Бардык жаңылыктар

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан алдында турган кыйынчылыктарды жеңип чыгарына жана мамлекеттүүлүк менен улуттук биримдикти бекемдөө жана өлкөнү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү программаларды ишке ашырарына ишенерин билдирди.
Шавкат Мирзиёев Өзбекстан турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да достук мамиледе, ынак коңшулукта жана стратегиялык өнөктөштүктө чыңдай берүүнү жана өнүктүрүүнү көздөй тургандыгын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Өзбекстан башчысына куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык боордош эки элдин бакубатчылыгы жана кызыкчылыгы үчүн мындан ары дагы ийгиликтүү өнүгө тургандыгына бекем ишенимин билдирди.
Ошондой эле Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Садыр Жапаров чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.
Тараптар иш сапардын мөөнөтүн дипломатиялык каналдар боюнча аныктоого макулдашты.
Мындан сырткары, Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров актуалдуу маселелерди чечүү жана эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн дайыма байланышта болуу боюнча орток пикирге келишти.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады