Бардык жаңылыктар

Нурлан Койчубаков, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт» муниципалдык ишканасынын жетекчиси:

Быйыл октябрь айынан баштап автобустарга жол кире тɵлɵɵ электрондук системага ɵтɵт 

 

Бишкек шаарында 29-апрелден бери газ менен жүргөн жаңы автобустар кызмат көрсөтө баштады. Аппак көйнөк кийип, галстук тагынган айдоочулар жүргүнчүлөрдүн көзүнө башкача көрүндү. Бирок айрым ЖМКлар дал ушул автобустарды сатып алуудагы тендерге байланыштуу айрым чырларды жазып чыгышты. Окуянын экинчи тарабын угуу максатында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковду кепке тарттык


--Нурлан Кеңешович, Бишкек шаарынын мэриясы жаңы алынып келинген автобустарды атайын билеттер менен өтөт деп ишендирүүдө. Бирок автобустар учурда накталай төлөм менен эле эл ташып жатат. Электрондук билет кайсы убакыттан баштап ишке кирет? 


--Биз электрондук билеттерди даярдоо үчүн тендер аркылуу Щвецариялык “BPC Banking Technologies” деген фирманы тандап алганбыз. Алар келишим боюнча бул долбоорду 1-октябрга чейин бүтүрөт. Демек, октябрь айынан баштап баардык автобустар электрондук негизде жол кирелерди кабыл ала баштайт десем туура болчудай. Ага чейин фирма бир нече иштерди жасоонун алдында турат. Май-июнь айларынын ичинде фирманын кызматкерлери шаардын тургундарына электрондук билеттин иштөө тартиптерин, кайдан сатып алса болоорун, кантип пайдаланылаарын баарын көрсөтүп беришет. Дагы бир бул фирманын артыкчылыгы андроид телефондор менен атайын системаны көчүрүп алып, жол кире төлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Азыр элибиз заманбап ыкмага өтүп, банктардын карточкаларын колдонуп калбадыбы. Ошол карточкалар аркылуу атайын орнотулган аппараттын жардамы менен жол акы төлөй алат. Карточкадан акча алынаары менен банктан: “сизден эсептен 8 сом автобуска жол кире алынды”  деген смс билдирүү келет. Кичинекей окуучу балдарга ыңгайлашкан саат же билерик түрүндө билеттер чыгарылат. Бул балдар балалык кылып, ойноп жүрүп билеттерин жоготуп же түшүрүп албасын деген алдын алуубуз. Кимге кандай ыңгайлуу болсо, сатып алып пайдаланса болот.


--ММКларда тендер туура эмес ɵттү деген сын-пикирлер кɵп айтылды. Ал маалыматка ишенсек, тендерде арзан акча сунуштаган “Шанхай-Шанту” деп аталган кытайлык компания жеңишке жетпей, башка компания жеңишке жетиптир. Бул боюнча ɵз оозуңуздан уксак? 


--ММКлардагы маалыматтар чындыкка коошпойт. Атайын кара пиар уюштурууну максат кылгандар сɵз таратып жиберишти деп түшүндүм. “Шанхай-Шанту” компаниясынын акчасы тескерисинче кымбат болчу. Билеттер үчүн кытайлык компания орточо баасы 51 тыйындан, Щвецариялык компания болсо 49 тыйындан сунуштады. Биз албетте, талапка ылайык арзан акча сунуштаган компанияны тандадык. Кытайлык компаниянын кээ бир шарттары бизге жаккан жок. Мисалы бул офлайн системасында иштейт экен. Щвед компаниясы онлайн системасын менен иш алып барат. Кытайлар шоопурдун жанында атайын үкөк турсун, терминал иштебей калса акчаны накталай төлөй беришет дейт. Биздин негизги максатыбыз шоопурларыбыздын акча төлөмүнөн алыстатуу болууда. Жол коопсуздугун гана карап, айдоочунун жүргүнчүлɵрдɵн акчаны кабыл алып, кайтарымын берип олтуруусун жактырбайбыз. Экинчиден төлөмдөрдүн баары ачык болуусу керек. Ошол эле учурда коомчулукта: “айдоочулар кечке чейин иштеп жарым акчасын мамлекетке берсе, жарымын чөнтөгүнө салып алат экен” деген сын-пикир көп айтылууда. Ушул нерседен арылгыбыз келген. Майда-чүйдө кемчиликтер, катачылыктарын карап, кытайлык компанияны тандаган жокпуз. Дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин, тендер негизги талаптарды эске алуу менен ɵткɵрүлдү.


--Жаңы сатыла турган электрондук билеттер сапаттуу элеби? 


--Ооба, кадимки эле баарыбыз көтөрүп жүргөн банктык карточкаларга окшош, пластикадан жасалат. Азырынча утушка ээ болгон компания кайсы банк менен келишим түзүп жатышат билбейм. Бирөөсүн тандап алгандан кийин банк транспорттук карточка чыгарат. Демек сапаттуу болот деп ишенип турабыз. Дүйнөдө щвейцариялык буюмдардын сапатсыз болгонун же фирмалардын начар иштегени боюнча маалыматтар жокко эсе. Андыктан баардык иштер биз ойлогондой ийгиликтүү болот. Өзүбүз көзөмөлдөп карап турабыз. 


--Электрондук билеттердин баалары канча сомдон болот?


--Фирманын айтымына караганда социалдык жардам алган жарандарга билеттер бекер берилет. Жөнөкөй жарандарга 60 сомдун тегерегинде сатылат. Электрондук билеттерде бир гана адамга арналган номери болот. Демек фирма кайсы банк менен келишим түзсө, ошол банктын мекемесине барып акча салдырып алып пайдалана берсеңиздер болот. 


--Мисалы мен электрондук билетимди жоготуп алсам кайра калыбына банк аркылуу келтиремби? Ичиндеги акчалар эмне болот? 


--Кытайдын системасында электрондук билети ээси жоготуп алса, ичиндеги акча ошол бойдон жоголмок. Андай учурда кардарлар атайын банкка барып жаңы билет алып, акча салууга туура келет. Швейцариялык компаниянын системасында фирманын ар бир райондо атайын мекемелери иштейт. Электрондук билетиңизди жоготуп алсаңыз же уурдатсаңыз, балким кокустук менен сындырсаңыз акчаңыз ошол бойдон кала берет. Элестүү айтканда, кадимки эле банктык карточкалардан айрымасы жок. Керектүү документти берип, жаңы билетти алса болот.


--Кытайлык компаниянын 150 миң доллар акчасын эмнеге банкта 3 күн кармап турдуңуздар эле? 


--Тендердин шарты боюнча, биздин эсепке экинчи турга катышкан 3 фирма тең 150000 доллар которуп беришкен. Мыйзам боюнча ал акчаны 120 күн кармасак болот. Кытайдын компаниясынын акчасын чечим чыгып, жеңишке жетишкен компания анык болуп калгандан кийин дароо кайтарып бергенбиз.


--Тендерди кабыл алып жатканда ушунча саясатташып кетээрин күттүңүз беле? 


--Кыргызстанда кайсыл гана тендер өтпөсүн сөзсүз артынан чыр чыгат. Тендерди өткөрүп жатканда атайын адамдар көзөмөлдөп турду. Жалгыз менин эмес, баардык комиссия мүчөлөрүнүн чечими болгондуктан бирдеме деп айтууга акым жок. Кыргызда “жеңишке тойбойт” деп коёт эмеспи. Мындай сөздөр айтыла берет. Тендер өткөндөн кийин кытайлык компания эмне үчүн жеңилип калгандыгын айтып берүүнү өтүнгөн кат жөнөтүшүптүр. Тиешелүү адистерибиз жооп беришти. Андан соң “биз баардык айтылган сөздөргө макулбуз. Тендердин чечимине каршы эмеспиз” деген кытайлык компаниянын расмий жообу азыр да бар.


--Жаңы келген автобустар эмне үчүн жаңы конуштарга каттабайт? 


--Бишкекти элүү-алтымыштай жаңы конуш курчап турат. А биздин автобустардын саны алтымышты гана түзөт. Ишенсеңиздер, күн сайын мага 30-40 адамдан, “баланча көчөгө чейин автобустар каттасынчы. Тигил жаңы конушка келсе деле жакшы болмок”-деген кайрылуулар келүүдө. Баардык жаңы конуштарга жаркыраган жаңы автобустарды каттатып койсок сонун болмок. Каражат маселесине келгенде эле «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей болуп калып атат. Маршруткаларды жаңы конуштарга баргыла десек көпчүлүгү: “жаңы конуштардын жолу жаман, ал жакка барбай эле коеунчу, машинам сынат. Тапкан каражатым машина оңдотконго эле кетүүдɵ” -деп баш тартышат. Билесиздер, алар жеке менчик. Аларды мажбурлай албайбыз. Себеби, маршрутка сынып калса каражатыбызга оңдотуп берүүгө чамабыз жетпейт. Жеке менчик айдоочулар өздөрүн гана ыңгайлуу жаңы конуштагы жолу жакшы гана жерлерге барышууда. 


--Автобустун айдоочулары каттамга чыкканда ак көйнөк галстук тагынышууда. Бир аз убакыт өткөн соң жүдөп кеттик деп чечип салышпайбы? 


--Андай болбойт, мен атайын буйрук чыгардым. Буйруса жаңы автобустардын айдоочуларын гана эмес, шоопурларыбыздын баарын ак көйнөк, бирдей форма кийгизүүгө аракет жасайбыз. Эски автобустарды кайра-оңдоп түзөп, сыртындагы жарнамалар сыйрылат. Мэриянын атайын гербинин өңүндө көк жана ак түстө бирдей өңдө болот. Тартипке келбесек болбойт. Борборубузга дүйнөнүн баардык жагынан коноктор, туристтер, расмий сапардын адамдары келишет. Алардын алдында уят болбогудай шартты түзүү биздин милдетибиз деп эсептейм. 


--Айдоочулардын бирдей тигилген формаларына шаардын казынасынан канча сом короттуңуздар? 


--Тендер жарыялаганда айдоочулардын костюм шымы арзан бирок сапаттуу болсо дегенбиз. Ошол оюбуз ишке ашып, формалар 1600 сомдон айланды. Ондон ашык тигүүчү фабрикалардын арасынан бирөөсү жеңишке жетишти. Фабриканын койгон арзан баасы, кездемелердин сапаты бизге жакты. Бюджеттен бул кийимдерге бир сом кеткен жок. Баардыгын шоопурлар өз чөнтөгүнөн төлөшөт. Баса, бул кийимди бир гана шоопурлар эмес, биздин ишке тийешелүү кызматта иштеген кароолчулар, оңдоо иштерин жүргүзгөндөр да кийишүүдө.


--Жаңы келген автобустарда эмнеге майыптарга шарт каралган эмес? 


--Азыркы автобустар каттамдардын 5-6%ын эле түзөт. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, автобустарды сатып алуу ушул менен эле токтоп калбайт. Автобус сатып алганда акчабызга карап соода жүргүзгөнбүз. Ылдыйкы пол деген автобустарда майыптарга жакшы шарт каралып, пандустары бар. Ал эми орточо пол деген автобустардын алды бийик. Бүгүнкү автобустар так ушул орточо полго кирет. Шаарыбыздын жолдору ар кандай, бурулуштары тар. Майыптарга такыр шарт каралбай калды деген сөзгө кошулбайм. Үрүмчү шаары буга чейин Бишкекке пандустары бар, майыптарга ылайыктуу 10 автобус белек кылган. Алардын шоопурлары “баардык автобустардын ылдый жагы урулуп бүттү”-деп айтышууда. Албетте коомдун аялуу катмарына мен дагы аярлап мамиле жасоону каалайм, баардык шарт түзүлсө дейм. Бирок себептерин түшүндүрүп кеттим. Автобустарыбыз шаарыбыздын жолдорунда, жаңы конуштарда жүргөндө кыйналып, оңдоого аргасыз болобуз. Буюрса дагы автобустар келет. Ал автобустардын пандустары бар, майыптарга ылайыкташкандай болуп жасалат.


--Электрондук автобустарды сатып алууга аракет жасаган жоксуздарбы? 


--Эң арзан электрондук автобустардын баасы 200000 доллардан, 300000 долларга жетет. Автобус алуу маселесине келгенде биз дагы: “бир электрондук автобус алсакпы же төрт газ менен жүргөн автобус алсакпы” деп көпкө ойлондук. Негизи электрондук автобус сатып алсак жакшы болмок. Инженерлердин эсебине караганда электрондук автобустардын бир күндүк чыгымы 200-300 сом болмок экен. Учурдагы газ менен иштеген автобустарга күнүнө 3000 сомдон акча керектелүүдө. Кудай буюрса, электрондук автобус дагы алганга аракет жасайбыз.


--Жаңы автобустардын каттамын кайталаган маршруткалардын айрымдары эртең токтойт экен. Ал эми автобустар такыр башка багыт менен кетүүдө. Мисалы ооруканага, университеттерге, ишканаларга кетүүчү жүргүнчүлөр кыйналып калышпайбы? 


--Автобустардын каттамы мурунку эле бойдон калат. Жүргүнчүлөр деле бара-бара түшүнүү менен кабыл алат деп ишенем. Анын үстүнө автобус күтүп кала турган учур болбойт. 5 минуттун аралыгында бат-бат келип турушат. Туура, автобустардын багытын кайталаган маршруттардын айрымдары эртеңден баштап ишке чыкпайт. Айдоочуларыбыз автобустарды таза кармоого аракет кылышууда. Ар бир автобустун ичинде 7 камера бар. Алардын бирөө шоопурду карап, камерага баардык кыймыл аракет 24 саат бою жазылып турат. Эгерде бир айдоочу телефон менен сүйлөшсө, сөгүнсө, жүргүнчүгө начар мамиле кылса, административдик чара көрөбүз. 


--“Ар бир автобустан 15 миң доллардан акча жешиптир” деген дагы кептер айтылууда... Буга кандай комментарий бересиз? 


--Ооба, андай сɵздɵрдү мен да окудум. Кимдир бирөө айтып койсо эле анык факты, чындык болуп калбайт. Аны териштире турган укук коргоо органдары бар. Биз автобустарды сатып алганда канча сом коротконубуздун баары бир тыйынына чейин эсептелип документтери тиркелген. «Акча жешти» деген жөн гана ушак сөз.


Сезим Мураталиева

Булак:Де-Факто







Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады