Бардык жаңылыктар

“Чоң казат” байларга “аңчылык” кылган криминалдык топко айландыбы?

Акыркы кездери социалдык тармактар аркылуу элди мыйзамсыздыкка чакырып баатыр болгон “чоң казатчылар” аша чаап бараткандай. Булар биригип алып, Кыргызстандагы бай саясатчылардын жана ири ишкерлердин байлыктарынан бөлүшүп калууну максат кылып жаткандай. Жакында эле алар “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Абильдаевден да акча талап кылып көрүшкөнбү? “Бизде сен тууралуу маалыматтар бар, жарыялайбыз” деген коркутуу жасашканы ачыкталабы? Бирок, Абильдаев аларды жадакалса кабинетине да киргиздирбей койгон дешет. “Газпром Кыргызстандын” имаратына да кире албай койгондору тууралуу айың кептер айтылууда. Мындан тышкары коомчулукта мистер 10% каймана аты менен белгилүү Акылбек Жапаров менен да тымызын соодалашып алышканбы? 

Мындан башка да ири бизнесмендерди, ишкерлерди ар кандай шантаж кылуу менен “сындырып” айрымдарынан ири суммадагы акчаларды алып жатканы тууралуу кызуу кептер айтылууда. Бир эле мисал, Жапыкеев башында үч саясатчыга асылып, аларды казып баштаган. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов эле. Баягы төшүн каккан Жапыкеев Пирматов тууралуу үн катпай сууга түшкөн жөжөдөй болуп бүрүшүп калганы жалганбы? Айрым каңшаар кептерге таянсак Пирматов Жапыкеевдин алкымын май токочко толтуруп, оозун майлап койгонбу? Жалган десе, анда эмне үчүн Пирматов боюнча тилин жутуп алды? 

Эгерде булар чындап эле мыйзамсыз жол менен байыгандардын байлыгын мамлекетке кайтаргылары келсе, анда тандалма саясат жүргүзүп, кайсы бир топтун тапшырмасын аткарып жаткандай болбой, чыныгы ууруларга каршы аттанышы абзел. Ошондо гана алардын аракеттерине эл ишенет. Болбосо, алардын “Чоң казаты” жөн гана байларга “мергенчилик” кылган топ катары таасир жаратууда.

Кыскасы булар саясатчыларга аңчылык кылууда алсыздарына атырылып, алдууларына алкымдарын майлатып жатканы жалганбы? Албетте, элдин ырыскысын уурдап, мыйзамсыз байыгандарды кустуруу аракети жакшы. Бирок бул эргулдар тандалма саясат жүргүзүп жатпайбы? Саясатка келбей туруп, ишкерликте ийгилик жараткан айрым ишкерлерге тийишип жаткандарын кандай түшүнөбүз? Баса, коррупциялык иштери ачыкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылган айрым саясатчыларды актап, мактап жатканы эмнени каңкуулайт? Же чын эле булар чыныгы ууруларга кызмат кылып, калктын көңүлүн башка нукка бурган алаксытуу жобосубу?


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады