Бардык жаңылыктар

Өмүрбек Текебаев: «Атамбаев саясий өлүк болду, өчтү» дегенде да кайра от алып, татаал кырдалдан олжолуу чыкчы эле»

- Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча Жогорку Кеңеш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды. “Конституциялык палата мыйзамдын маанисин, концепциясын өзгөртүп жиберди” деп авторлордун бири Исхак Масалиев авторлуктан баш тартты. Бул тууралуу Сиздин оюңуз кандай?

- Алгач, экс-президенттин кол тийбестигинин тарыхын карап көрөлү. 1999-жылы 31-декабрда Ельцин өзүнө, жакындарына кол тийбестиктин кепилдигин алып, күтүүсүздөн отставкага кетип, Путинди мураскер кылып калтырып кетти. Ошондон кийин КМШ өлкөлөрүндө президенттер эртеби-кечпи кетээрин билип, кылган иштерине жооп бербеси үчүн, өздөрүнүн коопсуздугун, мал-мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн өз өлкөлөрүндө экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө толуктоолорду өз өлкөлөрүнүн Конституцияларына киргизишкен. Кыргызстанда да 2002-жылы февралда референдум болуп өтүп, ал референдумда Аскар Акаев өзү сунуштаган Конституция кабыл алынды. Ал Конституцияда экс-президентке абсолюттуу кол тийбестик берилген. Абсолюттуу кол тийбестик деген эмне? Ал – эмне кылса дагы, таптакыр кылмыш жообунан бошотулат, кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн эмес дегенди түшүндүрөт.

- Президенттин ишинин кепилдиги жана экс-президенттер жөнүндө мыйзам долбоорун сиз киргизгениңизди айтып жүрүшөт...

- Туура, ал мыйзам долбоорлорунун демилгечилеринин бири мен болгом. Ал мыйзам Конституциядагы нормалардын негизинде 2003-жылы июнь айында кабыл алынган. Ошол мыйзам долбоорунда коммунисттик партиянын бүгүнкү Кыргыз мамлекетинин калыптанышына кошкон салымы, анын экономикасын, маданиятын, илимин өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин эске алып, “Коммунисттик партиянын Биринчи секретарлары мамлекет башчысы деген статуска ээ болсун” деген норманы мен киргизгем. Ошондо аксакалдар: Абсамат Масалиев менен Турдакун Усубалиев элдин көзүнчө “жок, мунун бизге кереги жок эле” дешкени менен жаш балача сүйүнүшкөн. Алар албетте, мамлекеттик бекер берилген дачага, бекер берилген машинага, медицианалык камсыздандырууга кубанышкан жок. Алар мыйзамдагы “коммунисттик партиянын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып...” деген нормага сүйүнүштү. Анткени, иш жүзүндө мен бул сунушум менен Компартияны, анын Биринчи катчыларын, лидерлерин реаблитация кылган элем. Ошондо ошол эле аксакалдар: Усубалив менен Масалиев “Өмүке, Чолпон-Атадагы дача керек болсо, ар дайым ачкыч сеники, тартынбай сурай бер” деп айтышкан. Албетте, эми бул тамаша иретинде айтылган сунуш эле.
2005-жылы март айында Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна каршы эл көтөрүлдү. Революциянын негизги себеби – авторитардык үй-бүлөлүк башкаруу, Акаевдин элге каршы саясыты болгон. Ошондуктан, эл “саясий реформалар жүрүш керек” деп революцияга чыгышкан. Мына ошол авторитардык системаны демонтаж кылуунун рамкасында “экс-президенттерге кол тийбестик берилбейт, ал башка жарандардай эле кылган кылмышы үчүн мыйзам алдында, эл алдында жооп берет” деген жобо болгон. 2006-жылы ноябрда парламент кабыл алган, 2007-жылы референдум менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында экс-президенттердин кол тийбестиги жокко чыгарылган. 2010-жылы референдум болуп, жаңы Конституция кабыл алынды. Ал референдумда “экс-президенттердин кол тийбестиги жок” деген норма дагы бир жолу элдин эрки менен тастыкталды. 2018-жылы май айында КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы интервью берип, “Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу – бул өтө оор маселе, аны алуу үчүн референдум кабыл алыш керек” деп жарыялады. Мунун өзү президент Сооронбай Жээнбековдун командасында кол тийбестиктин келип чыгышын, анын тарыхын, табиятын билген адамдар жок экендигин, “Атамбаевди камасакпы же, камабасакпы” деген маселеде алардын бир позициясы жок экендигин айдан ачык көргөздү. Ошол убакта мага 24.kg маалымат-агенттиги кайрылып, пикиримди сурады. Мен ошондо айткам, “Кыргызстандагы экс-президенттердин кол тийбестиги 2006-жылдан бери жок, ал эки жолу референдумда тастыкталган. Ошондуктан, Атамбаев экс-президент катары эч кандай кол тийбестикке ээ эмес, аны президенттик убактагы кетирген каталары үчүн катардагы жаран катары жоопкерчиликке тартууга болот” дегем.

- Анда эмне үчүн аны азырга чейин жоопко тарта албай жатышат?

- Анткени, жана мен айткандай президенттин командасында бул маселе боюнча бир пикир болгон жок. Экинчиси, президент Жээнбековдун айланасындагылар “Текебаевди угуп эле, экс-президенттин иммунитети жок деп койбош керек, анткени 6 жылдан кийин сиз дагы экс-президент болосуз, сиз өзүңүздү ойлоңуз, кол тийбестик керек” деп айтып чыккандары да болду. Кийин муну Конституцилык соттун чечими менен ишке ашыруу аракети болду. Конституциялык сот “экс-президент мөөнөтүндө кылган кылмыш иштери боюнча кол тийбестикке ээ, ал кол тийбестик президенттин кол тийбестигинен кем болбошу керек” деген чечим чыгарды.

- Атамбаев муну бүгүнкү бийлик менен кеңешип, макулдашып жасалды деп ойлойсузбу?

- Президенттин аппаратында Атамбаев менен иштеген юристтер көп. Аларга азарга чейин Атамбаевдын таасири бар. Алар президенттин командасын ушундай жакшы болот деп ынандырышкан болушу мүмкүн. Конституциялык сот чечим кабыл алышына бүгүнкү бийликтин позициясы да өтө чоң мааниге ээ. Анткени, Конституцилык соттун отурумуна президенттин, Жогорку Кеңештин өкүлү катышышат. Алар президенттин, Жогорку Кеңештин позициясын айтса, Конституциялык сот аларды эске алганга мажбур болот эле деп ойлойм. Бул биринчиден. Экинчиден, Конституциялык сот Атамбаевдин убагында чекеден чертилип тандалып алынган судьялардан турат. Атамбаевге берилген судьялар да ал жерде көп болсо керек. Ошолордун таасиринен улам да ушундай чечим кабыл алынды деп ойлойм.

- Жээнбеков президент катары кол тийбесттикке ээби?

- Конституциялык сот чечим чыгарып, жакында Консититуциялык соттун төрагасы Эркинбек Мамыров соттун чечимин чечмелеп жарыялады. Ал мындай деди: “Жаңы кабыл алынган мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбековго жана андан кийинки экс-президенттерге тарайт. Атамбаевге жаңы мыйзам тарабайт, анын кол тийбестиги эски мыйзам менен кепилденет” деди. Эски мыйзамда жана мен айткандай, “Атамбаевге иш козголушу мүмкүн эмес” деп турат. Жаңы мыйзам боюнча “экс-президент Жээнбековго кылмыш иши козголсо, парламенттеги депутаттардын 2/3си (б.а. 80 депутат) добуш берсе, ал жоопко тартылат” деп турат. Ошентип, Атамбаев өзүнүн саясий ресурстарын пайдаланып, абсолюттуу кол тийбестик укукка ээ болуп алды. Эми аны жоопко тартуу мүмкүн эмес.

- "Конституциялык соттун төрагасы айта берет" - деп, Жогорку Кеӊештен мыйзамды алып салышса кандай болот?

- Конституциялык палатанын чечимин эч ким жокко чыгара албайт. Жакса, жакпаса да ал чечимдерди аткарыш керек. Сиз айткандай, күчкө салса да болот. Бирок, анда Атамбаевди камоо шектүү, саясий куугунтукка окшоп калат. Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин, саясий кырдаал өзгөргөндө бул чечимдер кайра каралышы мүмкүн. Мындай кырдаал президент С.Жээнбековдун командасынын тажрыйбасы аздыгынан жана Атамбаевдин таасири азырга чейин кээ бир мамлекеттик органдарда бар экендигинен улам түзүлдү.

- Жогорку Кеңештин депуттатры “экс-президент саясатка, шайлоого катышпашы керек, эгер, ал катыша турган болсо, “экс-президент” статусун жоготот” деген сунуш киргизип жатышат. Бул туура демилгеби?

- Бул сиз айкандай күчкө салуу, айла кеткендеги иш. “Экс-президенттер саясатка, шайлоого катыша албайт” деген норма бүгүнкү Конституцияга да, логикага да каршы келет. Конституциянын 69-статьясында “өз эрки менен кызматтан кетишкен мурунку президенеттердин баары “КРнын экс-президенти” деген макамга ээ болот” деп жазылып турат. Экс-президент – ал да Кыргызстандын жараны. Экс-президентке Конституцияда бир гана нерсеге тыюу салынган. Ал – экинчи жолу кайра президент боло албайт. Башка кызматтарга, коомдук жана саясий иштерге катышканга башка жарандардай эле толук укуктуу. Анын укугуна КРнын Конституциясы жана мыйзамдары, Эл аралык келишимдер кепилдик берет. Эми Атамбаевге Конституциялык соттун чечими менен абсолюттуу кол тийбестик берилип калгандан кийин, ал “шайлоого катышам” деп жатканда эмне кылаарын билишпей, “шайлоого катышсаң, экс-президенттик статусуңдү алып коебуз, камап коебуз” деп шантаж кылып коркутуп жаткандай. Бул туура эмес. Атамбаев импичмент жолу менен кызматтан бошогон жок. Ал өз ыктыяры жана шайлоо жолу менен президенттигин бошотуп берди. Аны бүткүл Кыргызстан менен дүйнө жүзү билет. Бүгүнкү президент Жээнбеков өзү да муну Кыргызстандагы тарыхый жетишкендик экендигин ар кандай форумдарда айтып жүрөт.

- Атамбаев “2020-жылкы кезектеги парламенттик шайлоого өз партиямдын тизмесин жетектеп катышам” деп жарыялады. Эмне үчүн ал эрте кыйкырган короздой болуп, шайлоого чейин эки жыл мурун мындай билдирүү кылды? 

- Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы. Ал көп аракеттерин пландаштырып, бышырып, кеңешип, жарыялап жатат. Мен жана айткандай, Конституциялык соттун чечими менен өзүнө юридикалык жактан кол тийбестикти камсыз кылып алды. Эми саясий жактан кол тийбестикти камсыз кылгысы келип жатат. Ал “2020-жылкы парламенттик шайлоого оппозициялык күч катары катышам” деп өзүнө саясий иммунитет алып жатат. Мындай билдирүүдөн кийин Атамбаевге каршы аракеттердин баары саясий куугунтук катары карала баштайт. Ошентип, экс-президент Атамбаевдин командасы бүгүнкү президент Жээнбековдун командасын бул маселеде да мыш кылды деп айтса болот.

- Атамбаев “камалып калам” деп коркуп жатат, ошондуктан, кайра-кайра Жээнбековго ортомчу жиберип, “жарашам” деп жатат. Муну Атамбаевдин жакын адамдары да айтып чыгышты. Буга сиздин бааңыз кандай?

- Мен Атамбаевди жакшы билем. Көп жылдар оппозицияда чогуу иштедик. Атамбаевдин кемчилиги – ойлонбой сүйлөп, кээде баштаган ишин аягына чыгарбай, жалакайлык кылганы. Бирок, ал тобокелге барганга, башын канжыгага байлап күрөшкөнгө даяр. Андай кырдаалдарды биз бир нече жолу башыбыздан өткөргөнбүз. Өзүбүзчө Атамбаевди "тагдырдын эрке баласы " деп коет элек. Анткени, «Атамбаев саясий өлүк болду, өчтү» дегенде да кайра от алып, татаал кырдалдан олжолуу чыкчы эле. Биз оппозицияда Атамбаевди көп тоотпойт элек. Бирок, жыйынтыгында биз эмес, ал Президент болду. Ошондуктан, Атамбаевди "өлдү" деп жарыялоо эрте. "Пациент скорее жив, чем мертв" деп, айтаар элем.
 Атамбаевдин жакындары аркылуу Жээнбеков менен жолугуп, сүйлөшүүгө, жарашууга даяр экенин билдирүү ниети башкада. Ал өзүнө саясий алиби даярдап жатат. Кокустан Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп, күтүүсүз окуялар болуп кетсе, Атамбаев “намысымды, амбициямды жыйнаштырып коюп, кайра-кайра Жээнбеков менен жолугушалы, сүйлөшөлү деп аракет кылгам, бирок ал кагып, “жолукпайм” деген”, деп эл алдында айтканга өзүнө негиз алды.

- Бүгүнкү бийлик сиздин айканды укпай, Атамбаев менен мышык-чычкан ойноп олтуруп, аны кылган кылмыштары үчүн кылмыш жообуна тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадыбы?

- Жолдору бар.

Динар Турдугулова

(Маекти алууга жардам берген адвокат Т.Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады