Бардык жаңылыктар

Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Ашырбек Темирбаев өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту, билимин жана топтогон тажрыйбасын республиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө арнаган мамлекеттик кызматкер болгон.

«Ашырбек Мойдунович чынчылдыгы, эмгекчилдиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Ооруканада дарыланып жатса дагы ал иш-кагаздарын карап, бардыгын ак ниеттүүлүк менен өз убагында аткарып келди. Ал өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданган чыныгы патриот. Мамлекетти өнүктүрүүгө зор салымын кошту. Ашырбек Мойдунович өзүнүн жооптуу кызматында туруп аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын ортосунда көпүрө болчу, анын иши аркылуу парламент менен узак мөөнөттүү мамилелер курулган. Ашырбек Мойдунович мамлекеттик кызматтын үлгүсү болуп калды. Бул биз үчүн жана өлкөбүз үчүн оор жоготуу», – деди Өкмөт башчы.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров сөз сүйлөштү.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...