Бардык жаңылыктар

Шыкмаматов Өмүркулов менен кайым айтышып, аны катуу какты (видео)

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы туура эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

- Текебаев ушу жерден Атамбаев Атамбаев президент болуп турганда «Жоопко тарталы, узурпация жасады, кылмыш кылды, парламент сынбасын, элита, эл, конституция сынбасын» деп жатканда Иса Өмүркулов ушул жерден: «Эмне деп жатасың, ал деген улут атасы» деди эле. Эми 180 градуска бурулуп, башкача сүйлөп жатат. Атамбаевди колдогон жокмун, бирок Иса Өмүркуловдун чыгып сүйлөгөнү туура эмес.

Өмүркулов ага чейин Атамбаевдин президент кезиндеги ишин сындап сүйлөгөн. Ал эми Шыкмаматовдун айткандарына ал төмөнкүчө жооп берди:

- Сүйлөймбү же сүйлөбөймбү, сенден сурабайм. Экинчиден, баррикада-митингдерде сен да, мен да, Текебаев да чогуу жүргөнбүз. Анын президент болуп шайланышына сенин да, Текебаевдин да салымы бар. Ал бийликке келгенден кийин колдодук да. Берген сунуштарын колдодук, фракциянын жетекчиси катары колдодук. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болгонун көрүп жатабыз да.



Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кескин сын айтып, анын ишине баа бериш керек деген демилге көтөрүп чыгышты.

Атамбаев тараптан азырынча комментарий боло элек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...