Бардык жаңылыктар

Фото – Кыргызстандын БУУнун Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасындагы дүйнөлүк шахмат чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын жалгыз өкүлү менен жолугушту

АКШнын Черри-Хилл шаарында 2019-жылдын 9-июлунан 14-июлуна чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасындагы III Бүткүл дүйнөлүк шахмат чемпионаты өттү.
12 жаштагы спортчу кыз Кудайназарова Дария Кыргызстан шахматынын тарыхында мындай чоң мелдешке биринчи жолу катышты. Чемпионатка сегиз өлкөдөн 16 спортчу келген.
Кудайназарова Дария бир нече атаандаштарын утуп, жогорку деңгээлди көрсөттү.
Мелдеш учурунда, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кудайназарова Дариянын катышуусу менен болгон оюнга катышышып, жаш спортчуга жана Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын өкүлдөрүнө мындан аркы да ийгиликтерди каалап кетишишти.
 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...