Бардык жаңылыктар

Кимдир бирөөгө даярдалган ысык чокту Салянованын колу менен карматкылары келип жатышат...

... Калемдин калыстыгы менен айтсак, чыны менен эле Аида Салянова кыргыздын кыйын кыздарынын бири. Анын ишке так, жоопкерчиликтүү экенин коомчулуктун калыў катмары деле билет деген ойдобуз. (чыныгы коррупциянын символуна айланган, Салянова Башкы прокурор болуп турганда тузакка түшкөн жандыктарды эсепке албаганда) Эгер ошол мезгилдерге көз салып көрсөк Аида Салянова Башкы прокуратурага өлкөбүздө абал өтө чиеленишкен жагдайда кызматка келген. Адегенде эле анын алдына түртө салынган түйшүк 2010-жылдагы Түштүк окуясынын чоо-жайын аныктоо маселеси турган. Себеби, анда түзүлгөн коммиссиялар өздөрү үч ача пикир айтышып, акырында алар күнөөнү Башкы прокуратурага түртө салган эле. Бул татаал иш А. Салянованын мойнуна ыргытылган оор түйшүктөрдөн болгон. Бирок мыйзам боюнча Башкы прократура алгачкы иликтөө, тергөө амалдарын эч качан жүргүзгөн эмес, жүргүзбөйт дагы да? Андайда мамлекетибиздеги Улуттук коопсуздукка залал келтирген ал кандуу окуя боюнча адатта УКМК далай нерселерди камырдан кыл суургандай сууруп чыгыш керек болчу. Андан соў ошону менен эле улаалаш ошол кезде кайрадан көтөрүлгөн (20 жылдан бери келе жаткан) “Кумтөр” афералык ишиндеги соккуларга да Башкы прократура дуушар болгон. Анда да өкмөт Канадалык компаниялардын мыйзамсыздык иштерине, укуктук ченемдерине бир пункт да киргизбей туруп Башкы прокра-турага жөнөтө салган. Көп өтпөй ал учурдагы коррупцияга каршы ачылган күрөш да жаўы Башкы прокурор үчүн миналуу талааны аралап баскандай эле абалга түрткөн. А. Салянова ал майданда да найзаны алгачкылардан болуп сунууга мажбур болгон. Акырында ал “жүзүкаралыктын арааны жүргөн” интригалардын курмандыгы болду. Коррупция менен болгон күрөштө коомдогу ичип-жегичтерди ителгидей биринен сала бирин илип кетип, коомду кандайдыр бир деўгээлде болсо да ошондой шүмшүктөрдөн арылтам деген аракетте жүрүп өзүнө абдан эле көп душман топтоду. Азыр болсо ошол өздөрүн аппак периште сезген “символдор” У. Шекспрдин “Отеллосундагы” борбордук персонаждарынын бири Ягодой болуп көшөгөнүн артында табалары канып олтурат. Андайлардын көп эле учурларда А. Саляновага азыр бут тосуп жаткандары байкалып эле турат. Ошентсе да мезгил тараза. Аида Жеўишбекованын парламентте депутат болуп отурганда “Манас” эпосунан үзүндү келтирип, “ала турган сен эмес, алдыра турган мен эмес” деп айтканы аргасыз эске келет. Азыр да илгерки Рим императору Нерон сыяктуу кимдир бирөөнө багытталган ысык чокту Аида Салянованын колу менен жасагылары келип жатканы сезилип жатат...

Саляноав Аида Жеўишбекованы Кудайдын улуу күнү, (Орозо Айт күнү) 26-июнга чейин №1 тергөө абагында ка-макта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал күнү соттук отурумга Аида Салянованын адвокатынан башка адам киргизилген жок. Анын жактоочусу сотто Салянованы үй камагына чыгаруу боюнча негиздүү жүйөлөрдү келтириип, А. Салянованын төрт жаштагы кызы бар экенин, андан тышкары киши колдуу болуп каза болгон иниси Улан Саляновдун да жашы жете элек эки баласын карап жатканын белгилеп, аны үй камагына чыгарууну суранды. Бирок сот ал жүйөөлөрдү эске албаганы айтылбады. Экс-башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланышкан иш боюнча 3-июнда камакка алынган. Ал А. Батукаев абактан чыгарылган убакта (2013-жылы) Башкы прокурор кызматында турган. Ал эми Батукаев болсо 2013-жылдын апрель айында сот тарабынан «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Учурда А. Салянованын талапташтары фемиданын мындай чечимин “саясий боек” катары баалашууда.

“Айгай-пресс”

Рабига СЫДЫКОВА, А. Салянованын адвокаты:


«Бир киши айтты деп эле адамдын тагдыры менен ойногон болбойт»

- Салянованын №1 тергөө абагынакамалганы туура эмес. Мындай деўгээлдеги адамды камабаш керек болчу. Тергөөнүн «ал качып кетет жана күбөлөргө басым көрсөтөт» дегени да туура эмес. Ал тергөөдөн качпайт жана күбөлөргө басым көрсөткүдөй жогорку кызматта турган жок. Азыр «Коррупция» беренеси баарына эле колдонулуп калды. Бул берене өтө оор, анын экинчи бөлүмү менен 12 жылдан 15 жылга чейин жаза берилет. Аида Саляновага мурдагы атайын прокурордун бир көрсөтмөсү менен эле айып коюлду. Анда эч кандай далилдер жок. Мындай оор кылмыш үчүн так далилдер болушу керек.

PS: Албетте, Аида Салянованын камалышы одоно мыйзам бузуу менен коштолгону жалпыга маалым. Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда бир топ коррупцияга белчесинен баткан лөктөрдүн шаштысын алып, камакка алган. Ал кезде Салянованын мындай кадамы коомчулук тарабынан бааланып, жаңы замандын Жаңыл мырзасы деген атка конгон. Карапайым калктын ырыскысына кол салган ууруларды колго чаап, аларды кустурган Аида Салянованы  коргогондун ордуна кайра сизого камаган бийликке жол болсун. Аида Салянованын камалышынын артында чоң саясий боек турганы жашыруун эмес, керек болсо Саляновадан запкы жеген ууру-кескилер бийликтеги лөктөрдүн тамагын арам жол менен тапкан май токочтору менен майлап, Салянованы каматып тынгандары боюнча күбүр-шыбыр кептер айтылууда. Баса, дал улшул сизо - 1 де Аида Салянованын инисин өлтүргөн кылмышкерлер камалып олтурат. Алар тараптан Саляновага кол салуу болбойт деп ким кепилдик берет? Ансыз да жактоочусу Сыдыкова бүгүн маалымат жыйында Саляновага каралар тарабынан кысым жасалышы мүмкүн экенин айтып чыкты. Андыктан, от менен ойнобогула, арты жакшы менен бүтпөйт байболгурлар...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады