Бардык жаңылыктар

Ишкерлерге бут тоспойлу! Байпакбаевдин ɵндүрүшчүлɵрдү «ɵпкɵгɵ» койгон мыйзамын Айдаров артка кайтарабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев ɵткɵн май айынын этегинде бир мыйзам долбоорун сунуштады. Тактап айтканда Байпакбаев сунуштаган долбоор боюнча айта турган болсок, 21-майда Жогорку Кеңеште «КР Салык кодексине ɵзгɵртүү киргизүү жɵнүндɵ» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу ɵттү. Мыйзам тили менен айтканда түшүнүктүү болбой калышы мүмкүн, бул себептен Экмат мырзанын «табылгасы» дейбизби, «особый мыйзамы» дейбизби, айтор ошол мыйзам сыяктуу «немесин» түшүнүктүү тил менен айта кетели. Экмат Жүрүкбаевичтин ою боюнча Кыргызстанда ɵндүрүлгɵн пиво продукцияларына акциздик марка киргизишибиз керек экен. Ушул жол менен контрабанда жолу менен сырттан кирип жаткан пиволорго чектɵɵ киргизсек болот деген логиканы айтты. Логика болбосоң кое кал! Бирок, ал тууралуу жетиштүү аргументтер менен түшүндүрɵ алган жок. Ыя, айланайын бул Экмат Байпакбаев деген депутат сɵрɵйдүн атамекендик ɵндүрүшчүлɵрдү колдогондун ордуна аларга бут тоскон мыйзам долбоорун сунуштаганы кандай?

Акциздик марка киргизсек эле контрабанда кан буугандай токтойт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Бул мыйзамдын түпкүлүгүнɵ үңүлсɵк жергиликтүү сыра ɵндүрүүчүлɵргɵ кызылдай эле бут тосуу болуп атпайбы? Акциздик марка кирген күндүн эртеси ата мекендик ɵндүрүшчүлɵр чыгарган сыра кымбаттайт. Пиво кымбаттаса элдин чɵнтɵгүнɵ күч келип, пивонун ɵтүмү тɵмɵндɵйт. Сатуунун кɵлɵмү азайса мамлекеттик казынага түшкɵн салыктын кɵлɵмү дагы тɵмɵндɵйт. Болжолдуу маалымат менен айта турган болсок, ɵлкɵбүздɵ ɵндүрүлгɵн «Арпа», «Абдыш-Ата» жана «Топоз» деген сыра ɵндүрүүчү 3 ири завод жылына болжолдуу 600-700 миллион сомдун тегерегиндеги салык тɵгүшɵт. Анын кɵлɵмү ылдыйлап кетсе салыктын азайган кɵлɵмүн мамлекетке Экмат Байпакбаев чɵнтɵгүнɵн тɵлɵп береби? Ошол эле учурда азыр ɵлкɵбүздɵгү ири сыра ɵндүргɵн заводдордо камералык кɵзɵмɵл бар, канча сыра чыгып атат, кандай чыгып атат онлайн кɵзɵмɵлдɵ тиешелүү тармактар карап олтурат. Демек, баарын ачык-айкын кɵрүп олтурган соң алардын ишине тоскоолдук жаратуунун кажети барбы?  

Акциздик марка киргизүү бул кайсы бир тараптын кызыкчылыгын коргоо деп түшүнсɵк болот. Байпакбаев кимдин «музыкасына» бийлеп жатты экен? Эгерде, Жүрүкбаевич кимдир бирɵɵлɵрдүн кызыкчылыгын коргоп жаткан болсо ɵтɵ жаңылышат. Болбогон бир 20-50 миң АКШ доллары үчүн ата мекендик сыра ɵндүрүүчүлɵрдүн ишине бут тосконуңузду сездиңиз бекен, Экмат мырза? Же утурумдук кызыкчылык сиз үчүн бийикпи? Ата мекендик ɵндүрүшчүлɵрдү коргогондун ордуна жонунан кайыш тилген мыйзам долбоорун сунуштаган депутатты эмне деп аташты билбей турубуз. Акыл калчап ойлонуңуз Экмат Жүрүкбаевич! 

Ал эми Жогорку Кеңеште бул тармакты тескеген Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин тɵрагасы Салайдин Айдаров ата мекендик ɵндүрүшчүлɵрдү колдоого алып, жогорудагы мыйзам долбоору боюнча калыс пикирин карманат деген ишеничтебиз. Дегенибиз, Салайдин мырза ɵлкɵнүн ɵндүрүшүн мыкты түшүнгɵн, аларды ар тараптан колдоого алып келген инсан эмеспи. Байпакбаевдин жеке кызыкчылык менен сунушталган мыйзамын комитеттин тɵрагасы катары Айдаров артка кайтарат деп ойлойбуз…

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады