Бардык жаңылыктар

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ: “Тышкы иштерде, ички саясатта улуттук кызыкчылыкты көздөсөк, жалпы эл аралык коомчулук биз менен эсептешет"

-- Аликбек Жекшенкулович, Бишкек ТЭЦиндеги ызы-чууга байланыштуу Кытайдын биздеги элчиси Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө -- кол коюлган макулдашууларга ылайык жүргүзүлөрүн айтты. Бул эмнени туюндурат?

-- Кытайдын элчиси жөн сүйлөбөйт. Мында бир мандем бар. Аларда тартип катуу. Ага жетекчилиги тапшырма берген болуш керек, элчи ошон үчүн айтты. Себеби, Кыргызстандын расмий бийлиги бүгүнкү күндө “биз карызыбызды төлөбөйбүз” деген маселе койгон жок да. Балким, кандайдыр бир деңгээлде бейформал сөздөр болгондур. Эгер ошондой сөз болгон болсо, бул чоң катачылык. Мындай да. Ар бир нерсенин өзүнүн эрежеси болот. Кредит алганда мамлекет жетекчилери эмес, жөнөкөй жаран дагы “ал карызымды кантип төлөйм” деп ойлонот. Ойлонуп, бир чечимге келгенден кийин гана алат. Карыз алып жатканда өзгөчө мамлекет жетекчилери элдин астында жоопкерчиликти сезиши керек. Анткени, кредит туура эмес пайдаланылса, биз экономикалык жактан көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн. Менин оюмча, акыркы жети-сегиз жылда, тилекке каршы, биздин бийлик карызды ойлонбой эле ала берген. Өзүңөр билесиңер, Бакиевдин учурунда тышкы карыз 2 млрд. доллардын тегерегинде болсо, азыр 4 млрд. доллардан ашып кетти. Ал акчалар натыйжалуу пайдаланылдыбы, биздин экономикабыздын өсүшүнө, элибиздин турмушу оңолушуна шарт түздүбү? Бул чоң суроо.

-- Барган сайын карыздардын өсүшү санаркоо жаратууда...

-- Дегеле кредит бергени үчүн биз Кытай өкмөтүнө, жетекчилерине ыраазылык билдиришибиз керек. Анткени, алар кыргыздар экономикасын оңдоп, өндүрүш ачып, жолдорду, социалдык объектилерди салып, “оңдоп алсын, келечекти ойлогон кадамдарды жасашсын” деген жакшы ниет менен беришет. Кредит туура жумшалса, ал экономикага пайда келтире турган нерсе. А эгерде кыянаттык менен пайдаланылса, элибизге, мамлекетибизге, биздин балдарыбыздын келечегине зыян келтирет. Мисалы, ошол эле ТЭЦти модернизациялоого жумшалган кредитти ала турган болсок, бул албетте, биздин элибизге кыйынчылык жаратып жатат. Адистердин эсептөөсү боюнча, биз бул карызды 600 миллондой доллар өлчөмүндө кайра кайтарат экенбиз. Бул эмне деген акча?! Канча завод, канча оорукана, мектеп салсак болот эле? Бул кредитти ким алган, кандай шартта – муну ачыкка чыгарууну коомчулук талап кылышы керек. Эл билсин. Өкмөттө ошол кезде иштеп жаткан жетекчилер, энергохолдингдин өкүлдөрү эмне үчүн мынчалык чоң өлчөмдөгү кредит алынганы тууралуу жооп беришпейт? Элдин, мыйзамдын алдында угалы да...

-- Алынган кредит кандай пайдаланылгандыгына кытайлар деле көз салып турушат да... Жанагындай ызы-чуулар мындан аркы кызматташууга терс таасирин тийгизбейби?

-- Билесиңер да, Кытай менен Кыргызстандын масштабы, экономкалык деңгээли абдан чоң айырмаланат. Кытай бүгүнкү күндө байлыгы боюнча дүйнөдөгү экинчи мамлекет болуп калды. Мамлекет кредит берүү боюнча саясый чечим чыгарат, кандай аткарылышына ар кайсы компаниялар милдетин алып, жооп берет. Ошон үчүн бул жерде Кытай мамлекетине, жетекчилерине эч кандай доомат коюлбашы керек. Аларга жогоруда белгиленгендей, кайра рахмат айтышыбыз парз. Бул жерде кептин баары аткаруучу компанияларда болуп жатат.
Карап көрсөңөр, 600 долларга аттиш, же болбосо 14,5 миң долларга видеокамераларды ким алган? ТВЕА компаниясынын жетекчилери уруксат беришкен. Аларга ким шарт түзүп берген? Биздин чиновниктер, ошо кездеги өкмөттүн мүчөлөрү, энергохолдингдин, ТЭЦтин жетекчилери. Ошон үчүн менин оюмча, бул маселеге эки тарап тең жооптуу. Тилекке каршы, биздин өкмөт Кытай жарандарынын жоопкерчилиги боюнча маселе көтөргөнгө даремети жеткен жок. Себеби, ошого аралашкан кишилер бүгүн бийликте отурушат. Кытайлар “600 долларга аттиш алабыз” деп смета түзүп жатканда, Кыргыз чиновниктери кантип билбей калышсын? Актыга кол койгон болуш керек. Кыргызстан тарап кредит кандай пайдаланылгандыгын көзөмөлдөөгө укуктуу болчу. Бирок, кытайлык адистер кредиттик каражатты кандай пайдалангандары эми оркоюп ачыкка чыгып атат. Ошондуктан, ошол кездеги өкмөт мүчөлөрүн, энергохолдингдин, ТЭЦтин жетекчилерин дыкат иликтөө жүргүзүп туруп, жоопко тартуу керек. Андан кийин Кытай тарапка маселени койсо болот. Анткени, жана башында айтылгандай, бул эки тараптуу жоопкерчилик. “Бир гана кыргыздар күнөөлүү” дегенде болбойт. Себеби, коррупцияда берген дагы, алган дагы жооп бериши шарт. Бул мыйзамченемдүү. Анүстүнө БУУнун Коррупция боюнча эл аралык конвенциясында ким коррупцияга шарт түзсө, ошол жооптуу болору так айтылган. Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн, “Кытай тарап буга кандай карайт, юридикалык маселелер боюнча биз сөз айта алабызбы, же айта албайбызбы?” депчи. Биздин толук укугубуз бар. Анткени, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда 1996-жылы жарандык жана кылмыш иштери жагынан бири-бирин укуктук колдоо боюнча келишим түзүлгөн. Ушуну негиз кылып алса болот. Биздин дипломаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн духу жетеби-жетпейби, билбейм, бирок, иликтеп, ушул ишке аралашкан жарандардын күбө же кылмышкер экендигин далилдегенге бизге укуктук жардам берүүнү айтып, Кытай өкмөтүнө кайрылса болот. Ошондо коррупциялык схема толугу менен ачылат. Билесиңер да, Кытайда коррупционерлер атууга кетет. Компаниянын өкүлдөрүн жакшылап “такаласа” эле биздин чиновниктерден кимдерге пара бергенин, кимдер менен бөлүшкөнүн ачык айтып беришет.

-- Кыргызстандын Кытайга карызы 1 миллиард 700 млн. доллардан ашыгыраак. Башкача айтканда, тышкы карызыбыздын 41 пайызын түзөт. Бизден мурда карыз алып, төлөй албай калган өлкөлөр жерлерин беришкени боюнча интернетте жүрөт. Кыргызстанга да мындай коркунуч жаралбайбы?

-- Тилекке каршы, бийлик кредиттерди алганда будамайлап, элге ачык-айкын билдирбейт. Мен бийликте болбогондон кийин келишимдин жоболорун билбейм. Келишим кандай шартта түзүлгөн, биз тарап кандай милдеттенмелерди алган – мына ушуларды изилдеп көрүш керек. Менин оюмча, “ачык-айкын чыгаргыла” деп коомчулук талап кылуу зарыл. Ал жерде жашыруун эчтеке болбош керек да, туурабы? Биз карызды качан, кандай шартта кайтарабыз, төлөй албай калсак кандай кыйынчылыктар жаралат – муну эл билиши керек. Коррупциянын деңгээли өтө жогору болуп, Акүйдүн жетинчи кабатына жеткени баарыбызга маалым. Ушундай шартта биз өтө оор кырдаалга туш болуп калышыбыз мүмкүн. Президент да бул маселеге өтө олуттуу карап, көзөмөлгө алууга тийиш.
Ал эми Кытай башка өлкөлөрдүн жерлерин алып койгонуна мен ишенбейм, мен андай мисалдарды билбейт экенмин. Бул жөн гана “беш өрдөк” да болушу мүмкүн. Бирок, карыз өз учурунда төлөнбөй калса, эл аралык мамиледе, экономикага, коопсуздукка байланышкан маселелерде кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылыктар жаралышы турган кеп.

-- Сиз айткандай, Кытайда мыйзам өтө катуу. Бирок, алар биздин чиновниктер эч бир ишти “шапкесиз” жылдырбай турганына көздөрү жеткен соң, мыйзам бузууларга барып атышкан жокпу?

-- Жалпыга маалымдоо каражаттарынан билебиз да, Кытайда деле коррупция жок эмес. Өлчөмү да аз эмес. Ошол себептен көп чиновниктер атууга кетип атпайбы. Адам деген адам да. Кытайда болобу, Европа, Америкада болобу, коррупция баардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү илдет. Мыйзамдар канчалык катуу жазылса дагы аларды бузуп атышпайбы. Мен эмне себептен эки тарап тең жооп бериш керек экенин айттым? Эгер кытайлар чын дили менен “кыргыздарга жардам беребиз” дешсе, алар биздин укук коргоо органдары менен эки тараптуу комиссия түзүп, Кытай тарапты дагы, Кыргыз тарапты дагы изилдеши керек. Ошондо билинет. Эгер биз Кытай тарап күнөөлүү экенин далилдей алсак, анда кредитти жеңилдеткенге жол ачылат. Мен эл аралык уюмдарда иштеп келбедимби, билем. Тышкы иштерде, ички саясатта улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясатты жүргүзсөк, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн талаптарды койсок, чоң мамлекетпи, кичине мамлекетпи – жалпы эл аралык коомчулук биз менен эсептешет жана сыйлайт. Анткени, алар дагы өздөрүнүн саясатын ушундай багытта жүргүзгөнгө милдеттүү. А эгер жеке же кандайдыр бир саясый топтун кызыкчылыгын көздөсө, анда эсептешпейт. Ошон үчүн Кытай жетекчилигине маселени керек болсо кабыргасынан коюшубуз зарыл.

-- Бир катар долбоорлору ишке ашпай калгандыгына байланыштуу Сапар Исаков же жалпы өкмөт отставкага кетиши мүмкүнбү?

-- Мен Сапар Исаковдун ишине баа бергим келбейт, анткени, ал менин кол астымда иштеген. Негизи жалпы өкмөттүн иши боюнча айтсам, көп маселе боюнча шашып-бушуп, популизмге берилип, жаштык кылып атышат. Билесиңер да, “Лигласс” боюнча биздин элчилик каршы пикирин билдирген. Дипломаттарды угуш керек болчу. Булар болсо күчкө салып эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп киришти. Анан “келишимди жокко чыгаруунун эч зыяны жок” дешет. Бул өтө чоң жаңылыштык. Бул Кыргызстандын имиджине, кадыр-баркына шек келтире турган маселе. Анткени, ири инвесторлор Кыргызстанга келээрдин астында “өлкөнүн экономикасы, коопсуздугу, коррупциянын деңгээли кандай, соттор кандай иштейт, башка инвесторлор менен долбоорлор кандай натыйжа берди?” деп баарын иликтеп чыгышат. Ошондон кийин гана келишет. “Хуавей” компаниясы менен “Акылдуу шаар” курабыз” деп мактанып алышып, төрт-беш айдан кийин келишимди бузуп отурушат. Бир кол коюп, эртеси кайра бузгандай мамлекет деген бул оючук эмес да. Бул биздин мамлекеттин аброюна шек келтирчү кадамдар. Аныгында, кыйыр түрдө айтканда, бул өлкөгө миллион эмес, керек болсо миллиарддаган долларлык зыян келтире турган иштер.
Ал эми өкмөттүн келечеги тууралуу айтсак, эми буларга иштеш кыйын болуп калды го. Жалаң популизм менен алек. Ошон үчүн мен булардын келечегин көрө
албай турам. Башкы жетекчи салмактуураак болсо, ары бери чуркабайчы. Ким каякка чуркап, эски жетекчи менен жаңынын ортосуна ким чагым салып жүргөнүн элдин баары билип калды да...

-- Жаңы президент кадр саясатын али толук кандуу жолго сала элек. Эгер өзүнүн командасы болбосо, эски, мурдагы бийликтин кадрлары менен коррупцияга каршы кантип күрөшөт?

-- Мен ойлойм, Сооронбай Шариповичте бир гана жол бар, өзүнүн командасын топтоп, ал командага партия, регион деп ылгабай, тажрыйбалуу, таза адамдарды, профессионал адистерди, жаштарды чогултса, анда бул абалдан оңой эле чыгып кетебиз. Жаңы президентте дагы мүмкүнчүлүк, убакыт бар. Байкап атасыңарбы, ал киши өзүнүн сабырдуу кадамдарын жасап, бара-бара өзүнүн максатына жеткендей болуп атат. Мисалы, аппарат жетекчилигине адегенде Фарид Ниязовду дайындады эле, эки айдан кийин жолуна түштү. Менин оюмча, күч органдарынын жетекчилери деле алмашат. Азырынча президент кадамды кескин эмес, сабырдуу маанайда жасаганы туура эле. Анткени, өзү КСДПдан чыккан. Шашылыш кыймылдарга барса, коомчулук деле туура кабыл алмак эмес.

-- Азыр парламентте Атамбаев күчүн жоготуп, Асылбек Жээнбековдун таасири күчөп баратканын талдоочулар, эксперттер айтып жатышат. Экс-президент менен жаңы президенттин ортосундагы ажырым эмнеге алып барышы мүмкүн?

-- Бул жерде эки вариант бар. Биринчиси, Атамбаев акылмандык кылып, саясаттан өзү кетип калышы керек. Ошондо аброюн сактап калганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Жок, мен кайра саясатка келем” десе, анда өкмөттө, парламентте, коомдо дагы тирешүүлөр, бөлүнүп-жарылуулар көбөйөт. Ансыз деле 7 жылда эмнени кыйратты? Бир дагы завод салынган жок, жаңы жумушчу орундары пайда болбоду. Жакшы программалар жазылды, бирок, алар ишке ашпады. Коомдо карама-каршылык, ушук-айың, интрига күчөп кетти. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Кыргыздар ансыз деле алакандай элбиз. Бөлүнбөй-жарылбай, биримдикке келишибиз керек.

-- Апрель революциясы максатына жеттиби? Кандай дейсиз?

-- Мен революцияга салым кошкондордун биримин. Бирок, акыркы жети жылда коомдо болгон процесстер Апрель ревоюциясы максатына жетпегенин көрсөттү. Булар башында эле туура эмес башташкан. Аянтта кан төгүлүп аткан учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өкмөт үйүндө отуруп алышып, портфель бөлүшүп аткандарын көрдүм да, ошондо эле иренжигем. Ошон үчүн министрлик кызматтан баш тарткам. Кийин “элчи, дипломатиялык академиянын ректору бол” дешкенде да макул болгон жокмун. Булардын түбү жакшы болбосун ошондо эле сезгем. Кайран гана шейит кеткен 87 жигиттин өмүрү! Ал эми майып болушуп, канчалары азап тартышты? Алардын үй-бүлөлөрүнүн, балдарынын тагдырын ойлосом аябай ичим ачышат. Коомдо адилеттүүлүк орнодубу? Соттор калыс иштеп калыштыбы? Коррупция жоюлдубу? Мамлекетибиз өнүктүбү? Тилекке каршы, “ооба” деп айтыш
кыйын. Көп жагынан биз кайра артка кеттик. Бирок, менин үмүтүм чоң, кыргыз көчү бара-бара түзөлөт. Анткени, элибиздин, жаштардын арасында билимдүү, креативдүү, келечекти көрө билген адамдар көп.

Асланбек САРТБАЕВ

Булак:Азияньюс


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады