Бардык жаңылыктар

БАШ МЫЙЗАМДЫН АТАСЫНА, ЖАМЫ ЖУРТТУН БАТАСЫ!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ өзү укмуш татаал жолду басып өттү. Аны аңдып, атынан, затынан, айткан сөзүнөн, чынчылдыгынан, айтор чыгаандыгынан далайлар кан сийип, сыртынан сөгүмүш болгону менен ичтери түтөп, өрттөнүп күйүп, анын накта Көк жалдыгына таң берип, деңгээлине жетиш үчүн жандарын далай үрөп, тилекке каршы жанына жакындамак турсун, караандай албай келишет. Өмүкени сындырам дегендердин баарынын өздөрүнүн быт-чыты чыкты. Эки ажо асылып атып акыр аягында өздөрү элине келгис болуп айдалып тынды. Ал эми АША тууралуу айтып да бекер. Асылып, жалаа жабам деп атып өз жашоосун тирүүлөй тозокко айлантып алды, акылсыз шордуу. Ал Текебаевди тепселейм деп ойлоду, болгон күч түзүмдөрүн ага каршы ажылдатып агытып жиберип, өзү алыстан табалап карап, ыржактап күлүп турду. Ыржактап күлүп, ошол отурган жеринен эле эшек курту мурдунан жайнап чыгып, өзү кантип тепсендиде калганын сезбей, ыржактаган бойдон калды.

Өмүкеге өчөшүп, өч алам, камайм, каралап жок кылам деп атып өзү саясий "өлүккө" айланды, а Өмүкеге өмүрү чаң жуккус кылып, Эл-журтуна, бүтүндөй коомго асмандагы булуттан да аппак кылып агартып, тазалап жууп туруп колдоруна салып берип койду. АШАчылардын ошого мээси жеткен жок. Жетпейт да болчу. Ак ийилди, аны күчкө салып, кыйнап, зордоп ийилтишти, бирок сындыра алышпады, тем более ТЕКЕБАЕВДИ. А актын өмүрү сынбашына алардын акылдары да, мээлери да жетмек эмес. Эми эмне дейбиз, Конституциянын атасы аман болуңуз, тезирээк эркиндикке чыгып, кыйналган элиңизге кыла турган кызматыңызды, эмгегиңизди эми да кайра тынымсыз улантыңыз!. Майрамыңыз мартабалуу болсун, Өмүке!

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...