Бардык жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен берилет:

«Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Жолдош жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайм.

Бүгүн — совет жоокеринин рухунун бекемдигин, чыныгы патриоттуулукту жана элдердин биримдигин даӊазалаган улуу майрам.

9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы.

Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине өтүп, ошол жылдарда калды.

Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат.

Аталардын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, урпактарга жетет.

Жеңиш күнүн белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан күчтүү болоорун даӊазалайбыз.

Жеңиш күнү — 21-кылымда согушту эӊсегендерге, бир  улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун  көздөгөндөргө эскертүү болуп саналат.

Урматтуу мекендештерим!

Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу — биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз.

Улуу Манастан бери келаткан даӊазалуу жолдун уландысы.

Аталардын  даӊктуу жолун улантуу, жан аябай Мекенди коргоо —  биздин милдетибиз.

Бүгүнкү Жеӊиш күнү ар бир адамга, жалпы адамзатка дагы бир жолу согуштун кыяматын эскертип, дүйнөдө тынчтыктан өткөн дөөлөт жок экенин далилдеп турат.

Жер шарында согуш болбой, тынчтык  орношуна салым кошолу.

Дүйнөлүк коомчулук  менен бирге эл аралык террорго, улуттук жана диний экстремизмге каршы туралы.

Биз коомдун ынтымагын бекемдөөгө жана мамлекеттүүлүктү сактоого милдеттүүбүз.

Биримдигибизди, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Бул урпактардын алдындагы биздин зор жоопкерчилигибиз.

Бул Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары — аталарыбыздын элесинин алдындагы биздин милдетибиз!

Кымбаттуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Тынчтыкта жашап жана өнүгүп жаткан Кыргызстан үчүн жасаган зор эмгегиӊерди ыраазылык менен эстейбиз.

Эрдигиңиздер урпактардын эсинде түбөлүк сакталат.

Эч ким, эч качан унутулбайт!

Сиздерди дагы бир ирет Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм!

Ден соолукта, бакубат жашоодо бар болуңуздар!

Дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!».

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады