Түрмөдө отурган Гүлнара Каримова 7-июлдан 10-июлга чейин кызы Иман Каримова менен узак убакытка жолугушуу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы билдирди.
Иман Каримова апасы менен жолуккандан кийин Инстаграм аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылды.
Имандын билдиришинче, гипертониялык кризден кийин апасынын жүрөк оорусу күн сайын кармап жатат. Ал Гүлнаранын пролактини кескин көтөрүлүп кеткенин, бул мээде шишиктин пайда болушуна алып келерин айтууда.
Иман Каримова апасынын оорусун түшүндүрүп жатып, Мирзиёевден аны бошотууну суранды.
Мындан тышкары ал апасынын тагдырына кайдыгер эмес өзбекстандыктарды Гүлнара Каримованы бошотуу демилгесине кошулууга үндөдү.
Тектеш кабарлар
Иман Каримова апасынын жаза мөөнөтү бешинчи жолу узартылганын билдирди Аалам // 5-12-2019, 17:48 |
Өзбекстанда өнөр адамдары Гүлнара Каримованы бошотууну суранышууда Аалам // 26-06-2019, 13:55 |
Гүлнара Каримова Мирзиёевден жардам сурады жана $686 млн акчасынан баш тартарын билдирди Аалам // 24-06-2019, 11:27 |
Феликс Кулов,экс-премьер-министр: “Батукаевдин иши боюнча Атамбаев сөзсүз суракка чакырылат, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча кол тийбестиги алынып салынды” Маек // 24-05-2019, 10:31 |
Адвокат Гүлнара Каримова Ташкенттин четиндеги абакта кармалып турганын билдирди Аалам // 3-04-2019, 15:22 |