Кыргызстан жана Түштүк Корея кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатат.
Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тар чөйрөдө жолуккан учурда белгилешти.
Абылгазиев Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигинде өзүнүн жакын өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын, премьер-министрдин сапары кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүп жатканын айтты.
“Түштүк Корея Кыргызстанга алдыңкы технологияларды киргизүү жана пайдаланууга колдоо көрсөтүү менен президенттик жана парламенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштыкта өттү. Бул өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдүн жогорку денгээлин көрсөттү”, - деди Абылгазиев.
Мындан сырткары ал Түштүк Корея Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө үлгү болуп жатканын кошумчалады.
Корей премьер-министри 1992-жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын, бул эки тараптуу кызматашууну өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Кыргызстандын ШКУ жана ЕАЭСтин алкагында аймактык байланышты жакшыртууга кошкон салымын жогору баалады.
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён үч күндүк расмий сапар менен 17-июлда Кыргызстанга келген. Сапардын алгачкы күнү эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтүп, өз ара кызматташуу боюнча эки документке кол коюлган.
Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет Куш кабар // 12-03-2019, 14:53 |
Маанилүү МАЕК - Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды” Маек // 22-03-2019, 15:27 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат Куш кабар // 12-11-2019, 12:17 |
Сооронбай Жээнбеков Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту Куш кабар // 18-07-2019, 16:16 |