Бардык жаңылыктар

“Учкун” басылмасы аттестаттар өз убагында берилерин билдирди

Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөр мектепти аяктаганы тууралуу аттестаттарды өз убагында алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” тендердин негизинде мамлекеттик үлгүдөгү документтерди басып чыгаруу укугун алган “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Даир Кенекеев билдирди.

Ал борбор калаадагы жана Чүй облусундагы мектептерге аттестаттар Билим берүү министрлиги бекиткен графикке ылайык, 24-июнга чейин берилиши керек экенин билдирди:

“Бирок биз графиктен эрте эле берип салууга мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз. Бүгүн аттестат деген теманы бүтүрөбүз деген оюбуз бар. Мурунку жылдары тендер алты ай мурун өтчү. Быйыл тендер майдын аягында өттү. Келишимге 6-июнда кол койдук. Эки жүз миңге жакын нусканы алты күндө жасаш чоң иш. Бирок графикке жараша кечиктирбей даярдап берип жатабыз. Кийинки жылдарга мамлекеттик маанидеги документтерди дайыма бир ишкана жасаса, ушундай шашылыш темп болбойт. Биз бардык күчүбүздү жумшап, документтерди тез арада жасап бергенге үлгүрдүк”, - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттары даяр эмес экенин жазып чыгышкан. Анда борбордун айрым мектептериндеги окуучулардын ата-энелери аталган документ даяр болбогону үчүн 21-июнда боло турган майрамдык салтанатты башка күнгө жылдыруу аракети көрүлүп жатканын айтып чыгышкан.

“Учкун” ачык акционердик коому быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдады. Тендерге үч компания катышкан. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады