Бардык жаңылыктар

Азия чемпионаты: Нураида финалга чыкты

Кыргызстандык күрөшчү кыз Нураида Анаркулова күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Нураида Анаркулова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Анаркулова мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач индиялык Бхарти Багелди 7:5 эсебинде, жарым финалдык беттеште вьетнамдык балбан кызМай Транг Ингуенди 3:2 эсеби менен утуп, алтын байге үчүн күрөшүүгө укук алды.

Финалдык беттеште Анаркулова жапониялык балбан кыз Андорианако Сава менен күч сынашат. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.

Дагы бир кыргыз балбаны Айбике Артыкалы кызы 62 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт.

Кечээ, 11-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп, Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону атыкса, Назира Марсбек кызы күмүш медалдын ээси болду.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлда жыйынтыкталат. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!