Маалым болгондой быйыл Бишкек мэриясы 8-апрелде “Электронное билетирование” деп аталган тендердин экинчи этабын өткөргөн. Бул деген, эл бара-бара шаардагы коомдук транспорттордон баштап, кичи автобустарга чейин электрондук билет-карточка сатып алып, ошол боюнча жол кире төлөп калышат дегенди түшүндүрөт. Мына ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге (экинчи этапта) үч компания катышып, бардык талаптар боюнча кытайлык “Шанхай Шенту” компаниясы башка компаниялардан төмөн бааны, тактап айтканда бир билет-карточка үчүн 0,52 цент сунуштаган. Ошондой эле кепилдик катары 150миң долларды мэриянын Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын эсебине алдын-ала которуп берген экен. Бирок мэрия болбогон шылтоолор менен аталган компанияны четке сүрүп, 0,70 цент сунуштаган Щвецариялык ВРС Ваnking Тесһnologies деп аталган компанияны жеңүүчү кылып койгон эле.
Анын үстүнө швейцариялык компания мэрияга кепилдик катары алдын – ала акча которгон эмес. Тендерге катышкан үчүнчү компания орусиялык “Золотой Корона”. Ал бир билет-карточка үчүн 0,88 сом сунуштаган. Мэрия кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетте, өздөрүнүн сайтындагы 0,70 сом деп көрсөтүлгөн бааны оңдоп-түзөшүп, -0,49 цент деп оңдоп жазып коюшкан. Бирок тендерде өткөрүлгөн убакыттагы биринчи протоколдо 0,70 болуп жазылып калганын кайда катышат?
Бул чуулгандуу тендерди мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков шефи Суракматовдун көрсөтмөсү менен өткөрүп, болушунча чалмакейди чалгандыгы ачыкка чыгып калды.
Тектеш кабарлар
Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: “Эми Бишкек шаарынын тургундары коомдук транспортто электрондук картанын жардамы менен жүрө башташат” Маек // 11-10-2019, 12:11 |
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
Нурлан Койчубаков, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт» муниципалдык ишканасынын жетекчиси: Маек // 3-05-2019, 12:15 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |