Бардык жаңылыктар

Ош базарын жакшыртууга каршылык кылгандарга чара кɵрүлүшү керек!

Мындан 10-15 жыл мурда Тажикстандын борбору Дүйшөмбүнүн борборунун так ортосунда үстү ачык базар болсо, ал азыр бир нече кабаттуу, бардык шарттары бар заманбап комплекске которулгандыгын, мурдагысы менен азыркысынын санитардык, кардарларды тейлөөдөгү сапаттарынын айырмачылыктары асман менен жердей экендигин көргөндөр айтып келишет. Коңшулаш Өзбекстандын негизги шаарларындагы базарлардын мурдагы абалдары менен азыркыларын салыштырып болбойт. Алсак, Наманган шаарынын түштүк жагындагы мындан жыйырма жылдай мурда курулган үстү жабык “Жахан” базарын араласаңыз, ал жердеги тазалыкка, ирээттүүлүккө, ыңгайлуулуктарга суктанасыз. Катарлардын аралары кенен, шыптары бийик, жөөлөшкөндөр жок, товарларды тарпы чыккан тачкалар эмес, ага ылайыкталган моторлуу мини арабалар менен ташышат, кондиционерсиз деле салкын. Жөн эле паркка эс алганы киргендей болосуз. Анын жанында 2 миң машинеге эсептелген автоунаалар токтоочу жай да бар.


Ал эми биздечи? Бишкектеги Ош базарынын перифериялардагы мындан 50-60 жылдар мурдагы колхоз базарларынан эч кандай айрымалары жок. Жөөлөшмөй, түртүшмөй, бут жагың балчык-чалчык, үстүңдө төбөң тийгидей, ар жеринен тамчылар сарыккан, шалбыраган-балбыраган беризенттер, кленкалар, “качкыла!” деп кыйкырган тачка түрткүчтөр. Кадам сайын антисанитардык көрүнүштөр, өрткө ж.б. кырсыктарга каршы, коопсуздукту камсыз кылуучу чаралары жок. Самсаалаган электр чубалгылары. Катарларды өрт өчүрүүчү техникалар эмес, адамдар араң аралап жүрөт. Ошондон улам өткөн жылы Ош базарында төрт жолу өрт чыгып, сатуучулар миллиондогон сомдук товарларынан айрылышты. Мына ошол өрт чыккан жайлардын биринин ордуна “Берекет” деп аталган төрт кабаттуу заманбап соода борбору курулуп бүттү. Июль айында жалпы аянты 11 500 чарчы метрлик 150 орундуу автопаркинги менен экинчи блогу ишке киргизилгени турат.


Чейрек кылымга жакын убакыттан бери Ош базарын жылдан жылга жакшырып бараткан Бишкектин жалпы облигине, мезгилдин талаптарына ылайыкташтырып модернизациялоо боюнча аракеттер көрүлүп келе жатат. Алсак, 1998-жылы “Берекет” ЖАКка автоунааларды токтотуучу жайы менен соода борборун куруу үчүн Ала-Арча суусунун батыш тарабындагы Кулиев-Павлов көчөлөрүнүн кесилишинен жер бөлүнгөн. Аны Бишкектин шаар куруу кеңеши 2008-жылы бекитип, “Бишкекбашкыархитектура” чакан ишканасы соода комплексинин долбоорунун эскизин түзгөн. Мэриянын 2010-жылдын 18-августундагы №315-токтому менен “Берекет” жабык акционердик коомуна азыркы контейнердик базардын ордуна автопаркинги менен соода комплексин куруу тапшырылган. Ал токтомго ылайык, азыркы Ош базары жалпы аянты 40 миң чарчы метрлик 435 автоунаа коё турган, “Берекет” соода түйүнүнүн бардык имараттары жер алдындагы жана жер үстүндөгү галереялар менен бириктирилген, эскалоторлору, траволоторлору, лифттери бар, сатуучулардын жана кардарлардын жекече жана өрт коопсуздуктары камсыз кылынган заманбап мега соода комплексине айланышы керек. Ага инвесторлордо жетиштүү каражаттар да бар, жаңы орундар биринчи кезекте эски орундарда соода кылгандарга берилет, бирок эмне үчүн ал долбоор ушул убакытка чейин ишке ашырылбай келатат? 


Себеби эң эле жөнөкөй, анткени, соода комплексин курууга бөлүнгөн аянттарды мыйзамсыз стихиялуу соода түйүндөрүнөн бошото албай жатышат. Ала-Арча суусунун артындагы контейнердик базардын ээлери менен жерлерди ижарага берүү боюнча түзүлгөн келишимдердин мөөнөттөрү 2018-жылдын 31-декабрында эле бүткөн, узартылган эмес. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ал базарды ушул жылдын 12-апрелинде биротоло жабуу боюнча макулдашылган чечим кабыл алынган, ага ылайык 15-апрелден ал жердеги түйүндөрдү электр жарыгы, суу, күзөт кызматы менен камсыз кылуу биротоло токтотулган. Бирок, тилекке каршы, сатуучулардын басымдуу көпчүлүгү митингдерге чыгышып, базардын аймагын мыйзамсыз түрдө бошотпой жатышат. Эгерде алар убактылуу башка жайларда иштеп турушуп, анан комплекстин жайлары бүткөндө өздөрүнүн брондолгон орундарын алышып, жаңы шартта иштерин улантышса, өздөрүнө гана эмес, жалпы шаарды тартипке келтирип, санитардык жана коопсуздук абалдарын жакшыртканга жакшы болмок. Бирок, сатуучулар аны аткарбай жатышат. Эмне үчүн?


Ош базарында бири-бирине баш ийбеген жеке менчиктеги 90го жакын чарбалык субъекттер иштейт, алардын ар биринин өздөрүнүн кызыкчылыктары бар. Алардын бир бөлүгүнө да комплекстин курулушу жакпай жаткандыгы шексиз. Анан бийлик бир жерди тартипке келтирип, жакшыртуу боюнча чара көрө баштаса эле, ага каршы элди шыкактап, ар кандай имиштерди чыгарып, жалгандарды таркатып, аны үзгүлтүккө учуратууну кесип кылып алгандар да аз эмес. Мына ушул күчтөр биригип алышып, борбор калаабыздын көркүн бузуп, антисанитариянын очогуна айланган базарды модернизациялап, жакшыртууну ишке ашырбоого жан талаша аракет кылып жатышат. Алар мурдагы өрттөлгөн жайдын ордуна курулган жаңы борборго да көчөдө отурган сатуучуларды көчүп кирбөөгө үндөп жатышат.


Базар - музейлердей, театрлардай эле борбор калаанын жүзү катары эсептелет, ал жалпы элге тийиштүү. Ал эми шаардыктар Ош базарынын модернизацияланып, кошуна өлкөлөрдүн соода борборлорундай таза, кооз, бардык шарттары бар заманбап жайларга айлануусун каалашат. Чындыгын айтканда, Ош базарындагы өткөн кылымдын ортосундагы көрүнүштөрдү эске салган азыркыдай абалды эч кимдин көргүсү да келбейт. Бир ууч сатуучулардын өздөрүнүн утурумдук кызыкчылыктары үчүн жалпы шаардыктардын, өлкөдөгүлөрдүн түпкүлүктүү кызыкчылыктарына каршы иш кылып, толук мыйзамдуу жакшы башталыштарды үзгүлтүккө учуратканга акылары жок. Бул андай адамдарга түшүндүрүлүшү, жеткирилиши, эскертилиши, эгерде алар тийиштүү жыйынтыктарды бербесе, мыйзамдардын чектеринде андай жарандарга карата катаал чаралар көрүлүшү зарыл. Биз качанга чейин айрым демагогдордун кысымдарынан, басымдарынан чочулап, шаарды ирээтке келтирип, тартипти, тазалыкты камсыз кылгандан да коркуп отура беребиз? 


Элестүү айтканда, шаар курууга байланышкан иштерди да базардык деңгээлдерде, маанайларда чече турган болсок, биз эч качан оңолбойбуз! Мындай учурларда бийлик чечкиндүү чараларды көрүүсү зарыл!


Нургазы Айтмырзаев


Булак:Де-Факто




Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады