Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Минск (Беларусь Республикасы) шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өткөн жыйынына катышты.
Кеңештин жыйынынын күн тартибинде 28 маселе каралды. Алар интеграцияны өнүктүрүү, соода жаатында кызматташуу, эл аралык кызматташтык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын айдоочулук эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүгө уруксат берүү, бажы кызматташтыгы, өнөр жай, товарларды маркалоо, ошондой эле мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашыруу маселелери.
Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинин евразия интеграциялык долбоорлорун жана программаларын башкаруу боюнча органын түзүү жана иштөө концепциясын талкуулашты.
Ошону менен бирге «Санариптик сервис «ЕАЭБ Контрагенти» долбоору талкууланып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн зергердик өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы каралды.
Бул планда зергерлер рыногунун катышуучуларынын Кеңешин түзүү каралган. Ага бизнестин өкүлдөрү жана мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары кирмекчи.
Мындан тышкары жыйындын катышуучулары ЕАЭБ жана Сербия Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагы жөнүндө Келишимдин долбоорун, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин алкоголдук продукцияларына акциздерине салык саясатын киргизүү принциптери жөнүндө Келишимдин долбоорун карап чыгышты.
Ошондой эле интеграциялык биримдиктин мүчө өлкөлөрүнүн тамеки продукцияларына акциздерине салык саясатын киргизүү принциптери жөнүндө Келишимдин долбоорунун ички мамлекеттик процедураларды өткөрүү багыты жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жыйындын катышуучулары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери маселесин талкуулашты.
Армения Республикасы жана Кыргыз Республикасы үчүн учурда иштеп жаткан ченемдерди белгилөө менен ташуу үчүн бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдерин эсептөө ыкмасы боюнча иштерди улантуу чечими кабыл алынды.
Кеңештин мүчөлөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) өтө турган жыйынынын күн тартибин жактырышты.
Тектеш кабарлар
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Эсепке албай жана контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш системалуу негизде жүргүзүлүп жана Өкмөттүн көзөмөлүндө турат Куш кабар // 6-12-2019, 15:09 |
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты Куш кабар // 20-11-2019, 12:24 |
Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Бизнес мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизе алышы керек Куш кабар // 24-06-2019, 11:38 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө Куш кабар // 14-06-2019, 15:35 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |