Бардык жаңылыктар

Кой-эчки кырылган жердин топурагы, суусу кайра текшерилет

Кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак кайра текшерилет. Бул тууралуу Экотехинспекциянын Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, тийиштүү мекемелердин адистери Нарынга барып келди. Текшерүүнүн жыйынтыгы болжол менен бир аптадан кийин белгилүү болот.

Нурмамбетовдун белгилешинче, 19-июнда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак текшерилгенде таза чыккан.

Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирген. Өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бары аныкталган. Мунун негизинде мал ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган.

15-июлда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулуп, компания агын сууну булгап, мал жапырт өлүп жатканын айтып чыгышкан. Алар “Jhong ji Mining” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жатышат. Тургундардын жүздөй кой-козу кырылганын, Экотехинспекция 30га жакын мал өлгөнүн айтып жатат.

Экотехинспекция аталган компанияны толугу менен текшерип чыгууга уруксат сурап, Экономика министрлигине кат жөнөткөнү белгилүү болду. Уруксат берилсе, лицензия берүүдөн баштап анын ишмердүүлүгү, Эмгек кодексинин сакталышына чейин текшерилет.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бары айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...