуу Жениш күнү — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн Куш кабар // 8-05-2020, 18:29 |
Берлинди басып, Сталинден сыйлык алган согуш ардагери Молдон Мураталиевдин бейнесине сүртүмдөр… Коом // 5-05-2020, 15:07 |
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз Куш кабар // 9-05-2019, 11:32 |
47 комментариев