Бардык жаңылыктар

Балээнин баары бажалардан чыкты...

Кыргызстанда бийлик алмашкан соң, Атамбаевдин жансакчы, шоопурларынын орду жоголуп кетпептир. “Салтты” премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улап, көздөй адамдарын: бажасын, бир тууганын, күйөө балдарын майлуу-сүттүү жерлерге коюп, миллиондогон долларлар келе турчу тармактарды көзөмөлгө алып келишкени ачыкка чыкты. Бул көрүнүш коомчулукту иренжитип, Абылгазиевдин дарегине сындарды жаадырды.

Акыркы учурларда Иманкадыр Рысалиевдин артынан күбүр-шыбыр сөз ээрчип, “серый кардинал” болгондугу байма-бай айтылууда. Ал Абылгазиевдин бир тууган бажасы. Абылгазиев түзгөн бардык мамлекеттик органдарды координация кылган “Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчылыгын жетектеп келген. Аны бул кызматта 5 миң евро айлык алат деп депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыккан. Учурунда спикер Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгондугу айтылат. Атасы минтип кирешелүү тармакты көзөмөлдөсө, уулу Эрназар Рысалиев да кыйратып иш кылбай эле, оңбогондой айлык алып отурганы белгилүү болду. Ал иштей элек “КТ Мобайл” компаниясында орун басар, айлыгынын суммасы – 300 миң сом экени тууралуу маалымат интернетте тарады. “Кыргызтелекомдун” туунду компаниясы “КТ Мобайлдын” жетекчилеринин оозду ачырган айлыктары бир апта бою коомчулуктун талкуусунда болду. Маяналарга байланыштуу маалымат жыйын өткөргөн компания жетекчилиги 5 миң доллар айлык алаары тууралуу мааалыматты төгүнгө чыгарып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин айтып актанышты. Интернетке чыккан маалыматтарда «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алаары жазылган.

Ошентип, атасы менен баласын социалдык тармактардын колдонуучулары кызуу талкуулап, кызматтан кетишин талап кылышкан. Жыйынтыгында, майлуу-талкан кызматтан экөөсү тең кол жуушту.

Бажанын жоруктары күч экен. Интернетте анын бийлеген видеосу тарап, мэмге айланды. “Таланты” көп Рысалиев коркутканды жана алдаганды да билет экен. “КТ Мобайл” компаниясын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында “Мегакомдун” башкы директору Акылбек Жамангулов премьер-министрдин бажасы Рысалиев аны коркутуп СМС жазганын ырастады. Бирок, Рысалиев Жамангуловду “жалган айтып жатат” дегиче, анын смстеринин скришоту жарыяланып кетти. Бул окуя дагы бажанын “Ачык өкмөттөн” кетишин талап кылууну күчөттү.

“Мегаком” – Кыргызстандын эң кирешелүү ишканасы. Ал өлкө бюджетине миллиарддан ашык акча төгүп турат. Бирок, мамлекеттик ишкананы Абылгазиев “мамлекеттики эмес” дегени коомчулукту айран-таң калтырды. Биринчи болуп, бажасы “Азаттыктан” компанияны “улуттук эмес” деп чыкты. Эртеси Абылгазиев кайталады. 100 пайыз улутташтырылган мамлекеттик “Мегаком” компаниясы турса, премьер-министр “Кыргызстандын өзүнүн уюлдук оператору жок” деп жарыялады. Бажалардын бул айтканынын сыры бат эле ачылды. “Мунун сыры “КТ Мобайлды” ишке киргизүүдө аны “улуттук” деп атап, карманган туткасы болчу” дешет. Бирок, “КТ Мобайлдын” менчик түрү ЖЧК болгондуктан, түрдүү махинацияларды жасоого жол ачат. “Мегаком” боюнча 2010-жылдан бери соттошуулар болуп, акыры сот аркылуу толук улутташтырылган. Эми Өкмөт башчынын компанияны “Кыргызстандыкы эмес” деп жарыялашы талашып келген россиялык компанияларга жан киргизип, чырагына май тамызып, агрумент болуп бериши мүмкүн. Ушул жана башка себептерден улам Абылгазиевдин отсавкасы талап кылу күчөп турган кез.     

Абылгазиевдин доорунда канча сындар айтылганына карабай, кылы кыйшайбай отурган дагы бир бажасы Мамлекеттик байланыш комитетинин жетекичиси Бакыт Шаршембиев экенин айрым маалымат булактары жазып чыгышты. 

Бакыт Шаршембиев депутат Рыскелди Момбековду сотко берип таанылган чиновник. Момбеков Шаршембиевге 5 кылмыш иши козголгонун айтып, премьер-министрди кызматка дайындабоого чакырган. Бирок, таза эмес таржымалына карабай, Бакыт Шаршембиев Байланыш комитетин жетектеп отурат. Ишенген кожосу бардай, депутат менен да соттошуп коймою бар.

Эми бажалардын туугандык байланышынан тышкары, ээлеген кызматтарынын кандай байланышы бар экенине токтолсок. Кыргызстанда 2017-жылдан тартып, өлкөнү санариптештирүү иши жүрүүдө. Бул долбоор азыр камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда “Таза Коом” деген ат менен элге белгилүү болгон. Мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруп жеткиликтүү кылуу, ачык өкмөт түзүү боюнча долбоорду эл аралык донорлор колдоп, каржы булактары да табылган. Алдын-ала эсеп боюнча, өлкөнү санариптештирүүгө 360 миллион доллар керектелет. Дүйнөлүк банк санариптештирүү долбоорун колдоо үчүн 50 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экенин билдирген. Ушунча каражат каралган санариптештирүүнү премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев, анын бажасы Иманкадыр Рысалиев катчылыгын жетектеген “Ачык өкмөт” улуттук форуму, Бакыт Шаршембиев башкарган мамлекеттик байланыш жана технологиялар комитети ишке ашырыш керек. 300 миллион долларга бааланып жаткан Кыргызстанды санариптештирүүдө интернетти “Мегаком”, “Билайн”, “О” же жаңы түзүлуп жаткан, Иманкадыр Рысалиевдин уулу орун басар болгон “КТ Мобайл” жеткирет. Айтор, санариптештирүүнүн акчасынын баары ушулардын колунда. Ал эми эмне иш жүргөнүнөн дайын жок. “2019-жыл санариптештирүү жылы” деп жарыяланганына карабастан, жылдын жарымы өтсө да, эмне иш жүрүп жатканы дайынсыз. Бул окуялар 300дөн ашык миллион долларды өздөштүрүү үчүн жүргөн күрөштүн учу гана. Мындан ары дагы далай кызыктар ачыкка чыгат. Бул аралыкта президенттик аппаратта эки топтун тиреши жүргөнү айтыла калып жүрөт. Жакында эле өлкөнү санариптештирүү боюнча иштеп жаткан Мамкаттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова иштен алынып, “Инфоком” ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев камалып, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев суракка чакыртылып, бир топ оюндан чыгарылган. 

Бажалар эле эмес, Абылгазиевдин бир тууганы Азиз Абылгазиев дагы өлкөдөгү эң кирешелүү тармакты мыкчып отурат.

Кыргызстанда медицина көргөзгөн кызматынын сапаты начар, эң коррупцияланышкан тармак болуп келе жатат. Кыргызстандагы дары-дармектердин баасы Россиядагы баадан эки эсе кымбат. Ооруган, кыйналган адамдардын эсебинен бир нече фармацев, олигарх байып келе жатат. Атасы, баласы өзү ооруса эч ким акча аяп отурбайт, адамдардын мына ушул сапатынан пайдаланып, алардын көз жашынан байыган адамдар бар. Алар Кыргызстандын дары-дармек базарын монополия кылып, бааны түшүрбөй кармап келе жатат. “Дарынын баасын арзандатам” деген министр Батыралиев кетип, анын ордуна эч кимге белгисиз Космосбек Чолпонбаев келип калганда баары таң калышкан. Бул ким, кайдан келди, мурун медицина жөнүндө, анын көйгөйлөрү жөнүндө сунуш-пикирин айтпаган, анын чечүү жолдорун көрсөтпөгөн, мамлекеттик башкаруу системасына таптакыр аралашпаган, дары сатып бизнес кылган, дары саткан фирмалардын ассоциациясынын жетекчиси кандайча келип калганы табышмак деле эмес. Адатта министрликке тигил же бул фракциянын сунушу менен анын өкүлдөрү келет. “Ата Мекен” фракциясы премьер-министр Абылгазиев шайланаарда кыскача программасын угуп, Космосбек Чолпонбаев жөнүндө терс пикирлер бар экенин айткан. Бирок, премьер-министр Абылгазиев Космосбек Чолпонбаевди өзүн коргогондой коргогон жайы бар.

“Политклиника” булагы премьер-министр Абылгазиев Космосбек Чолпонбаевди эмне үчүн Саламаттыкты сактоо министри кылганынын сырын ачты. Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев өзүнүн жакындарын май-талкан жерлерге коюп жаткандыгы боюнча маалыматтар биринин артынан бири улам ушинтип чыгып жатат. Ошентип, Абылгазиевдин бир тууган иниси Азиз Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек департаментинде жетекчи экени белгилүү болду. Ал эле эмес, медицина жаатындагы “Эргене” фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова чет элдик сапарларга мамлекеттин эсебинен чыгып жүргөнү тууралуу маалыматтар бар экенин да “политклиника” жазды. Таалайгул Сабырбекова премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин аялы экен.

Дары-дармек демартаментинин жетекчиси министрликтен да күчтүү. Анткени, Кыргызстанга келген дары-дармектин баарын көзөмөлдөйт жана лицензия берет. Дары саткан олигархтар ал департаменттин көзүн карап турат. Демек, болгон сыр мына ушул жерде жатат.  

Азыр саясий аналитиктер Космосбек Чолпонбаевдин министрликке келип калышын иниси менен байланыштырууда. Эгер, бул чын боло турган болсо, Кыргызстанда жакынкы убакта дары-дармек арзандабайт. Анткени, дары-дармектин баасы министрликтен түз көз каранды. Мындан улам, Абылгазиевдер менен Чолпонбаевдин бизнес кызыкчылыгы барбы деген суроо жаралат. Эч кимге белгисиз Космосбек Чолпонбаев кызматка келгенде эле чыр менен келген. Анын дарамети чакталуу экенин аналитиктер айтып чыгышкан. Депутаттар бир канча жолу иштей албай жатканын айтып, “кызматтан кет” дегенине карабай, Абылгазиев сактап калган. Анын сыры мына эми ачылып отурат.

Муну менен бүткөн жок. Абылгазиев кара чечекей күйө баласы Урматбек Жакыпбековду «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына биринчи орун басар кылып дайындаганы да айтылды.

Өкмөт башчы Абылгазиевдин Атамбаевден кем калышпаган кландык, туугандык, кадрдык саясаты анын кызматтан кетишин талап кылууга негиз түзүүдө. Учурда коомчулук Абылгазиевдин отсавкасын, ал тургай жоопкерчиликке тартылышын талап кылып чыкты.

Динар Турдугулова

Булак: "АЗИЯnews"

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады