Бардык жаңылыктар

КАРА-СУУ ЭЛИ АРДАКТАГАН АКИМ БААТЫР


Жүрөгүнө мекенчилдик сезим уюган кишинин эл алдына жүзү дайыма жарык болот. Эмгеги менен эл оозуна алынып, калк кадырлап турса, ого бетер. Каарманым дал ушул ой-чабыттын омоктуу оюна арзыган инсан. Ал – талыкпас мээнет менен ак эмгектен кадыр күткөн, чыныгы элдин уулу Аким Баатыр.


Оштун Кара-Суу району – төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү жер. Мына ушул районго караштуу 18 миңден ашуун калкы бар ири Сарай айыл аймагы башка аймактардан айырмаланып, «эң бай айыл аймак» катары белгилүү. Бул артыкчылыкка ээ болуунун артында иштерман жетекчи, анын түмөнүйшүктүү эмгеги тураары шексиз. «Кайсы элге ак жолтой жетекчи туш келсе, ал элге, жерге кут түшкөнү» демекчи, сарайлыктардын келечек үмүтүн жандырган айкөл жетекчи Аким Баатыр болуп берди. 


Сарай айыл аймагын 2002-жылдан тарта бир нече жыл Аким Баатыр башкарды. Шайланган күндөн тарта, жигердүү эмгектенип баштаган. Анын дамаамат аракети, максаты – оболу, айыл аймагынын күчтүү каржылык базасын түзүү болсо, ага удаа салык иштерин жөнгө салуу, күчтүү команда түзүп, ишке ыңгайлуу бардык шарттарды жайгаруу милдеттери да турган. Аким Баатыр мунун баарын жөнгө салды. Ошентип, алгылыктуу аракеттер аркасынан ийгиликтер жарала баштаган. Иш билги жетекчи эл ишенимин «ийненин көзүнөн» өткөрүп, жакшы жашоого болгон үмүт-тилектерди ыроолоду. Аким мырзанын иштин көзүн билген, каруусун казык кылып, эл мүдөөсүн баарынан жогору коюп, астейдил иштеген мээнетинен улам, ага калк таразасы калыс түшүп, кайрадан ишенимге ээ болду. 2005-жылы болгон жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жетекчилерди шайлоодо дагы Аким Баатырды айыл өкмөт башчылыгына колдоп беришти.Бул ишеним ага сыймык да, зор жоопкерчилик да болду. Кийинки мөөнөтүндө мындан да көп иштерди жасады.


Кара-Суунун Сарай айыл округун Аким Баатыр башкарган жылдардагы опол тоодой иштер жасалганы тууралуу жазылган «Күчтүү элет – кубаттуу мамлекет» деген китепти окуп чыктым. Мында Аким Баатыр жаңы шайланып келгендеги айыл аймагынын абалы жана улам алдыга карай көзгө толоор өсүп-өнүгүүлөр тизмектелген. Кыргызстандын аймагында өз каражатынан социалдык объектилерди, мектеп курган айыл өкмөттөр дээрлик жок. Аким Баатыр өзүнүн демилгеси менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 44 млн. сомго мектеп курган өлкөдөгү бирден-бир айыл өкмөт башчы болгону жазылган. Белгилей кетчүнегизги нерсе, бараандуу иштин башаты, жаңы реформалардын: социалдык-экономикалык жаңылануунунүлгүсү дал ушул аймакта болгону кадыресе байкалат. Айтор, бул инсандынмиң түркүн мүшкүлдү мойнуна артып, жоктон барды жаратып, сарайлыктардын ырыскысын арттырган мээнети ченегиз экенине ынанасың. 


Аким Баатырды«каарын салбаган карапайым жетекчи, улуу-кичүүгө бирдей мамиле күткөн, бечарага арка-бел боло билген, майыптарга, кары-картаңдарга карамдуу адам»,- деп макташат. Анан да бул инсандын улуулугу менен адамгерчилиги бийиктигине суктанып, аны менен сүйлөшүүгө, пикир алышууга ынтызар болгондор арбын. Бул нерсенин өзү адамдын чексиз айкөлдүгүнөн, жан дүйнө, аң-сезиминин тереңдигинен, бай экенинен кабар бербейби... Мындай улуу сапат баарында эле боло бербейт. Аким Баатырдын башкалардан айырмасы ушул. Дагы бир айырмачылыгы бар. Ал – анын популисттик мүнөздөн алыстыгы. Дайыма элинин эртеңин ойлоого, өзүнүн күчүн, тажрыйбасын мамлекетке жумшоого умтулат. Калкына кадыры сиңген, чыныгы элдин уулу болгон сыры да ушул.


«Кара-Суунун кадырман ата уулу» дешип, Аким Баатыр тууралуу карасуулуктар ооздон түшүрбөй кеп кылышса, айрымдар ал кишини райондун акими катары кабыл алышкандар да жок эмес экен. А чынында анын эрдикке тете эмгектерин эске алганда, алдап-соолап күчүн алчу ушу куракта аны эс алдырып коюунун өзүөөн учурачу көрүнүш го. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иштеген мындай жетекчилерди ишке тартып, тажрыйбасын бөлүшүү, күчтүү элет – кубаттуу мамлекетти түптөө зарылдыгы өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы максаты эмеспи…



Ажар ТЕМИРКУЛОВА


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

3 комментария
Айбек
Аким Баатырды карасуу районунда эн белгилуу жана эмгеги синирген адамдардын катарында экенин баардыгыбыз билебиз. Бул инсандын карасуунун инфраструктурасынын онугушуно ото чон салымы бар. Аким Баатырдай аламдарды колдошубуз керек. Ушул инсанга окшогон жетекчилерибиз коп болсо, Кыргызстан тез Эле онугуп кетебиз
Нуртегин
Аким Баатыр менен жеке таанышчылыгым жок, бирок сыртан тааныйм. * Биринчиден адам катары отто жонокой жана козчул инсан экенин карасуунун тургундарынын баарына белгилуу. * Экинчиден, Аким Баатыр чон уй булоонун суйуктуу атасы жана сыйлуу кожойуну. Кыргыз элинде соз барго, "Уй булоо, бул эн кичине мамлекет" деген. * Ошондой эле, эл арасында айтылып жургондордон, Карасуу районунун онугуусуно чон салым кошкон инсан экени жана карасуу шаарына, анын коптогон айылдарына таза суу камсыздыгына жардамы, жаратылыш газыны эгле жеткирилиши, жаштар учун спорт залдарды курулушуну, жолдорду жасалып ондолушу, сарай а/а боюнча чон мектептерди куруп "элдин баатыры" деген атка конушуну менимче баарына белгилуу.
Мирлан
Аким Баатыр кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири мекенибизге кошкон салымдары аябай кооп ушул инсанга окшогондор кобоеберсин
Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 19:07
ВИДЕО - Жаңы министр түз эфирде тилинен чалынып, боорду эзди
Видео // 20:07
ВИДЕО - Темир Сариев кризистен экономиканы сактап калуунун жолун айтты
Видео // 09:37
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаев: Саясий көк бөрү жарыялоо-коркунучтуу!
Видео // 09:32
Түзүлгөн кырдаал боюнча Адахан Мадумаровдун билдирүүсү
Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"