Бардык жаңылыктар

Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор: «Сүйлөө, логикасынын тереңдиги жагынан Текебаевге тең келе турган саясатчы Кыргызстанда жок»

Саясаттан тыш

Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор:
«Сүйлөө, логикасынын тереңдиги жагынан Текебаевге тең келе турган саясатчы Кыргызстанда жок»


Биз согуштан кийинки балдарбыз

- Туулуп өскөн кичи мекеним Ноокат районунун алыскы айылдарынын бири Ынтымак. Бул айылда 1948-жылы төрөлгөм. Биз согуштан кийинки балдардан болгондуктан кыйынчылыкты көрүп чоңойдук. Атам мен 3 жашымда каза болгондуктан энебиздин колунда чоңойдук. Эсимде калганы 12-13 жашымдан баштап Кызыл Кыяга эшек менен келип, куржун, каптарга көмүр жүктөп кетет элек. Бардык оокатты колдон келбейт дебей жасап үйрөндүк. Нандын кандай азап менен келе турганын билчибиз. Бирок, жумуш гана кылбастан мектепте да алдыңкы окуучулардын бири болчумун. Кызыл Кыяга бир жолу келсем столбанын үстүндөгү радиодон “советтик адам космосто” деп сүйлөп жаткан экен. Ошондо космос техниканын бир жетишкендиги экенин билип, ой жүгүртүп көрүп, өзүм теңдүү балдардын баткак болуп ойноп жүргөнүн көрүп, кыйынчылыкта эл жашоо кечирип жатканын көрүп, космосту коюп ушул абалыбыздан чыгарып, элге жакшы жашоо тартуулашпайбы деп капа болгон элем. Азыркы балдар ошондой ойлонобу билбейм. Азыркы шаардык көпчүлүк балдардын интернеттен башка да кызыктуу жашоо бар экенин билбей чоңоюп жаткандары өкүндүрөт.

Илим жолуна түшкөнүмө сыймыктанам

Мен мектепти бүтүп жатканда катуу ооруп, операция болдум. Жогорку окуу жайга ал кезде конкурс менен өткөрчү. Эки жыл Улуттук Университеттин тарых факультетине тапшырып өтпөй калдым. Жаныбыздагы айылдын мектебине барып, мугалимдерден сабак өтүү жолдорун үйрөндүм дагы мугалим болуп иштеп калдым. Үчүнчү жыл өткөндөн кийин гана 1969-жылы максатыма жетип окууга өттүм. Окуу жайды жалаң 5 деген баа менен стипендия алып окудум. Ошол кезде эмнегедир айылга барып мугалим болуудан уялып, Фрунзе заводунда жумушчу болуп иштеп жүрдүм. Дипломду колго алгандан кийин гана Илимдер Академиясынын тарых институтунда алгач лаборант болуп
иштедим. Кийин азыркы БГУда окутуучу, доцент болуп эмгектенип, ошол күндөн баштап илим жолуна түшкөм. 1995-жылы саясат таануу боюнча илимий ишимди жактадым. Ал кезде саясат таануу боюнча илим жактаган адамдар жок эле. Ошол кезде саясат таануу боюнча докторлугун алгачкылардын болуп мен жактагам.
Саясатка аралашуум кокусунан болду

- Азыр баалуулуктар өзгөрүп кетти. Кантип акчаны табыш эмес, кантип акчаны иштетүү жөнүндө сүйлөшүшөт. Биздин убакта, союз убагында илим адамдарына чоң көңүл бурулчу.1993 –жылы Ош окуясынын жараты айыга элек кезде Ош облусунун губернатору Абдыганы Эркебаев мени чакырып, улуттар аралык мамилелерди жана коомдук пикирлерди изилдеген бир борбор түзөлү деген оюн айткан. Бул сунуш мага абдан жакты, анткени менин илимий темам да бул багытта, тагыраагы улут аралык мамилелер болчу. Дароо макул болдум, ошентип бул борбордун жетекчиси болуп шайландым. Ошентип саясатка аралаша баштадым. Бирок мен бир багытта, тагыраагы саясат менен кетип калган жокмун. 73 миң шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп, Жогорку Кеңештин депутаты болуп калдым.

Жубайым да илим жолундагы адам

- Жубайым өмүр бою агартуу тармагында иштеп келди. Филология илимдеринин доктору, профессор. Экөөбүз студент кезде баш кошконбуз. Эки уулубуз бир кызыбыз бар. Азыр Эл аралык Ала-Тоо Ататүрк университетинде проректор болуп кызмат өтөп жатат. “Коомдогу жакырчылыктын философиясы” деген темада илимий эмгектери бар. Кыргыз Совет Энциклопедиясын жазган адамдардан. Орус улутунун кызы болсо дагы кыргызча жакшы жазат. Рахат Ачылова деген окумуштуу, саясатчы эң мыкты кыргыздын кыздарынын бири жубайым экөөбүзгө тең илимий жетекчи болгон.

Демократия башкаруунун эң начар жолу

- Жогоруда айтып өткөн Рахат Ачылова менен бирге Жогорку Кеңеште бир чакырылыштын депутаты болуп калганбыз. Ошол кездеги депутаттык корпус жогорку деңгээлдеги, интеллектуалдык деңгээли жогору адамдардан түзүлгөн деп айта алам. Парламентте илимдин докторлору, элге таанымал адамдар көп эле. Азыр депутаттардын көбүн тааныбайбыз . Баары эле мыйзам жаздык деп калышат. Ал кандай жазылып жатат белгисиз. Саясатты негизгиси
таза кол менен жасаш керек. Демократия деген башкаруунун эң начар жолу. Бирок адам андан башканы таба албайт. Мурда катуу тартип диктатура болгон. Мунун артынан көп адамдар ийгиликке жетишкен. Батышты, Американы карап оокат кылуудан мурда менталитетибизге көңүл буруп алышыбыз керек. Биздеги менталитет алардыкынан башка да. Бизде тууганчылык, уруучулук деген нерселер өөрчүгөн. Бул миңдеген жылдардан бери келе жаткан нерсе, башкага алмашкыс нерсе, аны жоготуп албашыбыз керек.

Кесипке ээ болсоң кор болбойсуң

- Мага бир мүмкүнчүлүк берилсе кесипке ээ болмокмун. Тарыхчы болуп дүйнөдө жан бага албайсың. Кесип алыш керек экен деп ойлоп калам. Адам жашоосунда кесипке ээ болушу керек экен. Кесипке ээ болбой калганыма өкүнөм. Кесип болсо кайсы мамлекетте болбосун ошол кесип менен иштеп жан багып кете аласың.

Исхак Раззаков тууралуу эмгегим жакында чыгат

- Мен Союз мезгилинин адамы болгондуктанбы айтор жеке ишкерлик менен алек болгон эмесмин. Аракет да кылган эмесмин. Азыркы кезге чейин байбичем экөөбүз тең иштейбиз, айлыгыбыз жаман эмес, балдарыбыз каралашат. Мени тартып балдарым дагы бизнес менен алек болушкан жок. Улуу балам банкта иштейт. Ортончусу жеке мектеп ачып, балдарга билим берүү менен алек. Ал эми кызым Америкада жашайт. Улуттук Университетте лекция окуйм. Жумасына 2 жолу гана барам. Калган учурда үйдөн, китеп жазып, монография жазып тынч отурганды жактырам. Жаштык кезден берки пландаган, бирок убакыт болбой жаза албай жүргөн нерсенин бардыгын ишке ашырып жаткан убагым. Соңку жаңы тарыхыбыздагы саясатыбыз жөнүндө, Исхак Раззаков жөнүндө китеп жазып жатам. Улут маселесине арналган көптөгөн иштер бар. Ошонун бардыгын жазып, иштеп убакыт бош болбойт. Мен мындан ырахат алам. Эч ким тоскоол болбосо, кабинетте отуруп алып иштегенди, жазып отурганды жактырам. Жазган китептеримди өз каражаттарыма чыгарып келгем. Чыгарганга жардам кылчу жигиттер болсо сүйүнүү менен кабыл алат элем. 1995-жылдан бери чогултуп жүргөн Раззаков тууралуу эмгектеримди келерки жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата чыгарам деп турам.


Текебаев - феномен

- Мен саясатчы эмес, саясатты изилдеген адам катары өзүмдү эсептейм. Мен жаш саясатчылардын ичинен Жанар Акаевди сыйлайм. Бул жигит ушул жол менен кете турган болсо келечеги кең болот. Ал эми бизден кийинки муундардан ала турган болсок Текебаевге тең келчү саясатчы жок. Муну бардыгы моюндарына алыштары керек. Ал киши феномен. Бул киши жөнүндө да жазган макала, эмгектерим бар. Сүйлөө, элди ишендирүү, логикасынын тереңдиги жагынан бул кишиге тең келе турган саясатчы Кыргызстанда жок.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак:Факты.кж гезити


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады