Бардык жаңылыктар

Үсөнбаев: Коронавирус жуккан СИЗО-1дин кызматкери менен 13 жаран байланышта болгон

Бишкектеги №1 тергөө абагында коронавирус жуктурган кызматкер менен 13 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, №1 тергөө абагында коронавирус жуктурган кызматкер илдетти кимден жуктурганы аныктала элек. Эпидемиологиялык иликтөө иштери жүрүүдө.

"Бүгүнкү күндө абактагы кызматкер менен байланышта болгон 10 адам аныкталды. Ошондой эле үй-бүлөсүнүн үч мүчөсү менен да байланышта болгон. Алардын баары изилденип, эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 9-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ге жетти. Алардын ичинен 231и медицина кызматкери. Илдеттен 658 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады