Бардык жаңылыктар

Самара эки элдин көпүрөсү болду...

Негизи маданий алакалардын пайдасы зор. Анткени көптөн бери коңшу өзбектерге Самара Каримовадай болуп өз алдынча чыгармачылык концертин бергендер болгон эмес. Ошондуктан ушул жолку анын концерти чоң резонанс жаратты десек болот.

Көрсө таланттуулардын жүзү анын өзгөчөлүгүндө десек болчудай. Баса, ал боордошторубуз мекендеген Манас айылына да барып бир туугандардын черин жазды. Аны эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Ырчы, аткаруучу, бийчи, актриса деген атка конгон Самаранын арышы мындан ары бийиктей берерине шек жок. Табигый талант ушуга өбөлгө экени тастыкталды.

Кандай дебейли, көздүү мончок жерде калбайт тура. Ага наам берилгенде мурдун чүйрүп көрө албастык кылгандар да болгон. Бирок, ошол сынчылар Самарадай болуп жылдыздай жарк эте алышкан эмес. Кытайча, түркчө, өзбекче кыраатына келтире ырдаган Каримованын маданиятка кошкон салымы тоодой дегенди уялбай айтууга негиз бар. Не дейли, жаркылдап ырдап жүрө бер элдик ырчы Самара!

С. Жороев
Булак:Ачык сөз гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады