Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырып койгону боюнча «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду кепке тарттык.
— Алмамбет мырза, эмне үчүн Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун ишиндеги жаңы жагдайларды эске албай, Жогорку сот баштагы соттун чечимин күчүндө калтырып койду?
— Өмүрбек Чиркешовичтин адвокаттары азыр башкы прокурорго жаңы ачылган беш жагдай боюнча ишти кайра кароо өтүнүчү менен кайрылышты. Башкы прокуратура ал арызды кабыл алганына 20 күндөй болду. Биз 20-майга чейин Баш прокурор мыйзамга ылайык жоопту алабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Баш прокурор мыйзамдардын негизинде Өмүрбек Чиркешовичтин ишинде жаңы беш жагдай бар деп, кайра ишти Жогорку сотко жөнөтөт деп үмүт артып турабыз. Анткени мыйзамдын талабы ошондой. Өмүрбек Чиркешовичтин ишинде тангыс 5 жагдай бар. Ошолордун негизинде Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун актыгы далилденет.
— Неге саясий куугунтуктун негизинде камалды дегендерге бийлик алмашканы менен адилет чечим чыкпай жатат?
— Анткени Текебаев оңой-олтоң саясатчы эмес. Ал айт дегенде буйт болбой турган саясатчы. Ошон үчүн ушундай тоскоолдуктарга учурап, айрым жерде мыйзамдар эске алынбай жатат.
БУЛАК: Фабула
Тектеш кабарлар
Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө… Президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн” Маек // 11-10-2019, 11:45 |
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
ЖАҢЫ МАЕК - Өмүрбек Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек» Маек // 6-04-2019, 19:08 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Мелис Мырзакматов: “МАГА ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА КИНЕ КОЙГОН ЭМЕС...” Маек // 23-03-2019, 07:36 |