Бардык жаңылыктар

Сокулук районунда жергиликтүү тургундун короосуна бүркүт конуп калган - сүрөт

Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундун короосуна бүркүт конуп калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
"Мэрияга Сокулуктун тургуну короосуна бүркүт конуп калганын айтып, аны куткаруусун суранып телефон аркылуу кайрылган. Мэрия дароо турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн кызматкерлерине кушка жардам берүү боюнча тапшырма берген. Жергиликтүү тургундун короосуна конуп калган куш бүркүттүн баласы болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясынын "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев кушту Германиянын Кыргызстандагы NABU жаратылышты коргоо биримдигинин филиалына өткөрүп берилишин жеке көзөмөлгө алган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады