Бардык жаңылыктар

С.Муканбетов: Атамбаевди 20-30 адам эле колдомуш болуп, аны саан уйдай саап көнүп алышты

- Сабыр байке, бүгүн сиздин көңүлүнүздү КСДП партиясындагы талашка буралы деп турабыз. Юстиция министирлигинин сайтында Сагынбек Абдырахманов партиянын жетекчиси катары катталгандан бери Алмазбек Атамбаевди колдогондор нааразы болуп жатышат. Пикетке да чыгышты. Сиз кандай дейсиз?

- Алмазбек Атамбаевдин былтыркы "Ориондогу" съезди легитимсиз болуп калган. Партиянын жер-жерлерден шайланып келген делегаттары киргизилбей, жабык өтүп, өзүнүн, анан шоопурунун, күзөтчүлөрүнүн өң-тааныштары катышып эле аны кайра төрага шайладык деп,
чай-пай ичип тарап кетишкен. Бул тууралу учурунда кенен-кесири жазылып, айтылган. Бут эл көргөн.
Анан быйылкы съезди эмне болду? Дагы эле ошондой жабык өттү. 170 делегат катышты деп койушту. А кеп чынында экс-президенттин жакындары, кошуна-колоңдору, жанында калган
бир ууч жакындарынын тааныштары, достору, классташтары, айрымдарынын куда-сөөктөрүн жыйып жыйын өткөрүп, анан ошону сьезд деп атап, ыймандарын жеп атышса мыйзамга туура келбейт да.
Атамбаевчилер республиканын баардык региондорунан конференцияларды өткөрүп делегат шайлай алышкан жок. Көпчүлүк областарда конференция өткөрүп, делегаттарды шайлоо аракеттери да ишке ашпай, партиялаштары келбей, колдобой коюшту.
"Ысык-Көл менен Нарында болду, өттү, делегат шайладык" - деп маалымат таркатыл бүтө электе эле артынан ызы-чуусу чыга келди. Балыкчыда тааныштар, туугандар чогулса, Нарындыкы деген жеринде Алга Кылычев эки иштен бир иш кылып, кудаларын коноктоптур. Айтор, Алмазбек Атамбаевдин "акча чачып эле ишти бүтүрүп алам" деген аракети текке кетип, анын "ишенген" аламдары эле "кыртыш байлап" жыргап атышат.
Ошондой кынык алып алган 20-30 адам эле калды жанында. Ошолор эле аны колдомуш болуп, Атамбаевди саан уйдай саап көнүп алышты. "Талаада жалгыз калганча мейличи" - деп, Атамбаев да арам акчаларын чачып, эптеп-септеп бир ууч сугалактарды багып жүрөт.

Майдан.kg


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады