Бардык жаңылыктар

Шаятбек Абдурахманов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башчысы: «Биздин 30 кызматкер Кытайдан тажрыйбаларын жогорулатып келишет»

Кытай өкмөтүнүн колдоосу менен Ош шаарына жаңы, заманбап клиникалык оорукана ачылды. Жакшы шарты каралып, заманбап жабдуулар менен жабдылган мындай ооруканалар көздөн учуп турган кезде, калаа тургундарына жакшы шарт түзүлгөнү кубаныч болду. Президент өзү келип ачылышын жасап кеткендиктен азыр оорукана толугу менен штаттык режимде иштеп жатат. Жаңы ачылган оорукананын ички тартиптери кандай, айрымдар айткан ар кандай ушак айыңдардын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Деги эле оорукананын башкалардан эмнеси менен айрымаланат, кандай кызмат көрсөтөт? Ооруканын башчысы Шаятбек Абдурахманов жүрүп жаткан айрым сөздөргө чекит коюуу максатында бизден гезитке маек курду. 


--Шаятбек мырза, “дени сак улут, дени сак мамлекет” демекчи ар убак калкыбыздын ден-соолугуна кам кɵрүп келген дарыгерлердин бирисиз. Мына учурда сиз жетектеп жаткан Ош шаарына салынган жаңы клиника тууралуу кеңири маалыматты элге жеткирсекпи деген изги тилек менен сиз экɵɵбүз баарлашып олтурабыз. Аталган клиника канча убактта бүтүп ишке берилди?

--Жаңы клиника боюнча сөз кыла турган болсок, бул имарат Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жаңы имараты болуп саналат. Бул имарат 2016-жылы август айында салынып башталган эле бүгүнкү күндө толугу менен бүткөрүлдү. Кытай Эл Республикасынын грантынын негизинде салынды. Долбоордун баасы 25 млн 800 миң долларды түздү. Жаңы имарат Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан. Клиника 3 бөлүктөн турат, бири-бири менен коридорлор менен байланышып турат. 1- корпус амбулатордук диагностикалык бөлүм, бул жакта неврология, операция жана реанимация бөлүмдөрү жайгашкан. 2-корпуста стационардык бөлүм жайгашкан. 150 орундуу палатанын ар биринде суу, душ, дааратканасы бар. Клиникада бейтаптарга арналган бардык шарттар жогорку деңгээлде, заманбап аппараттар орнотулду. 3-корпуста болсо админстративдик иш бөлмөлөрү жайгашкан. Эски клиникада жети бөлүм толугу менен көчүрүлүп келинди. Алардын арасында травматология, нейрохирургия, кечиктирилгис тез жардам бөлүмдөрү жана башка бөлүмдөр учурда толугу менен кызмат көрсөтүп жатат. 

--Учурда клиникага тиешелүү канча тез жардам унаасы бар?

--Жогоруда айтылган гранттын ичинде бир тез жардам унаасы бар. Мобилдүү тез жардам унаасында бардык зарыл аппараттар орнотулган. 

--Бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтардын баалары тууралуу айта кетсеңиз, эл арасында «жаңы клиника кымбат алат» деген пикирлер бар экен…

--Эл арасында туура эмес маалымат тарап жатат экен. Мисалы муну Кытай тарап кургандыктан жалаң кытайлар иштейт деген, баалары дагы ошого жараша кымбат деген жаңылыш пикир. Биз буга чейин калкка кандай баада кызмат кылсак дал ошол системада эле иштейбиз. Бардык аппараттар, жабдуулар жаңы болгондуктан ошого жараша кызматкерлерибиз атайын окуудан өтүштү, билимдерин Казакстанда, Түркияда жогорулатып кетишти. Мындан тышкары кытайлар өздөрү койгон аппараттардын иштөөсү тууралуу дагы сабак өтүштү. Буюрса дагы жаңы, заманбап 11 медициналык аппарат келиши күтүлүүдө. Ал жабдуулар: Компьютердик томографиялык аппарат, ультра добуштуу дисектор-аспиратор жана ага тиешелүү аспаптар, нейрохирургиялык краниотомия жабдуусу, нейрохирургиялык операция жасоого ылайыкташкан микроскоп, офтальмологиялык микроскоп, факоэмульсификатор, офтальмологиялык ультра добуштуу система, Оптикалык когеренттик томография, ЛОР комбайн, Уллис риноскоп-синускобу, Шейвер аппараты жана маңдайдан жарык берүүчү жабдуулар. Бул аппараттарды орноткондон соң бизден 30 кызматкер Кытайдан окуп келүүгө барышат. Кытай тарап сөз беришкен. Эгер алар тажрыйбаларын жогорулатып келишсе биздин борбор өзүнчө диагностикалык борбор калмак, себеби мындай оорукана Кыргызстан боюнча бирөө эле. 

--Азыр жашыруун эмес, врачтардын колуна тыйын карматмайынча бейтапты карашпайт. Сиздерде акча төлөө системасы кандай?

--Бул боюнча биз кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мына клиника жаңы ачылып жатат. Буюрса келген бейтапка атайын экрандардан алардын укуктары тууралуу роликтер көрсөтүлүп турат. Экинчиден, ар бир бөлүмгө көзөмөл камералар орнотулат. Онлайн түрүндө текшерип турабыз. Үчүнчүдөн, коррупцияны алдын алуу үчүн жеке өзүм көзөмөл кылам, күнүнө 20-30 бейтаптан кабар алып, кандай дарыланып жаткандыгын, кандай кемчиликтер бардыгын, врачтардын жасаган мамилелерин, тазалык маселеси боюнча сурап турабыз. Буга мен кепилдик берем. Эгер акча талап кылуу фактысы кармалса жумуштан алганга чейин барабыз. Себеби азыркы учурда коррупция менен күрөштү Президентибиз баштады, аоесуз күрөш жүрүп жатат. Муну колдойбуз. 

--Өзгөчө төрөтканалардагы коррупцияны жашыра албасак керек. Киргенден чыкканча акча талап кылынат, бирок мыйзам боюнча төрөт акысыз…

--Мен жеке өзүм акча алууну жоюу максатында төрөтканалардын эшигинин кире беришине «Каттоо акысыз» деп жаздырып илип койгом. Азыр каалаган учурда барып бейтаптардан сурамжылоо жүргүзүп турам. Кээ бир учурларда бейтаптар өздөрү берген учурлар кездешет. Сураштырып, көздөштүрүп келген учурда «мен сенден сурадымбы» дегенге чейин жеткен абалдар болот. Эми кыргызчылык кылып айрымдар сүйүнчүпул деп же болбосо көңүлүмдөн чыгарып атам деп өздөрү врачтарга берген болот. Мындайда эч нерсе кыла албайм. Эми беш кол тең эмес да. Айрым учурда кездешет. Алар өздөрүнө жараша жазасын алышат. 

--Дал ушул төрөтканаларда бейтаптарды эмнеге чакырат элеңиз?

--Биринчи кезекте өздөрүнүн укугун билүүгө чакырат элем. Мыйзам боюнча төрөт бекер, керектелчү дары-дармектер акысыз берилет. Врачтарды өзүңөр үйрөтпөгүлө дээр элем.

--Сиз ошол бөлүмдөрдү текшерүүдө сизге врчатардын үстүнөн арыздангандар болдубу?

--Мен кайрылганда бардыгы эле бергендерин жашырабы билбейм, айтышпайт. Же карабай коебу дешеби, айтор. Мен дайым айтам, мен ушул жерде сурап жатканда айтчуңарды аткыла, мен чыккандан кийин айтпай деп. Эл эми эл экен. Анча-мынча айткандары бар. Бул боюнча атайын укук корго органдарынын кызматкерлерин чакырып, медперсоналга жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. 

--Дарттарды алдын алуу боюнча дагы иш-чараларды жүргүзүп турасыздарбы?

--Ар бир тиешелүү бөлүмдөр өздөрүнүн планы боюнча иш алып барат. Калк арасында, бейтаптар арасында дарттын алдын алуу боюнча атайын программалар каралган. 

--Жаткан бейтаптар палатасына, тамагына төлөшөбү?

--Палаталар акысыз, эч кандай төлөм алынбайт. Тамак ашына атайын мамлекет тарабынан каражат бөлүнөт. Тамактарыбыз деле дурус. Ресторан-кафедегидей болбосо дагы ооруканага тиешелүү деңгээлде, жаман эмес. 

--Ички коопсуздук жагы боюнча эмне дейсиз?

--Оорукана стартегиялык объект катары катталган. Атайын күзөт кыматкерлери нөөмөт боюнча кызматта турушат, «обход» жасашат. Заман өзгөрүп баратат, өзүңүздөр деле күбөсүздөр, айыр бейтаптын жакындары келип айрым түшүнбөстүктөрдө тополоң чыгарышы мүмкүн, кызматкерлерге кол көтөргөн учурлар болгон. Ошондуктан ар бир стационарды биздин кароолчулар тыкыр көзөмөлдөшөт. 

--Башка ооруканалардын абалы кандай?

--Эски ооруканалардын абалына өзүңүз күбө болдуңуз. Быйылкы «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» байланыштуу биз толугу менен санариптештирүүгө өткөнбүз. 

--Кытай жарандарына артыкчылыктар каралганбы?

--Жок. Бул клиниканы Кытайдан келген грантка гана салганбыз. Эч кандай өзгөчөлүк, артыкчылыктар аларга каралган эмес. Бул Ош шаардык клиникасы. Кытайлар келсе бизде чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлчү кызматтардын тарифи менен эле тейленет, жеңилдиктер жок. 

--Азыр замандын талабы менен миграциялык агымда Орусия жергесинде иштеп келгендер көп. Алардын пикиринде аларга чет элдик жаран катары тейлөө көрсөтүлөт экен. Ушул сөздүн чын-бышыгы кандай?

--Эгер бейтап Орусиянын жарандагын алган кыргыз болсо баары бир чет элдик болуп саналат. Себеби жарандыгы башка өлкөнүкү болуп жатпайбы. Мындай жагдай мыйзамда так, даана көрсөтүлгөн. Биз мыйзамдан сырткары иш жасабайбыз. Чет элдик жарандар үчүн КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына өзүнчө, башка мамлекеттин жарандарына өзүнчө тарифтер мыйзам тарабынан каралган. 

--Клиникада кызмат көрсөтүп келе жаткан кызматкерлериңиз тууралуу кошумчалай кетсеңиз?

--Учурда баш-аягы 300-400дөй кызматкер бар. Арасында чет өлкөдөн окуп келген адистер дагы кездешет. Бул корпуска келгенден бери атайы курстарды уюштурганбыз. Мисалы азыр англис тили боюнча курстар жүрүп жатат, чет элдик жарандарды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында. Анан жыл сайын жылдык планга биз билим-тажрыйбаны жогорулатуу үчүн ар кандай операциялардын жаңы түрлөрүн, методдорун өздөштүрүү тапшырмасын коебуз. Мындан тышкары чет өлкөгөлөргө адистерибизди окууга жиберүү пландарыбыз бар. Ал үчүн демөөрчүлөрдү издейбиз. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен азыр Питерде, Түркияда, Казакстанда окуп жаткандар бар. Кытай тарап менен дагы 30 кишини окутуу тууралуу сүйлөшүп койгонбуз. Буюрса ушул жылдын аяк ченинде адистер тажрыйбасын жогорулатуу үчүн Кытайга окууга барышат. Бул биз үчүн өтө пайдалуу. 

--Кезек күтүү ар бир ооруканада кездешчү көрүнүш. Сиздерде абал кандай?

--Бизде дагы кезек күтүү деген бар, ачыгын айтыш керек, бейтаптардын саны көп. Былтыркы жылдын планы боюнча 33 миң бейтапка кызмат көрсөтүү каралган болсо, иш жүзүндө 47 миң бейтап бизден даарыланган. Орун жоктугунан коридорлорго чейин жатып дарыланган убактар болду. Кезек күткөн абал төрөт стационарда, травматологияда, нейрохирургия бөлүмдөрүндө көп кездешет. 

--Азыркы учурда элибиздин өзүнүн ден соолугуна болгон кам көрүүсү кандай?

--Заманга жараша азыркы учурда бир топ жылыш бар. Илгерки убакка караганда элдин түшүнүгү өстү, өзүнө болгон кам көрүүсү кыйла жогорулады. Мисалы илгери адамдар жатып-жатып акыры болбой калганда гана ооруканага кайрылышчу. Ош шаары боюнча айтсам, менин байкоом боюнча жөнөкөй калк өзүнүн ден соолугуна кабатыр болуп, алдын ала кайрылышат. Жүрө берип, дарты өтүшүп кеткенде келгендер аз. 

--Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, канча жылдан бери медицина тармагында иштеп келе жатасыз?

--Өзүм жөнүндө кеп салсам, 1998-жылы Кыргыз медициналык Академиясынын педиатрия бөлүмүн аяктагам. 2000-жылы Улуттук хирургия борборунда хирургиялык ординатураны бүткөмүн. Ошондон бери 19 жыл өттү. 19 жыл бою медицина тармагында иштеп келе жатам. Өзүм врач хирургмун. Мындан тышкары Медицина илимдеринин доктору, доцентмин. 

--Хирург болсоңуз анда, эл арасында «канды көп көргөн киши өлүмдөн коркпой калат» дешет. Сиз кандай ойлойсуз?

--Эми жумушка байланыштуу канды көп эле көрүүгө туура келет. Менде андай сезим болгон эмес. 

--Мындан ары алдыда кандай пландарыңыздар бар?

--Пландар өтө көп. Жогоруда айткан аппараттар келсе ошол заманбап аппараттар, жабдуулар менен бейтаптарга кызмат көрсөтүүнү жолго салуубуз керек. Калкыбызга чын дилден кызмат кылууну улантып, алардын саламаттыгын жакшыртуунун үстүндө кызуу эмгектенип, медицина тармагында тажрыйбабызды жогорулатып, ишмердүүлүгүбүздү жогорку деңгээлге чыгаруубуз керек. Ушундай изги аруу тилектер менен кызмат кыла бермекчибиз. 

Баян Кулова

Булак:Де-Факто


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады