24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин айрым белгилүү ишмерлери социалдык түйүндөр аркылуу мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримованы мактап, аны түрмөдөн бошотууну суранышты.
Ташкенттик блогерлердин биринин айтымында, аларга мындай көрсөтмөнү президенттин администрациясы берген.
Блогердин пикиринде, бул кампания Гүлнара Каримованы бошотууга коомчулукту даярдоо жана позитивдүү мамиле жаратууга багытталган.
“Божалар” тобунун солисти Жахонгир Позилжонов социалдык түйүндөргө Гүлнара Каримова менен түшкөн сүрөтүн жарыялап: “Сизди сагындык, тезирээк үйгө кайтышыңызды жана бекем ден соолук каалайбыз” деп жазган.
Гүлнара Каримованы бошотуу боюнча челленжге актриса Халима Ибрагимова, эстрада ырчылары Шахзода Матчонова, Зиёда, Далер Субхонов, Дилфуза Кадырова да кошулган.
«Узбекконцерт» мекемеси бул боюнча комментарий берген жок.
Буга чейин Гүлнара Каримованын адвокаты анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин кабарлаган.
Гүлнара Каримова адвокаты менен акыркы жолу жолугушкандан кийин өзбекстандыктарга жана президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, кечирим сураган. Гүлнара мунапыс берүүнү өтүнүп, чет өлкөдөгү активдеринен баш тартарын билдирген.
Тектеш кабарлар
Иман Каримова апасынын жаза мөөнөтү бешинчи жолу узартылганын билдирди Аалам // 5-12-2019, 17:48 |
"Узбекконцерт" рэперлерди көзөмөлгө алат Аалам // 1-08-2019, 12:48 |
Өзбекстанда Гүлнара Каримованы жактаган артисттер эфирден четтетилди Аалам // 18-07-2019, 15:20 |
Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Бизнес мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизе алышы керек Куш кабар // 24-06-2019, 11:38 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |