Бишкектин тургундары 11-майдан баштап коомдук транспорттун кызматтары менен колдоно алышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ал маалымдагандай, 11-майдан тартып шаарда коомдук транспорт жүрө баштайт, ал үчүн атайын санитардык эрежелер жана талаптар иштелип чыкты.
Үсөнбаевдин айтуусуна караганда, атайын дезинфекциялоо иш-чаралары уюштурулуп, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу жагы катуу көзөмөлгө алынат. Башка айтканда, айдоочу салонго ашыкча жүргүнчү салбашы керек.
Белгилей кетсек, 9-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ге жетти. Алардын ичинен 231и медицина кызматкери. Илдеттен 658 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.
Тектеш кабарлар
Өкмөт уруксат берилчү ишкердиктин этаптуу жол-жобосун жарыялады (тизме) Куш кабар // 28-04-2020, 22:23 |
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду Куш кабар // 28-01-2020, 12:51 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |