Кыргызстанда дагы 8 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7 жана Нарын облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 25 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 931 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.
Тектеш кабарлар
Кыргызстанда дагы 25 адамда коронавирус табылды. Жалпы 931 Куш кабар // 9-05-2020, 11:25 |
Штаб: Коронавирус жуккан эки бейтап көз жумду, бирөө медицина кызматкери Куш кабар // 2-05-2020, 16:03 |
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза болду Куш кабар // 22-04-2020, 16:29 |
Нарын облусунда коронавирустан 7 адам айыкты Куш кабар // 21-04-2020, 19:39 |
Коронавирус жуккандарды дарылаган врач: карантин сакталса вирусту 3-4 жумада жеңебиз Маек // 4-04-2020, 17:49 |